КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)

Жыпар ИСАБАЕВА


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Кумайык наабайчыга жетпей, эски журтуна карай бурулду.

Анын алгачкы өмүрү ушул  кош кабат, заңгыраган үйдө өткөн.  Бирок, азыр анын короосундагы арсылдаган иттен айырмасы, Кумайык мойнуна чынжыр салынып, итканада жатчу эмес. Анын тирилиги үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу-чаран, үйдүн ичинде болор эле.

Кожоюну да отуз беш-кырктын ортосундагы, балпалактаган ак көңүл, жакшы жигит болчу. Кожойкеси андан да өткөн мээримдүү, жароокер аял. Аруузат болсо, Кумайык алардын үйүнө жаңы келген кезде, азыркы баладан да кичирээк кыз болчу. Уйкудан тура калган кезинде кудум мунун баласына окшоп, көздөрүн алакандары менен быйтыңдата ушалап, борсулдак күчүктү издечү. Кумайык көзүнө чалдыга калган кезде кымындай манжаларын ачып-жумуп, кош канатын каккылап, кубангандан көздөрүн төп-төгөрөк кылып кыйкырып жиберчү. Кумайык тарапка талпынып, аны кармагысы, кучактагысы келе берет эле.

Кумайык да Аруузатты жанындай көрчү. Анын үнү, дабышы угула калганда ордунан ыргып-секирип туруп, борсулдап үрүп, кээде ага жетпей калчудай жаны-алы калбай чуркап баратып өз буттарына өзү чалынып, томолонуп-тумаланып кетчү. Аны көргөндөр тим эле жыргап күлүп, ого бетер күчүккө ичтери ысып, эркелетип калышчу.

Кудум оюнчуктай болуп борсойгон, жуп-жумшак немени кыз  жеткен жеринен мыжыга кармачу. Кумайык да айбан экенине карабай, этинин ооруганына чыдап, кээде гана “кыңк!” эте акырын үн чыгарып коюп, анын бардык кылык-жоругуна макул болчу. Аруузат аны бирөө-жарым талашып алчудан бетер, жатканда да бооруна бекем кысып, кучактап уктачу.  Ата-энесинин “кой-айын” түшүнбөгөн бала күчүктүн капкара, жылтылдак көздөрүнөн, бетинен өпкүлөчү… Көтөрүп баратып баса жыгылып, бойтоңдоп качкан күчүктү артынан кубалап, кээде өзү качып… Айтор, экөө тең бир убакта оюндан чарчап, суй жыгылышчу.  Кандай гана керемет кездер эле?!.

Эми андагыдай болбой, өзгөрдү баары. Антсе да, наристесин так ошондогудай ойноткусу, аны эркелеткиси, жарышып чуркаткысы келет. Ит да болсо баласын Аруузатка, башка балдарга окшосо деп  убайымдана берет. Бирок кантип? Эмнегедир эле бир нерсе жетишпей жаткансый берет. Дырдай жылаңач, жылаңайлак, бети-башын чач басып жүдөгөн, ботала болуп кирдеген баласын карап зээни кейийт. А бирок баласы энесинин эмнеге анткенин сезбейт. Анткени ал жашоону азыр кандай көрүп, кандай таанып турса, так ошондогудай гана түшүнөт. Ал бул жашоодо ит-энеси экөө гана жашап жаткандай, бул жаман кепеден, бул айлана-тегеректен башка жашоо, эч ким, эч нерсе жоктой сезет.

Адам баласына гана таандык таптакыр башка дүйнө, башка жашоо бар экенин азырынча биле элек. Курсагы ток болсо, анан да ит-энеси жанында болсо болду. Башка эч нерсе менен иши жок, бойтоңдоп ойной берет, борсулдап үрө берет. Колуна эмне тийсе, ошонун баарын сонуркап карайт, тиштеп да көрөт…

Болгондо да адам баласын багыш оңой бекен?! Аз эле жылдар ичинде кадимкидей жүдөп, чарчап, шылына түштү Кумайык. Жок эле дегенде тили болгондо эмне?! Анда баланын эне-атасын эчак эле сураштырып тапмак! “Эмнеге мынча таш боорсуңар, адамдар?!” – деп көкүрөгүндө жүк болуп жүргөн суроосун таштап, кыйкырмак! Наабайчыга окшогон боорукер адамдардан акыл, кеңеш, жок эле дегенде суу сурамак! Эмнеси болсо да, баланын эптеп эле киши болуп, эки аягына туруп, өзү менен өзү болуп кетишин каалачу болду эми. Баланы өз тукумуна кошуп ийип, ошондо гана бар түйшүктөн арылып, кадимки туугандарындай ит жашоосун улантып, ээн-эркин желип-жортуп кетүүнү каалачу болду анын ит дүйнөсү.

Айтмакчы, бир жолу бир шумдуктуу окуя болгон. Ошондо мунун ордунда  башка ит болсо, баланы үзүп-жулкуп жеп да коёт беле?..

Ошону ойлогондо көк желкеси түктүйүп, тулку бою титиреп кетет иттин… Эми да ошентип, дене бою дүркүрөй түшкөн ит  жаман дубалдан ашып түшүп, абалкысындай оюнчуктардын ортосунда ойноп отурган баласын көрүп, эс ала түшкөндөй болду.

