Улуу Жеңишке -74 жыл: Баатырларга таазим

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын утурлап, 3-майда Бишкектин Жаш Гвардия гүлбагындагы эки жолу Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегельдиновдун эстелигинин жанында анын жана Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон жоокерлердин элесине арналган митинг болуп өттү. Ага кыргыз парламентинин (М. Аманкулов, Е, Строкова), шаардык бийликтин, элчиликтердин өкүлдөрү, Ленин районунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана №8 мектептин мугалимдери жана окуучулары катышышты.

Алгачкы сөз Талгат Бегельдиновдун тууганы Мира Камаловага берилип, ал тайкесинин өмүрү жөнүндө  баяндап берди, баатырдын ысымын ардактап, таазим кылып келгендерге ыраазычылыгын билдирди.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин атынан сөз сүйлөгөн элчиликтин кеңешчи-өкүлү Алмат Тоекин эки жолу Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегельдиновдун боордош казак менен кыргыз элине бирдей сыймыктуу инсан экенин баса белгилеп, анын эрдиги менен өмүрү бир тууган эки элдин жаш мууну үчүн дайыма өрнөк боло берерин баса белгиледи. Талгат Бегельдиновдун балалык жана жаштык чагы Пишпек шаарында өткөн. Орто мектепти аяктаган соң Пишпектеги ДОСААФтын аэроклубунда окуган. 1940-жылы Оренбургдагы аскердик авиациялык окуу жайына кабыл алынат. 1943-жылдын январындагы алапаат согушта ал 144-авиациялык эскадрилиянын курамында майданга кирген. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн 1944-жылдын 26-октябрында биринчи, 1945-жылдын 27-июнунда экинчи жолу Советтер Союзунун Баатырынын Алтын медалын жана Ленин орденин тагынат. СССР Жогорку Советинин төрагасы М.Калининдин1946-жылы чыккан жарлыгына ылайык, Фрунзе шаарында эки жолу Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегельдиновдун коло бюсту орнотулган. Согуштан кийин аскердик жана авиациялык кызматтарда болгон генерал-майор Т. Бегельдинов 2014-жылы 92 жашында Алматы шаарында кайтыш болду. Баатырдын эжеси Гүлрайхандын небере, чөбөрөлөрү учурда Бишкек шаарында жашап жатат.

— Ата журтубузду эрдик менен коргогон баатырлардын ысымы эч качан унутулбайт, алардын өмүрү мекенибизге кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет, — дейт митинг-реквиемди уюштуруунун демилгечиси, Кыргызстан казактарынын «Алаш» бирикмесинин жетекчиси, Талгат Бегельдинов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Эркин Бөлөкбаев.