Кумтөрсүз экономиканын эртеңи

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча парламентте берген отчетунда, өлкө экономикасын Кумтөрдөн көз карандысыз өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ачыгын айтканда буга чейин Кумтөргө тете өндүрүш тармактарын түзүү, бул багытта мамлекеттин башка мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү тууралуу айтылчу эмес. “Өкмөттүн милдети Кумтөрдөн көз карандысыз экономиканы түзүү болуп саналат. Биринчиден, Кумтөр кенине абдан эле көз каранды болуп калганбыз. Биз, муну өткөн жылдардын өтө чоң катасы деп эсептейбиз, анткени көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелери Кумтөргө барып такалат. Бүгүнкү күндө бул алтын кенине ар кандай баа берсе болот. Бирок 20 жылдын аралыгында ал ата-мекендик экономикада тарыхый ролду ойноду. Ошол эле учурда экономиканы өнүктүрүүнүн альтернативдүү булактарына жетиштүү көңүл бурулган эмес”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Энергетика, өнөр жай, тоо кен тармагы

Түшүнүктүү болгондой Кыргызстандын шартында энергетика, өнөр-жай жана тоо кен тармактары Кыргызстандын экономикасынын кыр аркасы болушу керек эле. Тилекке каршы өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналган бул тармактардагы, өзгөчө энергетика жана тоо кен тармактарындагы коррупциялык схемалар, тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу, алынган каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышы Өкмөт башчы белгилегендей артка тартууда.

“Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын карызы 102 млрд. сомго жетти же республикалык бюджеттин жарымын түзөт. Быйылкы жылы 4,6 млрд.сом төлөшүбүз керек. 2025-жылы төлөөлөр чегине жетине жетип, 10,3 млрд. сомду түзөт. Бул бюджетке жана экономикага оорчулук келтирет”, – деди ал. Демек, Кумтөрдөн ашпаса кем калбаган энергетика тармагын, тоо кен өндүрүшүн, ошондой эле жалпы эле өнөр жай тармактарын жолго койбосок, арылап бара албайбыз. Бул тармактар Кумтөргө салыштырмалуу экономикада өнүгүүнүн альтернативдүү багыты катары өзгөчө ролду ойной тургандыгына баарыбыздын көзүбүз жетип турат.

Айыл чарба тармагы

Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын 23 пайызы эмгектенген же элибиздин 65-70 пайызы жашап, иштеп, оокат кылып  жаткан  айыл  чарбасы  өнүкмөйүн өлкөбүз өнүкпөйт. Тегин жеринен Президент Сооронбай Жээнбеков “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” маселесин коюп жаткан жери жок. Бирок, Өкмөт башчы белгилегендей бул тармактагы майда товардуулук, инновациялык агромаркетингдик инструменттердин жоктугу өксүтүүдө.

“Айыл чарбасын өнүктүрүү –Өкмөттүн башкы багыты, ал аймактардын социалдык өнүгүүсүнүн, калктын жумуш орундары менен камсыз кылуунун жана жарандардын азык-түлүк коопсуздугунун негизи. Аймактардагы социалдык-экономикалык инфраструктуранын начар абалына, толук мүмкүнчүлүктөрдүн жана туристтик потенциалдын пайдаланылбай жатканына көңүл буруу керек. Бул фак-торлор ата-мекендик экономиканын динами-калуу өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда”, – деди Премьер-министр.

Ошол эле учурда башка тармактарга салыштырмалуу дал ушул айыл-чарба тармагында көзгө көрүнөрлүк жылыштар бар экендиги байкалат. Алып айтсак, кайра иштетүү ишканалары жанданып, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү наркы 1,4 млрд. сомдук 408 долбоор ишке ашкан. Республика боюнча 634 га. жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн.

«1900 га. сугат жердин суу менен камсыздоосу  жогорулады.  Айдоо  аянттары  –  1 млн. 214 миң гектарды түзүп, 7 миң гектарга кеңейди. Айыл чарбасындагы потенциалыбыз абдан зор, бирок учурдагы натыйжалар жетишсиз. Бүгүн республика боюнча 350 миңден ашык дыйкан чарбалары бар, ал болгону ИДПнын 12%ын гана камсыз кылат», – деди Өкмөт башчы. Ошентип, айыл чарбасында түрдүү багыттагы ири кооперативдерди түзүү гана абалдан чыгарчудай болуп турат. Же болбосо дагы бир Кумтөр дал ушул айыл чарба тармагында катылып жаткандай.

Көмүскө экономиканын көлөкөсү

Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстандын дагы бир  көйгөйү бул көмүскө экономика. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында көмүскө экономика – бүгүнкү күндө экономиканын 24 пайызын түзөт. Анын айынан өлкө казынасына жыл сайын 40 млрд. сом түшпөй калууда. Мунун кур дегенде 20 млрд. сомун жарыкка чыгарсак, үч жылдын ичинде жетишпеген мектептерди, бала бакчаларды курганга, жол курулуштарын бүткөргөнгө толук жетет экен. Эске сала кетсек, 2017-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 125,6 млрд. сомду же ИДПнын 23,6 пайызын түзгөн.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы: “Санариптештирүүгө өткөндө көмүскө экономиканын көпчүлүк бөлүгү көлөкөдөн чыгат. Бул багытта Кытайдын, Россиянын, Казакстандын тажрыйбасын эске алып, иш-чараларды иштеп чыгып, концепциясын даярдадык”,-деди. Көрүнүп тургандай көмүскө экономиканы көлөкөдөн чыгаруу эң кеминде эки Кумтөрдүн каражатын берчүдөй болуп турат. Ошондуктан Кумтөрдүн эле көзүн карабай экономикабыздын башка тармактарын өнүктүрүүгө да мезгил жеткендей.