Жаштарга туура багыт берген – «Жашстан»

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


14 жаштан 28 жашка чейинки жаштарды камтыган “Жашстан” долбоору акыркы үч жылдан бери иш алып барууда. Долбоордун жетекчиси Аида Шамбетова жана координатору Нурия Каракулова менен долбоор, жаштар жана негизи эле “Жашстан” долбоору аркылуу жетишилген натыйжалар тууралуу маек курдук.

– “Жашстан” долбоору тууралуу айтып берсеңиздер?

Нурия Каракулова

Н.К.: – Аталган долбоор 2017-жылдан бери БУУнун «Тынчтык куру» фондунун каржылоосу менен «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» бей өкмөт уюму (мындан ары ЖКИ) аркылуу иштеп келе жатат. Негизинен долбоордун алкагында республиканын алты облусунда 27 жерде), 162 жаш тынчтык куруучулардын катышуусунда иш алып барылды.

Учурда, жаштар радикалдык же криминалдык топтордун потенциалдуу толуктоочусу катары каралып калды. Ушундай ойлорду же мүмкүнчүлүктөрдү жокко чыгаруу негизинде “Жашстан: Кыргызстандын жаштары тынчтык жана туруктуулуктун элчилери” долбоору аркылуу, жаштардын тынчтык орнотууда, коомчулукту өнүктүрүүдө орду жана салымы бар экендигин көрсөтөбүз.

Алгач жер-жерлерде жаштарды топтоп, аларга коомго таанымал адамдардын таалим-тарбиясын бердик. Ал адамдардын катарына Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Бахадыр Кочкаров, ж.б. болуп, региондорго чыгып, алар жаштарга өз насааттарын беришти.

Долбоордун экинчи баскычы жергиликтүү өкмөт, уюмдардын жаштар менен болгон байланышын бекемдөөгө багытталган. Ага ылайык, атайын пландалган иш-чаралар каралган: көйгөйлөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар менен талкуулоо жана талкууланган маселелерди чечүү жолдору сунушталып, айрымдары ишке ашырылды.

Ошондой эле, КТРК жана «Ынтымак» ТВ аркылуу жаштардын катышуусунда реалити-шоу уюштурулду. Анын алкагында жаштар өзүнүн аймагындагы көйгөйлөрдү кандай чечип жатканы көрсөтүлгөн.

– Ишиңиздердин ийгиликтүү болгонун айтып жатасыздар, кандайдыр бир мисалдар барбы?

Н.К.: – Албетте. Мисалы Миң-Куш айылында жашаган Райым аттуу жигит долбоордун алкагында ишкерлик менен алектене турганын айтып, эмерек жасаган ишкана ачууну каалай турганын билдирген. Ошондой эле жергиликтүү жаштарды, окуучуларды эмерек жасаганга үйрөтөм деп пландады. Ал теориялык алган билимин практика түрүндө ишке ашырып, учурда ал ошол ишкананы иштетип жатат. Болгондо да абдан ийгиликтүү. Анткени, алардын айылында башка эмерек жасагандар жок экен. Атаандаштык тоскоолдук жаратпаган соң, анын кылган иши ийгиликтүү болду. Муну менен бирге эле Миң-Куштагы сейил бакка отургучтарды орнотту.

Дагы бир мисал. Манас районунун Покровка айылынан Жолдошбек деген катышуучубуз жаштар борборун түзүүнү сунуштаган. Ал жигит жаштар борборун түзүп жаштарды активдүү болууга үндөп, мамлекеттик жана жергиликтүү органдар менен иш алып арууда. Мындан тышкары ал борбордо дем алыш күндөрү айылдагыларга мотивациялык тасмаларды көрсөтүп жатат.

Булар мини-гранттар аттуу долбоорубуздун алкагында аткарылган иштер. Мындай иш-аракеттин алкагында 56 долбоорду ишке ашырдык, көпчүлүгү жакшы натыйжаларга жеткирди.

Долбоордун алкагында 162 балага багыт берип, аларга керектүү нерселерди үйрөтүп койгонбуз, алар жок дегенде үчтөн адамга аны үйрөтүп, баягы бир үйдүн жарыгы бир көчөгө жарык чачкандай болуп жатат. Мындай мисалдарды келтире берсем, көп.

Аида Шамбетова

А. Ш.: – Учурда үй-бүлө институту, тилекке каршы, өзүнүн күчүн жоготуп жатат. Буга себептер көп – эмгек миграциясы, жакырчылык, жумушсуздук ж.б. Натыйжада үйдө бала менен ата-эненин, мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, мектептин администрациясы, мугалимдер менен жаштардын ортосундагы баарлашуу өтө эле аз болуп калууда. Мисалы, көп үй-бүлөлөрдө ата-эне жумуш, күнүмдүк турмуш менен алек болуп, балага тарбия берүүгө аз убакыт калтырат. Натыйжада ата-эне менен баланын ортосундагы коммуникативдик мамиленин, диалогдун жоктугунан, балдарга көңүл бурулбай калгандыктан, балдар туура эмес чөйрөгө туш болуп, келечегине кандай таасир берээрине эч ким кепилдик бере албайт.

Ошондуктан, жаштардын кандайдыр бир туура эмес иштерге же топторго аралашууга кызыгуусун алдын алуу максатында долбоор аркылуу ишкерликти өздөштүрүүнү, социалдык багытта долбоорлорду ишке ашырууну окутуп, заманбап, талапка ылайык иштелип чыккан окутуу куралдарын үйрөтүүгө аракет кылабыз. Мындай багыт жаштардын жеке өнүгүүсүнө көңүл бөлүү менен алардын коомдогу өзүнүн татыктуу ордун ээлеп калууга чоң өбөлгө болот.

– Буга ата­энелер дагы катышпаса, натыйжа болбой калат го…

А. Ш.: – Негизинен ата-энелер компоненти абдан маанилүү ролду ээлейт. Учурда эмгек миграциясына кетип жаткандар абдан көп болуп жатпайбы. Анын натыйжасында бир муун атасынын же энесинин, айрым учурларда экөөнүн тең тарбиясын көрбөй өсүп калууда. Бул дагы абдан чоң көйгөй. Ошондуктан бул багыттагы иштерди мамлекеттик деңгээлде алынып барылса жакшы болот эле.

Алдыда мерчемделип жаткан долбоордун алкагында дагы 90 баланы окутууга даярданып жатабыз. Бул жолу медиа-агартуу боюнча да үйрөтөбүз. Азыркы жаштар, окуучулар, деги эле көпчүлүк, маалыматты интернет аркылуу алат эмеспи. А бирок туура маалыматты кандай алууну биле беришпейт көпчүлүгү. Ошондуктан бул багытта маалыматты кайдан алуу кажет, окуу, билим алууга байланыштуу кайсы маалымат булактарына баш багыш керек ж.б. ушул сыяктуу нерселерди үйрөтүү пландалууда.