Парламенттик көзөмөл: «Дарты» сакайбаган дары департаменти

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияны жоюу үчүн санариптештирүүнү киргизүүнү бардык мамлекеттик органдардан талап кылууда. Мамлекет башчы коопсуздук кеңешинин жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге: “Поликлиникалар, ооруканалар мамлекетке караштуу экенине карабай, босогону аттагандан баштап, кайра чыкканга чейин пара алышат. Бул көйгөйлөр жоюлбаса катуу чара көрүлөт” , — деген. Бирок, мамлекет башчынын эскертүүсүнөн кийин бул маселеде олуттуу жылыштар көрүнө элек.

37 баланын бутуна жабышкан «Бактамед»

Санариптештирүү  механизмдерин  орнотуп, кызмат көрсөтүүнүн заманбап базасын түзүү мүмкүн айрым жетекчилер үчүн кереги жоктур… Аталган министрликке караштуу түзүмдөргө карата келип түшкөн акыркы жылдардагы даттануулар, көйгөйлөр Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетиндеги калың папкелерге тиркелиптир. Анын баарын бир макалага батыра албасак да бир нече жылдан бери чуу менен коштолуп жүргөн Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментиндеги (мындан ары департамент дейли) кыңыр иштерин айталы дедик.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Ширин Айтматовага балдары “Бактамед» дарысынан жабыр тарткан ата-энелер кайрыла баштаган. 2014-жылдын январынан 2015-жылдын март айына чейин “Бактамед” инъекциясын алган 37 баланын буту баспай калган окуялар болгон. Испаниядан импорттолгону менен өндүрүп чыгарган заводдун дарегин эч ким таба алган эмес. Анткени, “Бактамед” ал жактагы мамлекеттик органдардын каттоосунда жок болуп чыккан жана ал жалаң коррупциясы гүлдөп өнүккөн үчүнчү өлкөлөргө экспорттолуп турган. Депутат Айтматова департамент кооптуу дарыны каттоого жол бергендиги үчүн жооптуу адамдарды кылмыш жообуна тартууну сунуштаган. Бирок, парламенттин V чакырылышы өз мөөнөтүн бүткөндүктөн бул иштин аягы көзөмөлсүз калган.

“Бактамеддин” чуулуу окуясын бекеринен эске салып жатканыбыз жок. Анткени, департамент “Бакта-медди” өзүнө караштуу борбордук лабораториясынын сыноо-текшерүүсүнөн өткөрүп, “талапка туура келет” деген жыйынтык чыгарып берген. «Бактамед» чуусун иликтеген депутаттык жумушчу топ анын Кыргызстанда жеңилдетилген схема менен мыйзамсыз катталгандыгын далилдешкен.

Кыргызстанга дары-дармектин 97 пайызы чет мамлекеттерден ташылат. Аталган департаментке фармкомпаниялар дарыларды алып келип, экспертизадан өткөрүп, сертификат алышат. Мындагы лабораториялар улуттук аккредитациядан гана өткөнү болбосо, эл аралык аккредитациядан өткөн эмес. Фирмалар экспертизага алып келген дарыларды, ошол дарылардын түп нускасы менен салыштырууга департамент милдеттүү. Бирок, ошол түп нускасы деген дары-дармектердин айрым учурларда колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 2001-2003-жылдагы эскилерин таап алышып, депутаттар сүрөткө тартып алган окуялар болгон. Экспертизага келген дарылар да, алардын “жумушчу стандарттагы” үлгүлөрү да жаңы жа-салган болуусу кажет.

Көп милдетти “өз милдетке” айландыргандар

Жогорудагы көйгөйлөрдүн баары эмнеден келип чыгып жатат? Көрсө аталган департамент өзүнө карама-каршы милдеттерди “менчиктеп” алганында экен. Бул департаментке дарыларды лабораториялык экспертизадан өткөрүү милдетин калтырып, ал эми анын үстүнөн көзөмөлдөөнү бөлүп, башка органга ыйгаруу боюнча демилгени эки жылдан бери депутат Аида Исмаилова көтөрүп келет. “Саламаттык сактоо министрлиги мындагы көзөмөлдөөчү милдетти бүтүндөй өзүнө алуусу керек. Себеби ЕАЭСтин бизден башка мамлекеттеринде дарылардын сапатын башка орган экспертизадан өткөрөт. Ал эми аларды текшерип, көзөмөлдөөчү органы өзүнчө бөлүнгөн. Мисалы, Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Росздрав-надзор” кызматы көзөмөлдөйт. Ал эми дарыларды башка органы экспертиза жүргүзөт”, – дейт эл өкүлү.

