Санариптештирүү: ИИМде иш ийгиликтүү жүрүүдө

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков жакында Ош шаарында болуп өткөн «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө «…Укук коргоо органдарынын жана сот бийлигинин ишине санариптик инструменттерди кеңири киргизүү милдети кынтыксыз аткарылышы керек. Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бул тапшырмага өтө олуттуу мамиле жасагыла. Санариптештирүү аркылуу силер өз ишиңердин ачыктыгын күчөтүп, адам укугун коргоо багытындагы ишиңерди дагы бекемдейсиңер» деген болчу. ИИМ системасында бул багытта эмне иштер аткарылып жаткандыгына кызыгып көргөнүбүздө, Басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов төмөндөгүдөй маалымат берди.

Адегенде оптимизация жасадык

Кыргыз  Республикасынын Президентинин  “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо” тууралуу жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын аймактарында  коомдук  тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө, эл менен милициянын биримдигин арттыруу жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө,

ички иштер органдарынын позициясын коомчулуктун талаптарына ылайык чыңдоо максатында ички иштер министрлиги  ИИМдин  бүтүндөй штаттык түзүмүнө оптимизациялоо жүргүзүлүп, борбордук аппараттардын 625 штаттык бирдиги райондук-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн жана айылдык милициянын бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилди.

Анын ичинен 34 жетектөөчүлүк кызматтык орундар, тактап айтканда ИИМдин аппаратынан – 20, ИИББИИБден 14 кызмат орундары кыскартылды. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргызстандын бардык райондоруна барып аймактын милиция бөлүмдөрүнүн акыбалы менен жеринен таанышып, көйгөйлөрүн билип ошонун негизинде ушундай чечимдерди кабыл алган.

Кошумчалай кетсек туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында 62 кызматкерден турган “Туристтик милиция” түзүлдү. Кызматкерлерге жана элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн төрт аймактык бөлүмчө жана эки  участкалык  пункттар  курулуп, ишке  киргизилди.  Талас  жана  Нарын облустарында төрт “Милициянын көчмө пункттары” төрт автоунаа менен ишке киргизилди. Кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жатат (Бишкек ш. – 216 батир, Ош ш. – 240 батир, Нарын ш. – 60 батир). Андан сырткары Кадамжай, Кочкор жана Жети Өгүз райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары салынууда. Бүгүнкү күндө, Бишкек шаары боюнча милициянын жаңы Кайгуул күзөт кызматын түзүүнү пландап жатабыз.

Санариптештирүүнү баштадык

Ал эми ИИМ системасын санариптештирүү багытында бүгүнкү күндө бир катар кадамдар жасалды. Алардын айрым негиздүүлөрүн айтсак Чүй облусунун ички  иштер  башкы  башкармалыгында “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылган. 2019-жылдын 20-мартында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ачтык, ал эми калган облустарда ушул жылы ачууну пландап жатабыз. Борбордун негизги милдети – элге ыңгайлуу шарт түзүү, кызматкерлер арасында коррупция га жол бербөө

болуп эсептелет. Бардык ички иштер органдарында издөөгө алынган жарандарды аныктоо, өлкөнүн аймагына кирүү-чыгуу укуктары чектелгендер боюнча “Издөө”, “Багыттама”,  “Маалым  кат”  аталыштагы бирдиктүү электрондук каттоо ишке киргизилди.

“Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулуп, чукул убакыт алкагында так маалымат алууга жана берүүгө мүмкүндүк түзүлдү. Мисалы: транспорт каражаттары, соттуулук, издөөдө жүргөн жарандар тууралуу жана бузуулар жөнүндө.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жарандардан сурак алуу үчүн эл аралык талапка жооп берген “Венециялык айнек” орнотулду.