Эки күнгө чукул ооруп, оозуна наар албаган баланын карды ачып, кайсалап араң турган. Канча ирет энеси секирип чыгып кетип, кайра секирип кирчү дубалдын түбүнө чейин келип, өзү кошо ары кирип кетчүдөй тамга сүйөнө эки аягына туруп алып, адам бою дубалдын үстүнө үмүттүү карап, энесин чакырып үрүп, кээде кыңшылап, кээде кандайдыр бир башкача үндөрдү чыгарып… Андан тажаганда  айлана-тегерегинде жаткан кызыл-тазыл оюнчуктарды кармалап, алаксып кетет.

***

Колундагы оюнчук машинени айлантып, анын эмне экенине такыр акылы жетпей, аңкайып карап отурган бала, энеси кирип келери менен анысын ары ыргытып жиберип, оозундагы токочко жүткүндү. Үзүп-жулкуп нан жеп аткан баласын карап жатып, баланын оңолуп, калыбына келе түшкөнүнө ичи жылып, айбан да болсо ошого каниет кылды ит.

Ырас, канча ирет ит-эне буга чейин айбандыгына салып да көрдү… Каалаган жагына желип-жортуп, бул түйшүккө кайра кайтып келбес үчүн ниеттенип, атүгүл эки-үч жолу кетип да баратып… а бирок анте албай койду! Жаман кепеси менен балага аны кандайдыр бир күч аркандап, байлап койгондой эле…

Өгүнү да өзүнө жаккан кара дөбөттүн үнүн эшите калып, ошону менен жер кезип кетчүдөй кепеден атырылып чыгаарын чыгып алып, анча узай элегинде асман-жери аңтарылып бараткандай башы айланып, айрыкча баланын талпынган боюнча калып калганы көз алдына элестеп… чыдабай койду го кургуруң! Кантип чыдайт?!.

Капырай десең, бир денеде эки жүрөк тең согуп, ичине батырып тапкан ушундай керемет баланы анда адам-энеси кантип гана таштады экен?! Ошого кантип чыдап, кантип гана жүрөгү даады?! А кокус, ошондо Кумайыктан мурун алиги жолбун иттер жолугуп калса эмне болот эле?! Аларың баланын – бала экенин билип коюптурбу, жаман курсакты тойгузуш үчүн үзүп-жулкуп жеп коймок..!

Ушуну ойлогондо, “чү” дегенде эле итке баласынын бажырайган бейкүнөө, жароокер көздөрү элестеп кетет… Андан ары анын тарбаңдаган колу-буттарынын, мойну-башынын бөлөк-салак болуп үзүлгөнү… Төрсөгөй курсагына иттер тумшугун малып, ичеги-карынын чубап чыгып жатканы..!

О, жок, жок! Андайды эстегиси да келбейт. Болбосо,  эми да жолбун иттер баланы көздөй чуркап баратышкандай сестене түшөт да, кайда жүрсө да чымын-куюн болуп артын көздөй жүгүрөт.

Кумайык буттарын сунуп, капталынан суналып жата кетти.

Бала ит-энесинин мойнуна мине, эки бутун эки жакка таштай отуруп, колундагы нанды тамшанып жеп жатты.

Ушу саам иттин да өзөгү карарып кетти.

Баланын колундагы май токочко кылыя карап, шилекейин “кылк” эттире жутуп койду…

 

***

Напси деген эменин өтө коркунучтуу экенин билет Кумайык… Ал качан араандай ачылганда, бала түгүл ай ааламдын өзүн кошо оп тартып алчу ажыдаарга айлана түшөт тирүү жан!

Айтмакчы, жанагы жүрөктүн үшүн алган окуя мындайча болгон…

Баласы экөөнүн тең багы бар экен! Болбосо, ошол ирмемде экөөнүн тең жашоосу астын-үстүн өзгөрүлүп, экөөнүн тең ай ааламына алаамат түшүп  кетмек! Кудайдын кудурети болбогондо, көзүң жамандыкты көрбөсүн, шайтан азгырып, ажыдаардай оп тарткан напсиси баарын күм-жам кылмак! Кепти кыскартып айтканда, туубаса да тутунуп, эмчек сүтүн эмизип баккан баласын анда ит-эне… жеп коймок!!!

А күнү да баласын уктатып коюп, адатынча желип-жортуп жүрүп, кепесине кайтып келатса, кандайдыр  башкача бир жыт каңылжаарын жарып жиберген!..

Баягы күчүктөрүн жоготкон азаптуу учуру мээсине “шак!” эте түшүп, босогодо саамга жыт алып туруп, жүрөгү бир шумдукту сезгендей  кепеге атып кирген!..

Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей,  асман-жери аңтарылып, көздөрү ала чакмак боло түшкөн иттин! Анткени, баланын жылаңач денеси канга боёлуп, жер сүзүп томурайып жаткан! Балага учуп жеткен да, туш келди жыттагылап, тумшугу менен түрткүлөп, чалкасынан оодара салган! Тирүү экен!!! Кадимкисиндей дем алып, бышылдап уктап жатат…

Жаны жай ала түшкөн иттин… Бирок, ошондо бир жамандыктын келе жатканын сезгендей, кыңшылап жиберген… Анткени, көп өтпөй эле жанагы, кандайдыр тааныш сыяктанган жылуу жыт эми так мурдунун алдынан уруп, башы айлан-көчөк болуп кеткен..!  Эмне болуп жатканына түшүнбөй, муун-жүүнү бошоп, эндирей түшкөн ит. Тулку боюн башкача, кызыктай бир чоочун сезим бийлеп, ошондон уламбы, буттарын саал калчылдак басып кеткен!.. Ал жыт — кандын жыты эле!