Баарынан кызыгы, департамент 2012-жылдан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын бирдиктүү реестрине кирбей иштеп жүрө берген. Анткени, ал дарынын сапатын аныктоочу лабораториялык экспертизациялоо боюнча тейлөө көрсөтүп, сертификат берген орган болуп туруп, ошол эле учурда кайра өзүн өзү көзөмөлдөөгө көнүп алса кантип реестрге киргиси келсин? Мындай орган эч качан “өзүнүн көзүн өзү чукубайт”. Парламент депутаттары бул көйгөйдү көтөрүп жатышып, департамент кайрадан реестрге киргизилген. Анысы аз келгенсип, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги буларга мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча акы төлөнүүчү тарифтердин прейскурантын бир нече жыл мурда бекитип берген боюнча көңүл сыртында калтырып койгон. Айтор департамент акча табуунун сырдуу айлампасына айланып калыптыр. Бул маселени парламенттин аталган комитети талап коюп жатып, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисин чакырып, жагдайды айткандан кийин иш кайрадан жөнгө салына баштаган.

– Бүгүнкү күндө бул департамент жеке менчик бир компания менен келишим түзүп алыптыр. Фармкомпаниялар  бул  департаментке  кызмат  көрсөтүүлөрү үчүн акча төлөсө, департамент болсо дарыга экспертиза жүргүзүү үчүн акчаны менчик компанияга которот экен. Департаменттин өзүнүн лабораториясы болуп туруп, эмне үчүн жеке менчик башка компания кызмат көрсөтүп жатканын сурасак: “Биздин лабораториянын эки аппараты бузулуп калгандыктан экспертиза жасоого бергенбиз” , – деп жатышат. Ошондой болгон күндө да ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын чечими менен берилген эмес. Дары-дармек маселеси мамлекеттин гана көзөмөлүндө болуусу керек. А чынында департамент эсепсиз акчаны жүгүртүп жатат. КРнын эсептөө палатасы 2017-жылдын жана 2018-жылдын биринчи жарымына аудит жүргүзө келгенде, департаментке түшкөн акчалай каражат 172,5 млн. сомго жеткен. Булар мамлекетке жылына болгону 16 млн. сом салык төлөшөт экен. Ошондой каражатка алар лабораториясын жаңыртып, заманбап кылып алса болот беле? Болмок. Эмне үчүн жеке менчик компанияга өз функциясынын бөлүгүн берип койгону көп күмөн туудуруп жатат. Бул маселени мен парламенттин палатасында козгоп, тергөө органдарына кайрылдык”, – дейт депутат А.Исмаилова.

Реформалоо жок жерде башаламандык баарлайт

Деги эле өлкөдөгү дары-дармек маселесиндеги башаламандыкка күчү жетип, коррупцияны кекиртектен алган бир да жетекчи чыкпай келе жатканы өкүнүчтүү. Жапайы базарлардагы дары-дармектердин сапаты шектүү жана аларды сактоонун эң жөнөкөй эрежелери колдонулбайт. Дарыканаларда болсо дары-дармектин бааларында асман жердей айырма бары айтыла берип ашмалтайы чыкты. Бир эле дарынын эки дарыканада эки башка сатылышы сыяктуу башаламандык чечилбей келет.

Жогорку Кеңештин профилдүү комитети аталган департаменттин ишин реформалоо боюнча ишти талап кыла турган жөнү көп экен. Эки жыл мурда комитет мүчөсүнүн бирөөсүнүн өспүрүм уулу гайморит болуп ооруп, ооруканага түшүп, цефтриаксон сайдырган. Бала дарыны көтөрө албай эс учун жоготуп, түнү менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Оорулууга дары жакпай калган учурда оорукана аталган департаментке маалымат бериши керек. Департамент дароо дарынын сапатын текшерүүгө милдеттүү. Ушундай кыйын кырдаалда оорукана менен дарыларды камсыздоочу департаменттин ортосунда тыгыз байланыш болушу зарыл эле. Дарынын ошол партиясынын баарын иликтеп көрүп, сапаты шектүү чыкса колдонуудан биротоло алып салуулары керек болчу. Колунда бийлиги бар чиновниктин баласы ошондой окуяга туш болгон соң, карапайым адам өз укугун коргой алабы?

2017-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттарынан  түзүлгөн  жумушчу  топ  Улуттук гос питалдын абалы менен таанышканы барышып, шумдуктуудай “дарыкана өндүрүшүн” таап алышкан.  Ал  жерде  тамырга  тамчылатуучу  препараттын бөтөлкөлөрүн ваннага салып жууган жай табылган. Дарыны мыйзамсыз жасоо үчүн кадимки эт тарткан чаралар колдонулуп, адамдын акылына сыйбаган антисанитардык көрүнүш орун алган. Текшерүүгө келгендерге тоскоолдук келтирип жатып, акыры киргизүүгө аргасыз болушкан. Адам өмүрүнө кооптуу мындай көрүнүш Бишкектин чок ортосундагы болуп жаткан соң, республиканын башка аймактарында жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Депутаттар аны телефонго тартып алып келип, пленардык жыйынга көтөрүп чыккандан кий-ин алиги “дарыкана өндүрүшүн” жабууга аргасыз болушкан.

Айтор өлкөнүн дары-дармек тармагы структуралык  реформалоого  муктаж.  Болбосо  жогорудагыдай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.