Ач тооктун түшүнө акталбаган таруу кирет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Депутат А.Жапаров дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө Кыргызстандын облустарын бирден бөлүштүрүп берүү жөнүндө демилге көтөрө коём деп, калың элдин каарына калган. Ошентсе да, ушул эле идеянын башка варианттарын карап көрбөйлүбү. Айталы, Кыргызстанда 7 облус, 40 район, республикага баш ийген эки шаар, облустук, райондук баш ийүүдөгү 31 шаар, 9 шаар тибиндеги поселок, 453 айыл айыл аймагы бар. Бул өтө деле көп эмес. Себеби, бизде ички ресурстар жетиштүү. Бозгун болуп жүргөн эки экс-президентти кошпогондо, мамлекеттин бардык сый-урматын, жыргалчылыктарын, жеңилдиктерин көргөн жана ушул азыр да пайдаланып жаткан 2 экс-президент, 29 экс-премьер-министр, 18 экс-спикер арабызда жүрөт. Адатта, “улуттун каймагы” тууралуу сөз болгондо, ушулардын ысымдары аталат. Андай болсо, мына ушул катмар – саясый элита өз өлкөсүнө жардам берсе, бирден район, шаар, облусту “шефтикке” алса, жок дегенде 100-200 жумушчу орундуу ишкана курса, сырттан Кыргызстанга инвестиция тартса болбойбу?

Ошол  эле  экс-президент  А.Атамбаев “мындан жыйырма жыл мурда эле миллионер болгом” деп мактанат. Ал союздан калган завод-ишканаларга ээлик кылып, ошондон байыганы болбосо, өз алдынча бир ишкана салганын уккан да, көргөн да эмеспиз. Арийне, Elektromed Elektronik ишканасын Түркияга эмес, бул жакка курса болмок. Салык Кыргызстанга түшмөк, жумушчулар Кыргызстандын жарандары болмок, эл сапаттуу электр товарларын сатып алмак.

Экс-президент Р.Отунбаевада Атамбаевдикиндей байлык болбогону менен, АКШ, Европа менен жеке байланыштары жакшы. Батыш саясий элитасы анын бир сөзүн эки дебесе керек. Андай болсо Роза эжекебиз деле Кыргызстанга инвестиция тартса эч ким каршы болмок эмес.

Экс-премьер-министрлердин арасында да “ачка” жүргөндөрү жок. Канча байлыгы, канча үйү бар экени, мүмкүн декларацияларында жазылбаган чыгар. Бирок, ким-бирөөсү “жакырмын”, “үрүп чыккан итим жок” десе, анда  жалган  айтышат.  Ошол эле экс-премьер-министрлер К.Жумалиевди, Т.Сариевди, Ө.Бабановду алалы. Буларда жокпу? Бар. Эч ким аларда болбосун дебейт, ылайым эле болсун. Эми ушулар деле өз облусуна дебейли, өз районуна жардам берсе болбойбу? Албетте, болот. Мен элдин каймагымын деген адам башкаларга жарыгын чачышы керек, эгер чачпаса, анда андайлар “каймак” эмес, каймагы тартылып, кымыраны калган көк сүт.

Депутат А.Жапаровдун демилгеси колдоого татыйт. Бирок, Кыргызстандын аймактарын, облус, райондорун өнүктүрүш үчүн сөзсүз эле өнүккөн өлкөлөргө бериштин кажети жок. Кудайга шүгүр, Жогорку Кеңеште эле бакыйган 120 депутат отурат. Баарысы эл үчүн иштейбиз, эл үчүн кам көрөбүз деген адамдар. Баарысынын үстүндө үйү, астында ашы бар дегендей, колунда бар. Эгер, алар айлык маяналарынан, командировкалык чыгымдарынан, ж.б. мамлекеттен алган каражаттан баш тартып койсо, ар жылы үнөмдөлгөн акча региондорду өнүктүрүүгө жумшалса, мындан Кыргызстан чоң утушка гана ээ болмок.

Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү үчүн башка да ички ресурстар жетиштүү. Саясий  партияларыбыздын  саны  200дөн ашты деп жүрөбүз. Ар биринин программаларында өлкөнү өнүктүрүү программалары жазылган. Андай болгондо, саясий партиялар эмне үчүн ошол программаларын шайлоодон башка убакта да көтөрүп чыгып, аны турмушка ашырышпайт. Же өлкөнү сөзсүз эле мамлекеттин эсебинен өнүктүрүү керекпи?

Байкадыңыздар да, биз бизнесмендер, ишкерлер тууралуу айткан жокпуз. Эгер алар деле ар бир облуска, ар бир районго капкачан эле заманбап заводдорду курса, элди жумуш менен камсыз кылса, өлкөбүздө өнүгүү болмок. Кыргызстанга жыл сайын эмгек мигранттары 2 млрд. доллардын айланасында акча которот дегенибиз менен, жыл сайын өлкөдөн 450 млн. доллардын тегерегинде акча сыртка чыгып кетип жатат. Бул акчанын ичинде оффшордук аймактарга чыгарылып кетип жаткан акчалар да жок эмес чыгар.

Кошуна Кытай мамлекети бүгүнкү күндө дүйнөнү дүң кыла турган 23 долбоорду турмушка ашырып жатат. Айрым аналитиктер бул долбоорлор ишке ашышы менен дүйнөнүн өнүгүшүндө бурулуш болот деген пикирди айтып жатышат. Ким билет, мүмкүн ошондойдур. Өткөн жылдарда Кытай тарап Кыргызстанга биздин өлкөнүн аймагы аркылуу Казакстан, Россия, Европага чыгуу үчүн темир жол курууну сунуштаган. Эмнегедир, бул долбоор улам кийинкиге жылдырылып отуруп, акыры алар тажаганбы, темир жолду алысыраак болсо да Казакстан аркылуу алып өтүштү. Мындан, албетте Казакстан гана утту. Кечээ жакында Кытайда өткөн “Бир алкак – бир жол” ошол темир жол тууралуу да айтылды. Көрсө, кошуналар мындан 20 жыл мурда эле “Бир алкак – бир жол” долбооруна даярдык көрүп баштаган экен.

Мына  ушундай,  дүйнө  зор бурулуштун алдында турат. Ал бурулуш кемени чамындыдай көрбөй, оп тартып жутуп кеткен океандагы зор толкунга окшоп, өнүкпөгөн, артта калган мамлекеттерди жутуп кетиши ыктымал.

Түпкүлүгү өзбекстандык, байлыгы 12,2 млрд. АКШ долларына бааланган орус миллиардери Алишер Усманов чет өлкөлөрдөгү капиталын Россияга алып кирип, өз кезегинде Өзбекстанга да миллиарддаган инвестиция салып жатканы айтылып жатат. 2017-жылдын апрелинде Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевдин Москвага жасаган сапарынын тушунда кол коюлган 16 млрд. долларлык 50 долбоордун басымдуу бөлүгүн миллиардер А.Усманов каржылай турганы айтылып келет. Ал Өзбекстандын “Озод кишлок” долбооруна 100 млн. доллар берсе, өзү туулуп-өскөн Наманган облусуна бизнес борбор куруп, жаштарды окутуу үчүн 50 млн. доллар кайтарымсыз жардам берди. Ташкенттеги ислам технологиялык борборуна XVIII кылымда Европада басылган жалпы наркы 8 млн. долларлык 4 миң китеп сатып бергени белгилүү. Бул анын меценаттык иштеринин арзыбаган бир бөлүгү. Башкалар минтип сырттан өзүнө ташыйт экен. Биздикилерчи? “Ач тооктун түшүнө акталбаган таруу кириптир” болуп, башкалар келип  Кыргызстанды  өнүктүрсө  дейбиз. Аттигиниң, эмнеге өзүбүз өнүктүрөлү дебейбиз. Ушерден, эсил кайран Эсенаман жез таңдайдын Шабданга карата “сарбагыштан жети мыкты уул, жетөөсүнө жети жолу Шабдан деген ат койсок да, бирөө да Шабдан боло албайт” деген ыры эске түшөт. Кыргызда “мен баймын” деп күндө бир токол алгандар көп, бирок кыргыздын “Алишер Усманову” чыкпаганы өтө өкүнүчтүү.