Эми анын жыт алуусу аркылуу тапкан коркунучуна көздөрү да айгак болуп, шаштысы ого бетер кетип калган! Анткени, баланын санындагы узатасынан түшкөн тиликтен жап-жаш эт булайып, Кумайыктын айбандык напсисин ого бетер козгоп жиберген!.. Өзүндөгү бул, адам баласына карата эч качан болбогон бейтааныш сезимге түшүнүп да, түшүнбөй да, азыр эмне болуп кетээрине өзүнүн да көзү жетпей бараткандай, өзүн-өзү жоготуп, эс-мас эле ит..! Адатынча анан кыңшылап отура калып, бат эле кайра тура калып, улуп-уңшуп жиберген..!

Тээ баягыда, так ушундай жумшак, жылуу тамакты күчүк кезинде кожоюну берген ага…

***

Аруузат там-туң басып жүргөн кез болчу.

Эртең менен эрте алардын короосуна кайдан-жайдан жап-жаш, тармал кара козу келип, байланып калган. Көздөрү башкача бир бадырайган ошол бечара, анткен менен аны алдыда эмне күтүп турганын кайдан билсин? Ушундай жакшынакай, сулуу макулуктун канын чийкилей ичээри Кумайыктын да оюна келген эмес!

Айтор, ошол күнү алардын үйүнө киши-кара көп келип, той болгон. Эшикке ойноп чыккан Аруузат да, Кумайык да бейтааныш, бирок  өздөрүндөй бала козуну  жакшы көрүшүп, а бирок экөө тең андан чоочуркап, жанына жакын бара албай, болгону эле жаагы талыбай маарай бергенине таң кала айланып-тегеренип, сонуркап карай беришкен.

Көп өтпөй эле кожоюну жалаңдаган бычак алып чыгып, үйдөгүлөр уй мүйүз тарта тегеректеп турушуп, бечара козунун буттарын байлап, бата тилешкен. Кумайык андагы айтылган сөздөргө толук түшүнбөгөнү менен, мунун баары Аруузатка арналып, аталып жаткан болчу:

— Аруузат акылдуу, бакдөөлөттүү кыз болсун! Омийин! – деген ак сакалчан карыя. Ал – Аруузаттын чоң атасы эле. Ошондон кийин гана тармал козунун алкымына жалаңдаган бычак кадала түшкөндө, кан дирилдеп агып, козунун буттары тыбырап, коркуп кеткен күчүк “каңк!” этип чочуп, үйдүн кире беришиндеги жыгачтын астына кире качкан. Ошол жерден кызыл-жаян болуп союлуп, териси сыйрылып жаткан бечара козуну карап, а жердегилердин бар кыймылына көз салып турган.

Эсинде, ошондо да, Кумайыктын мурдуна так ушундай… сызылып аккан жылуу кандын, чийки эттин жыты келген.

— Жаркынай, күчүктүн идишин берчи? – деген бир убакта кожоюну аялына кайрылып.

— Эмне кыласың?

— Кан куюп берейин.

— Койчу, чийки немени төгүп эле салчы, — жактырбагандай “күңк” эткен жубайы.

— Ой, эч нерсе болбойт. Төгүп салгандан көрө, ичип алсын. Ит да.

Айткандай эле Кумайыкка чийки тамак жаккан. Кийин дагы ошондой тамак ичкиси келип, бирок, бара-бара жылуу кандын даамын унутуп деле калган.

***

Канга боёлуп уктаган баланын жанында, кирпик ирмемчелик эле убакыттын ичинде ушуларды ойлоп, көз алдынан өткөрүп жиберди ит. Ошондогу даамга ого бетер шилекейи агып, напсиси араандай ачылып, эгерде аны кекиртектеп турган бир гана күч болбогондо, ошол араандай ачылган напси баланы азыр оп тартып алчудай албуут эле!!!

Кумайыктын жаны экиге бөлүнүп, ошол экөө бири-бири менен тирешип, күрөшүп жаткан сыяктанды! Ооба, Кумайык өзү менен өзү күрөшүп жатты ошондо!.. Саксагай жүндөрүнүн арасы чылпылдап, заматта кара тер  да басып кетти! Бир убакта анан арсайган тиштерине баланы басып берүүчүдөй, жогору обдула түшкөн оң колун кандайча болуп өзүнүн оозуна алып келип “ап!” эттирип “сугунуп”, качырата чайнап жибергенин өзү да билбей калды!.. Өзүн-өзү ушинтип жеңди Кумайык!

“Каңк!” эткен ачуу үндөн бейкапар уктап жаткан бала да ойгонуп кетип, жанында бөлөк-бөтөн бирөө эмес, оң буту канжалаган ит-энеси турганын көрүп, “жарк” этип күлүп жиберди..!

Анын ушул күлүп ийме жоругу Кумайыкка өзгөчө жагар эле! Анан калса, бу адамдан башкача ыманы ысык бала өзү. Айрыкча минтип күлүп жибергенде ансыз да көзгө сүйкүм, жылдыздуу бешенеси башкача бир жайнап, каректери күлмүңдөп, жаман кепенин ичи түгүл, ай ааламдын өзү дагы жарык болгонсуп кетчү.

