Нуркан КОЙЧУМАНОВА, тамада: «Элимдин жакшылыгында эрке кыз болуп кызмат өтөөдөн каниет алам»

Маектешкен Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Нуркан, кесибиңиз дарыгер экен, чыгармачыл чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз?

– Ооба, акушер- гинекологмун. 1991-жылы окуумду бүтүп келип, Жалал-Абад облустук  төрөт  үйүндө  акушер-гинеколог болуп, аны менен катар Жалал-Абад шаардык медициналык окуу жайында мугалим болуп иштеп жүрдүм. Окуу жайда уюштурулган «Күлгүн жаш» тобуна кошулуп чыгармачылык чөйрөгө аралаштым. Артисттер А.Бедияров, Ш.Талипова, Ж.Алыбаев, Р.Козукеев, акын Азада Бегимкулова баштаган чыгармачыл инсандардын жоон тобуна аралашып, алардын батасын алып, телчиктим. Мени көпчүлүгү ырчы катары таанычу.

1994- жылы КТР уюштурган КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Ыр кесе» берүүсүндө А.Бегимкулованын сөзүнө жазылган А.Бедияровдун «Аядым» деген ырын аткардым жана анда биринчи жолу алып баруучу болдум. «Мырзайым – 96» телесынагы талант- дараметимдин капкагын ачып, мени жамакчы, акын, деги эле чыгармачыл адам катары таанытты.

– Жазуучулар союзуна акын катары мүчө турбайсызбы?

– Акын, котормочу Түгөл Акматалиевдин 50 жылдык мааракесин алып барганмын. Поэзиянын дөө-шаалары, улуу акын, жазуучулар, чыгармачылык чөйрөдөгү инсандар отурганда ушунчалык эргүү келип, тим эле ээлигип асманга учкандай болуп, алып барып жүрөм. Антракт учурунда Гүлсара эже (Момунова) келип: «Сени Сүйүнбай аке чакырып жатат», — деп калды. Барсам бүт акын, жазуучулардын ортосунда ырдын алпы Сүйүнбай Эралиев атам отуруптур. Анан айтып калды: «Эмне үчүн бул кыз Жазуучулар союзунда жок, карагылачы, турган турпаты ыр, турган турпаты сүйүү, мындай кыздарды өстүрбөсөңөр, катарыңарга кошпосоңор, чыныгы таланттарды кайдан издейсиңер?” – деп. Ошондо Кален эже (Сыдыкова) менен Гүлсара (Момунова) эже экөө: «Ырларыңды топтоп, кичинекей болсо да китеп чыгарып, биздин катарыбызда жүр», – дешкен.

Мына ошондой агаларымдын баталары, алардын деми менен унутулуп, саргарып жаткан дептерлеримдеги ырларды кайрадан алып чыгып, аларга жаңыдан көйнөк кийгизип, иштеп, 2009-жылы «Сага деген махабат» аттуу ыр жыйнагымды чыгардым. Бул китебим 2009-жылы чыкты. 2010-жылы Жазуучулар союзуна кабыл алышты.

Азада Бегимкулова эже менен 1995-жылы таанышкан элем. Азада эженин акыркы жазган ырларын, кандай учурда жазылган, жүрөгүнөн кандайча өткөн, мына ошолордун баарын жон терим менен сезип, тагдырлаш ырларына күбө болдум. Чыгармачылык чөйрөдө эжени устат катары кабыл алдым. Устат деген бир нерсени үйрөтүп коюу эмес экен, ошол адамдын баскан жолунан тарбия алуу, ал адамдын жаңылган изинен өзүңдү сактоо, анын жетишип жаткан ийгилигине умтулуу, ошолордун баарынан өзүңө үлгү катары кароо. Мен эженин тагдырынан, баскан жолунан өзүмө эч ким үйрөтө албай турган чоң сабак алдым. Ошол алган сабагым мени чыгармачылык чөйрөгө ак жарык из салуума өбөлгө болду, таасирлентти.