Бу жолу да ошентти…  Түшүнүксүз, коркунучтуу  түш көрүп, чоочуп ойгонгон бала ары оодарылып, кайра  бат эле уйкуга кетти.

Баланын жароокерлиги иттин эми элеки акыл-эсин, тулку боюн бүт ээлеп алган кара күчтү, атүгүл өзү тиш салып канжалаткан билегиндеги ооруну да алып ыргытып жибергендей болду. Эми эле жонуна отуруп алып, шыкактап турган бир азгырык балакеттен биротоло, таптакыр кутулгусу келгендей жүндүү денесин катуу бир силкип-силкип да алды!

Ошондон кийин гана кудум сүйүнгөндөн ыйлап жиберген адам баласына окшоп, муун-жүүнү бошоп, кыңшылап жата калды ит. Бирок ал бутунун ооруганына же жылуу кан ичпей калганына ыйлаган жок! Өзүнүн напсиси тартыла түшкөнүнө, ошолорду баласы экөөлөп жеңгенине кубанды ал! Баштагыдай болуп, кадимки энелик сезиминин күчтөнө түшкөнүнө ыйлады!

Тээ бир убакта анан ордунан турду. Баланын колундагы сынган бөтөлкөнүн оозун көрүп, акыры окуянын чоо-жайын да түшүндү.

Алар бул жерге келип, жашап калган күндөн бери эле ушул бурчта бошогон бөтөлкөлөр жатчу. Адегенде буларга анын пайдасы да, зыяны да жок эле. Мындай болорун кайдан билиптир? Төрт аяктап, жаны жай албаган тынчы жок баланы ошолорго азгырылат деп ойлобогонун карачы! Жөрмөлөп жетип, айнектерди бири-бирине ургулап, сынган айнектерди атүгүл оозуна салып, денесин туш келди тилдирип, анан бөтөлкөнүн тең жарымын  уучтаган боюнча уктаган болчу тентек…

Кумайык баланын колундагы айнектин сыныгын  тиштеп, акырын сууруп алды да, сыртка алып чыгып таштап келди. Калгандарын да ошентти. Ошондон кийин гана эч нерседен капарсыз уктап жаткан  баланын жанында боортоктоп, кичинекей баланы бир топко ичи элжирегендей тиктеп жатып, наристенин бети-башындагы, денесиндеги канды жалап-жуктап, жууп-тазалап жиберди.

Бала да ойгонуп, мойну-башын, колтук-солтугун жалап-жуктаган ит-энесинин быдырлуу, салаңдаган  тилинен кытыгысы келе кыткылыктап, ошол узун тилди кармап алгысы келгендей быйтыңдаган колдорун тырбалаңдатып, ойноп жатты.

Ар дайым ушундай. Качан ит-эне баланы ушинтип кир-коктон арылтып, “жууп-тазалай” баштаганда бала жаман кепенин ичин күлкүгө толтуруп жиберет. Бир чети кытыгысы келсе, бир чети эркелеп, баарын оюнга айланткысы келген наристе үчүн бир чети бул жагымдуу эле.

Бу саам да ит баланын денесиндеги канды бүт тазалап, “жууп” чыкты да жана эшиктин оозунда калып калган олжосун алып келип, баланын колуна карматты. Анысы – бу жолу наабайчынын май токочу эмес, бышкан тооктун бир саны болчу.

Аны да ошол наабайчы берген.

— Ме, сен жеп койчу. Менин жегим келген жок, — деп иттин оозуна кармата салган да, күтүүсүздөн эле Кумайыкка:

— Сен сүйүп көрдүң беле? – деп сурап алып, кайра анысына өзүнүн күлкүсү келип, эки ийнин сүлкүлдөтүп күлгөн:

— Хы-хы-хы… “Боёкчу боёк боёйт десе, атасынын сакалын кошо боёйт” деген ушу да. Ит менен сүйлөшөт десе… Сен кайдан сүймөк элең, бечара… Эх-х, — деп анан бат эле күлкүсү басылып, улутунган. – А мен жаш кезде, студент чагымда бир айдай сулуу кызды сүйгөм. Жаркынай… аты да ушундай, өзүнө окшош керемет болчу!

Эмнегедир, ушул атты укканда Кумайыктын кулактары диртилдей түшкөн. Оозунда тиштеп турган этти унутуп калгандай, демейдегидей чуркап кетпей же сугунуп ийбей, жалпайып жата калып, сөз тыңшап калган. Ошону баамдай койгон наабайчы кебин андан ары улаган:

— Ал деле мага кайдыгер эмес сыяктанчу. Карашынан, мамилесинен байкачумун. А бирок, ага ашык болгондор көп эле. Мен далдыр болсо эсим ооп, суктанып, карап жүрө бергиче, күндөрдүн биринде тыңыраак бирөөсү ала  качып кетиптир. Бирок, бири-бирине төп келип калышса керек, бактылуу жашап кетишти деп уккам. А кезде мен облуста, алар бу шаарда жашашчу. Кийин күйөөсү каза болуп, кызы менен башка калаага көчүп кетиптир деп уккам… Кечээ шаарга чыгып, аны капысынан көрүп калдым…

Ит ордунан ыргып тура калды!

Арсылдап үрүп жибере жаздап, оозундагы олжосун түшүрүп алам деп араң карманып калды да, дагы эмне айтар экен дегендей  адатынча акырын кыңшылап, наабайчынын оозун карады.

Бирок, наабайчы  андан ары сүйлөшө алган жок. Анткени, нан сурагандардын кезеги көбөйүп кетти…

Ошондон бери иттин эси-дарты ордунда болбой, наабайчыга бат-бат барып, анын оозун карайт. Өзү да так ошол Жаркынайды издеп жүргөнүн айта албаганына арданат. Ошондон бери кожойкесинен үмүтү үзүлбөй, улам бир жерден көрүнө калчудай, көпчүлүктүн арасынан издеп келет.

***

Баласы салмак кошуп, төрт аяктап чуркап, чоңойгон сайын Кумайык Аруузатты эстейт. Бирок, Кумайык ага караганда бат чоңойду да, быйтыгый кыз да аны баягыдай көтөрө албай калды. Бирок, чоң оюнчукка окшоп келаткан сапсагай күчүгүнүн мойнуна асылып, үстүнө отуруп алып, тим эле бир жыргалга батып ойнойт дейсиң.

Кумайык баарына кайыл. Иши кылып эле кыз ыйлабаса, жыгылбаса болду ага. Өзүнүн жүнү жулунуп, кулагы чоюлуп, эти ооруп, баланын курч “туягы” өпкө-жүрөгүнө өтүп кетсе деле бир “чым” этип койбой, чыдай берет. Антпесе, Аруузат ыйлай баштаса эле өзүнүн кошо ыйлагысы келип, заманасы тарып кетет. Ал ыйлаганда ата-энесинен мурда  жетип келет да, эмне кылып ийер айласын таппай  айланып-тегеренип калат. Ары чуркап, бери чуркап, акыры оозуна туш келген оюнчук  аттуунун баарын тиштеп келип, кыздын алдына таштай берет. Аруузат да ошого  маашырланып, кичинекей алакандары менен көзүнүн жашын арчып, бат эле сооронуп калат.

А бирок, алардын бул бактысына күндөрдүн бир күндөрүндө, көз көрүнөө эле адамдар балта чапты да, баары заматтын ичинде күм-жам болду да калды…

***

Ошол күнү бир жамандык болчудай, жүрөгүнө аш барбай,  Кумайык кирпик ирмеген эмес. Атүгүл, кээде ыйлагысы – улуп-уңшугусу келип эле, ичи эңшерилип туруп албады беле. Бир-эки ирээт ошентип, созолонто улуп да жиберген. Кожойкесине бирок анысы жакпай, чуркап келип:

— Кумайык! – деген ачууланып. – Ал эмнең?!

Ошондон уламбы, же анын да жүрөгү Кумайык сезгенди сезип жатты бекен, ошондо Жаркынай да күйөөсүнө улам кайра телефон чалып, улам кайра саатын карап, түндүн тээ бир оокумунда анан керебетине чечинбей, бүкүлү кыңайган.  Аруузат болсо бейкапар уктап жатат.

Кумайык сыртка кулак түрүп, “шырп” эткен дабышты тек кетирбей, кулактарын тикчийте калып тыңшап, кожоюну эмес экенин билгенде гана кыңайып жатып калат.

Тээ таңга маал гана машиненин кулакка тааныш үнү угулуп, кожоюну дарбазанын түбүнө токтогондой болгон. Кумайык ордунан тура калып, адатынча эшиктин оозуна келип кыңшылап, кожоюнунун киришин чый-пыйы чыгып күтүп калган. А бирок, демейде үй ээси келип токтогондон көп узабай эле кылдырттап ачылчу дарбаза бу саам “кечиккен”. Ошол дабышты күтүп, тыңшап турган ит. Андан кийин ээси машинесин киргизип коюп, үйдүн каалгасын ачкычы менен шарактатып ача баштайт болчу. Адатынча жаркылдап кирип келмек да, босогодон тосуп алган итине жетине албай, анын кулагын кашып, башынан сылап:

— Кандай, Кумайык? Уктай элексиңби? Кыздар уктап атышабы? – демек. “Алар уктап жатышат”, — дегендей, уктоочу бөлмөгө жол баштамак Кумайык. Кожоюну адегенде эле Аруузаттын бөлмөсүнө кирмек. Кызын шорулдата жыттап, ага арнап алып келгендерин жаздыгынын алдына коюп коймок да, өзүлөрүнүн бөлмөсүнө жөнөмөк. Анда да жубайын ойготкусу келбей, бутунун учу менен басып:

— Кумайык, жүрү, экөөбүз шам-шум этели, — деп шыбырайт болчу. —  Курсагым жаман ачты. Муздаткычыңарда эмне бар?

Газга чай коюп, анысы кайнагыча сууга шапшынып чыкмак. Анан экөө отуруп алып курсактарын кампыйтат болчу…

Бирок, бу саам андай болбой калды…

Көп узабай эле дагы бир машине келип, кожоюнуна удаа эле токтогон окшоду. Машинелердин эшиктеринин тарсылдап ачылып-жабылганы, адамдардын күңкүлдөп сүйлөшкөндөрү угулду. Бир жамандыкты сезгендей жүрөгү опкоолжуй түштү иттин. Эшикти ачкысы келгендей тынчы кетип, тырмалап ийди.