– Эми өзүң да устат болуп жүрсөң керек?

– Биз 2012-жылы «Бактынур» продюсердик борборун ачканбыз. 9 жаштан баштап 60 жашка чейинки манасчылардан, комузчулардан, алып баруучулардан, фольклордук хор боюнча вокалдык топтор жана журналисттер тобунан түзүлгөн. Андан тышкары жаш калемгерлердин уюму, «Азем» бийчилер тобу, «Жетиген» тамаша-шоу группасы, 60 жаштан ашкан энелердин «Жибек чач» фольклордук тобунан куралган чоң продюсердик борбор иштейт. Долбоордун негизги максаты — улуу муундагы өнөр адамдары менен жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундардын ортосунда байланыш түзүү. Маданияттын өнүгүшүнө салым кошуу менен бирге жаш таланттардын чыгармаларын элге жайылтууга жардам көрсөтүү.

Менин ар бир жетишкен ийгилигиме, кубанычыма көз кырын салып, баалап турган элиме рахмат. Жыйырмага жакын ырыма обон жаралды. Учурда А.Кабылова «Бир өзүң бол», «Турмуш сабагы», А.Иманалиева «Бейиштин төрү беле?» Т.Турдубаев ырдаган «Энекем», «Сүйүү», Г.Калдарова «Бак тиледим кызыма», А.Мусабеков «Мага жагат», К.Дүйшеева – «Аллага кат», Э.Бектемирова «Апаке» деген ырларымды ырдап жүрүшөт.

Үй-бүлө  очогун  да  улап,  үч  бала төрөп  өстүрүп,  эки  чылбырды  бирдей алып кеткендигим жеңишим деп айта алам.

– Тамада деген ким жана ал кандай сапаттарга, өзгөчөлүктөргө ээ болуш керек?

– Тамада – бул маданияттын ордосу, салт-санааны жайылтуучусу, тарбиянын башаты десем жаңылбайм. Анткени, жакшылык күндөрдө салтты жакшы билген тамада жакшы кеңешчи боло алат. Азыркы учурда кыз узатуу, үйлөнүү, сүннөт той, бешик той, тушоо кесүү ж.б. тойлордо салт-санааны бузуп жаткан жарчылар, тамадалар абдан көп. Мисалы, аттуу-баштуу эле бир ырчыбыз кыз узатуу тойдо алас айтып, кыздын оозуна май салып, чачыла чачып алып кирип жатат… Бул туура эмес, булар келин босогону аттап киргенде кайын эне жасайт турган кыргыздын ырым-жырымдары.

– Бул өнөрдү аркалаганыңызга канча болду?

–  1991-2000-жылдары  тамада  деген түшүнүк жок эле, эрке бала, эрке кыз деп айтышчу.  Жаныбек  Алыкулов,  Темирлан Стамбеков, Дүйшөн Байдөбөтов, Асылбек Өзүбеков, Эшенкул Барпиев, Рахматулла Козукеев агаларым менен канча жолу жакшылыктарды бирге алып бардым. Казакстан, Астана, Россиянын  бир  катар  шаарларына  Красноярский, Москва, Петропавловск-Камчатка, Иркутск шаарларында, Өзбекстандын Хана-бад, Анжыян шаарындагы мекендештердин чакыруусу менен байма-бай барып турам. Кудайга шүгүр. Ал өнөрдү эл баалайт, баа-сын да эл коёт.

– Азыр “таш ыргытсаң тамаданын башына тиет” дешет го? Кимисинин деңгээли кандай?

– Эми, бир-эки сөздү курап алып эле “тамадамын” дегендер көп кездешет. Бул кемчиликти оңдосо болот. Ал эми тамаданы той ээси табитине жараша өзү тандайт жана талап кыла алат. Өкүнүчтүүсү, сөздүн кадыры кетип турган кез. Батыш элин туурап, кайдагы салтыбызга туура келбеген, жаштардын таби-тин бузган оюн-зооктор көбөйдү. Бул да болсо тамаданын деңгээли деп санайм.