Адамдардын кобур-собуру катуулап, бир убакта “күпө-күп” түшүп, мушташып жатканга окшошуп кетти. Ит арсылдап үрүп жиберди. Чуркаган боюнча кожойкенин бөлмөсүнө кирип, жуурканын тартып түшүрдү. Жаркынай чочуп ойгонуп тура калды да, иттин тынчсыздангандай кыңшылаганын көрүп, калдастап  кийине баштады.

Келин эшикти ачаары менен Кумайык аткан октой атып чыгып, дарбазага учуп жетти. Айткандай эле, сырттагылар карчылдашып калышкан экен. Жаркынай чыгып дарбазаны ачкыча, Кумайыктын чыдамы жетпей, дубалдын кырына секирип чыкты. Так ошол маалда кожоюнунун “ык!” этип онтоп жибергенин укту. Ал ыргып түшүп, учуп жеткен кезде кожоюну бир азга ордунда теңселип турду да, “күп!” этип жерге кулап түштү.  Ошо маалда:

— Кеттик! – деди беркилердин бири. Кумайык аларды жазбай тааныды. Буга чейин кожоюну менен үйгө далай келип, даам татып жүргөн эле теңтуштары болчу.

— Кеттик! Катыны чыга калса… – деди экинчиси.

Ошентишти да, машинеге түшө качышып, Кумайык жаңы эле багалектен алаарда бири эшикти ичинен “карс!” жабууга үлгүрүп, “зуу!” этип көздөн кайым болуп кетишти. Абалап үргөн ит бир далайга чейин алардын артынан чуркап барды да, кожойкесинин ачуу чаңырыгынан улам кайра артына кайтты.

Ошолор кожоюнун койгондо да келишти. Аларды көрүп, Кумайыктын өзөгүндө калган өчүгүүсү шакардай кайнап, кежигеси үрпөйүп, азыр барып басып калчудай көздөрү канталап чыкты.

— Ыррр-рр! – келаткан иттин түрүн көрүп, баягы экөө үрпөйө түшүштү. Аны байкай койгон туугандардын бири:

— Мобу итти байлап койгулачы, бат! Келген-кеткендерди тиштеп алып, “өлгөндүн үстүнө – көмгөн “ кылбасын! — деди.

Ошондон тарта, көңүл айтып келип-кеткендердин аягы суюлгуча Кумайык балкондо камалып калды. Анткен менен баягы экөөнүн дабышы, үнү угулган сайын итатайы тутулуп, кыжынып, арсылдап үрүп, эшикти тытмалай кыңшылап, айласы кеткенде улуп-уңшуп жиберип жатты.

— Капырай, ээсин жоктоп жатат окшойт ити, — деп жатышты аны байкагандар. – Мындайы жок эле мунун.

— Өзүнө көрүнбөй, ээсине көрүнгөнүн кара, башыңды жегирдин! Улуганы жаман экен!..

Анан да келип-кеткен эл өздөрүнчө күбүң-шыбың болушуп, маркумду белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкенин айтып, айрымдары башка да божомолдорду божурап жатышты. Баарынан өкүнүчтүүсү, алардын арасында Кумайыктын кожоюнун өлтүргөн экөө да бар эле. Калп эле баштарын салаңдата кейип-кепчишип, бетаарчы менен көзү-баштарын арчыган болуп, эл менен кошо кайгырган болуп турушту. Ит болсо да, андай бетпактыкка Кумайыктын тим эле куйкасы курушуп, жаны түтөп кетип жатты. Тилинин жок экенине ошондо дагы бир өкүндү! Кийин, элдин аягы суюлган кезде да, кожоюнун ким өлтүргөнүн айтып бере албаганы үчүн жаны түтөп жүрдү иттин. Ыйлай бергенден жедеп соолуп, баспай калган кожойкесинин, көп нерсени түшүнүп да, түшүнбөй да, көздөрүн алайткан Аруузаттын, кез-кез көзү илинип кеткенде түшүнө кирип, ойгоо кезинде көз алдына тартылып, эсине түшө калчу кожоюнунун арбагынын алдында да өзүн ушунчалык күнөөлүү сезе берди.

Ошондон тарта, бул үйдүн жашоосу таптакыр башкача нукка өзгөрдү. Баягы, бапырап конок үзүлбөй, бака-шака түшүп турчу үй таш тиштеп алгандай сумсайып, томсоруп калды. Дагы жакшы, ошол боштукту али эс кире элек Аруузат гана билгизбей, кытылдаган тап-таза күлкүсү, атасын сагынганда көпкө чейин басылбай ыйлаган ыйы, чулдур тили менен жымсалдап жаап турду. А бирок, ал уктаган кездерде үйдүн ичи үшкүрүккө толуп кетчү. Үйдүн кожойкеси күйөөсүнүн сүрөтүн, ал кармаган буюм-теримди карап алып деле солуктап ыйлап, анан узак, оор үшкүрүнүп, андан башка кыларга иши жоктой чүнчүп, солуй баштады.

— Кой, балам, кайрат кыл, Кудайдын буйругу экен… Андан көрө ошондон калган жалгыз кызыңдын келечегин ойло. Сен минте берсең, оорулуу болуп калбайсыңбы, анда тиги баланан күнү кантет, кокуй! Атасы да өлүп калса, энеси оорулуу болуп калса… Биз да минтип карып калдык. Эми белиңди бек буу, – деп апасы күн-түнү кашында отуруп атты.

— Кереги жок! Мага эми эч нерсенин кереги жок! Айтсаңыз, ансыз мага жашоонун кандай кызыгы болмок эле?! – дейт кызы.

— Балаңчы, капырай?!

— Ой, Кудайым, ай! Ошо канкорлорду бир көрсөм, ошолорго бир жолуксам!.. – деп өксүп, муштумдай түйүлгөн Жаркынай кызын бооруна кысып, ошону кайра-кайра жыттап, ансайын көзүнүн жашын буурчактатып жүрүп, бара-бара ошол кызы үчүн жашаш керек экенин түшүнгөндөй  болду. Анткен менен күйөөсүнүн баскан-турган жерлерин карап алып, жаратын улам кайра жаңырта берчү адат тапты. Айрыкча, дарбаза тарапка такыр беттенип баса албай койду. Ал жерде дагы эле күйөөсү кызыл-жаян канга чыланып, бул дүйнөнү, ата-энени, аял-баласын кыя албай, улам алсызданып бараткан колу менен жер чапчылап, диртилдеп жаткандай сезиле берчү.

Атүгүл кожойкеси түндөсү түшүнөн чочуп, кыйкырып тура калчу адат тапты. Өз көлөкөсүнөн да чочуп тиги бурчтан, бу бурчтан кандайдыр караандар көрүнө калып жатканын айтчу болду. Ошондон улам ата-энеси кызына жай которууга кеңеш беришти. Акыры Жаркынай өзү да ошону туура көрүп, үйүн сатып жиберип башка шаарга көчүп кетти.

Ошондогу Кумайыктын акыбалын айтууга сөз жетпес эле. Кожоюнунун өлгөнүнөн да, өлтүргөн адамдардын кошо аралашып эле, жик билгизбей аяшына көңүл айтып, кошо “кайгырып”, келип-кетип жүргөндөрү аз келгенсип, эми аларды көчүрүшүп жаткандарын карачы!  Ит да болсо ичинен сыздап, атүгүл баса албай, боору менен жылып калды бечара! Жаркынай деле аны кыя албай, кылчактады жакшы эле.

— Муну албай эле кой, эми, — деди Аруузаттын таятасы. – Алыс жолдо бир колуңда бала, бир колуңда ит болуп, кыйналып каласың, балам. Анын үстүнө, жакшы ит менен ат ээсинен кийин көпкө деле турбайт. Биз алып кетет элек, ага деле көнбөйт го, бу оңбогур. Күчүк кезинде болсо бир жөн эле… Чоң ит акыры көнгөн жерине качат. Балким жаңы кожоюндары менен көнүшүп кетээр…

Жаркынай да ошону эп көргөндөй, сыңар тизелеп отура калып, Кумайыкты мойнунан бекем кучактап алып, буркурап-боздогон. Ит да ыйлаган. Узап кетип бараткан машиненин артынан тээ бир далайга чейин чуркап, тигилердин карааны көрүнбөй калганда гана солуп жатып калган. Тээ бир оокумда анан төрт аягын араң сүйрөп, такыр башка адамдар кубанып кирип-чыгып калган үйүнө кайтып келген. Бирок,  күйүттөн бүгүп, тулкусун көтөрө албай жатып калган итти кайсы киши жактырсын:

— Мобу ит оорулуу эме го, анын үстүнө ээсинин башын жуткан кара жолтой эмени бакпай эле койгулачы, — деди алардын да бир билерманы. Ошентип, эки күн өтүп-өтпөй, жаңы кожоюну дарбазаны чоң ачып коюп, өзү колуна сөөк кармап алып сыртка чыкты да:

— Ме, ме, — деп чакырды. Анын оюн түшүнгөн Кумайык ордунан оор козголуп турду да, сүйрөлүп дарбазадан чыгып, бирок анын сөөгүн карап да койбой, башы оогон жакка кете берди. Үйдүн жаңы ээси бир чети таң калгандай, бир чети ыза болгондой анын артынан аңкайып карап туруп, башын чайкаган боюнча ичкери кирип кетти.

А бирок, ит ал үйгө көпкө чейин айланчыктап келе бергенин токтоткон жок. Анткен менен жаңы кожоюндун көзүнө көрүнгөндөн намыстанып, анын карааны көрүнө калган кезде “жылт” этип  коңул-соңулга кире каччу. Ошондуктан, көбүнчө эски үйүнө эл жаткан маалда келчү да, өзүнө тааныш жол менен короого кирип, баягы өздөрү жүргөн жерлерди “өөп-жыттап”, шимшилеп жүрүп чыгып кетчү.

Ал үйдүн жаңы Короочусу анда жаш күчүк эле, эми өзүндөй эки келип, кудум торпоктой чоң ит болду.

Көчөдө калган Кумайык көпкө чейин кайда барарын билбей каңгып жүрдү. Башта адамдар менен насиптешип жүргөн жаны, бара-бара таштандыны байыр алганга өттү. Канчалык жагымсыз сезилгени менен, акыры ага да көндү. Ал жерден өзүнө окшогон үй-жайсыз курдаштарды тапты. Адегенде ыркырашып, кабыша кетип, акыры тил табышып, атүгүл эрчишип да жүрө турган болушту…

Ошондой күндөрдүн биринде анан биринчи жолу эне болуп, эки күчүгүн көз жарды. Боорукер адамдардан айланса болот, таштандыдан анча алыс эмес, бирок адам аягы көп каттабаган жерде күчүктөрүн асырап жүрүп, бала досторду тапты. Бир күнү, адатынча таштандыда жүрүп келсе, көздөрү жылтырап жаңы ачылган борсойгон күчүктөрүн ошол тегеректе жашаган эки кичинекей бала таап алып, ойноп отурушуптур. Адегенде энтеңдеп жетип келген итти көрүп, балдардын эси чыгып кетти. Күчүктөрдү таштап жиберишип, элейип эле туруп калышты.

Кумайык алардын коркуп кеткенин түшүндү. Ошон үчүн токтогон жеринде жылбай туруп калды да, бейкүнөө балдарга атүгүл ичи жылып, эререкеп кетти. Анткени, жарым жылга жакын убакыттан бери ал адам мээримин көрө элек болчу. Балдар да анын ачууланбай турганын билишип, бара-бара тарамыштай түйүлө түшкөн денелери жазылып, бири-бирин карап жылмайып:

— Эчтеке кылбайт экен, — дешти.

— Биз сенин балдарыңды уурдаган жокпуз, — деди бири. – Биз жөн эле, ойнотуп жаткан болчубуз…

Ит алардын жанына басып келди да, эмчек издеп чыйылдай баштаган күчүктөрүн жыттап, кежигесинен көтөрүп ойдуңураак жерге ташып алып, эмизип жатып калды.

— Жакшы ит экен, ээ? – деди балдардын бири кубанып.

— Ийи. Байкуштун курсагы ачка го, жүрү, тамак алып келип беребиз.

Ошондон тарта эки бала Кумайыкка тамак ташый турган болуп алышты.

— Эч кимге айтпайлы, ээ? – деп бир күнү экөө кол алышып, шерт кылышты. – Антпесек, биз жокто буларды уурдап алышпасын.

Атүгүл жамгыр жааган күндөрү үйлөрүндөгү эски-уску таар, чапан-чупандарды сүйрөп келишип, күчүктөрдү жаап да жүрүштү. Бир күнү анан балдар кеңешип туруп, күчүктөрдү энеси менен башка “үйгө” көчүрмөй болушту.

Айткандай эле алар тапкан жерге жаан тийбей, күндүзү көлөкө болот экен. Ошондуктан Кумайыкка бул жер бир топ эле ыңгайлуу болчу. Анын үстүнө баштагыдай жалгызсырабай, эки баланы да караан тутуп, алардын божураган сөздөрүн тыңшап, көнүшүп алышты.  Алар ташып келген азыноолак тамак-ашка алымсынып, кичине оңолгонсуп да калды Кумайык.

Балдар болсо, күчүктөр улам торолуп, бири-бири менен күрөшүп ойноп, атүгүл төрсүлдөп үрө баштагандарына ыраазы. Бу жерден эч кеткилери келбей, качан гана апалары издеп, аттарын атап чакыра баштаганда гана күчүктөрдү ордуна таштай коюп, алакандарын кийимдерине арчып, эч нерсе болбогондой чуркап кетишет.

Ошол балдар бир күнү келишти да, күчүктөрдү ордунан таппай калышты.

— Кана алар?!

— Энеси баша жакка алып кеткен го?

— Эмнеге?..

Адатынча кайдадыр чуркап кетип, кайра келген ит да күчүктөрүнүн жоголгонуна ишенбей, туш-тушту шимшип, эки баланын коюн-колтугунан бери жыттагылап жиберди. Чындап эле жок экенине көзү жеткенде гана кыңшылап ийди.

— Мына, энесинде да жок! Уурдаттык! — деди балдардын бири ыйлап жиберчүдөй болуп. – Эмне кылабыз эми?!

— Ким уурдады?!

— Сен да! Замирлерге айтпа десем болбой… Жүрү, барып сурайбыз! Эгерде алган болсобу!..

Балдар Замирдин үйүн көздөй чуркашты. Ит да алар менен кошо чуркап келатып эле, бир убакта балдардан бөлүнүп калып, жерден тумшугун албаган боюнча аялдамага чейин келди. А бирок андан ары жыла албай, кайсактап калды.  Анткени из ошол жерден үзүлүп, жок болуп кетти.

Чокчоюп отура калып, сай сөөгү сыздап, кыңкылдап-кыңшылады. Тумшугу ылдый мөлтүлдөп, ысык жаштар кулады.

Бул анын өмүрүндөгү дагы бир катуу өксүгү болду.

Ошентсе да, балдар таап берген “үйүн” башбаанек кылып, адамчасын таап алгыча жашап жүрдү Кумайык. Балдар да аны унуткан жок. Баягыдай эле колуна тийгенин көтөрүп, чуркап келип жүрүштү. Кумайыктын башынан сылап:

— Ий, байкушум… Биз аларды таба албай койбодукпу… – деп өздөрүн күнөөкөр сезишет.

Бара-бара балдар да ага каттаганын коюшту. Жай мезгилинде окуучулар каникулга чыгып, туш-тушка эс алууга кетерин ит билип коюптурбу, тек гана досторун күтүп, коңултуктап, ого бетер жүдөп кетти. Аларсыз уяга келүүнүн деле шааниси жоктой туюлуп, кийинчерээк тийип-качып калды.

(Уландысы бар)