«Ынтымак» менен «Достук» финалда ойнойт

Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештин финалисттери аныкталды.

Жарым финалда»Сары-Өзөн Рассвет» командасын 8:0 эсебинде жеңип алган «Ынтымак» менен «Сары-Өзөн» командасын 9:4 эсебинде уткан «Достук» эртең, 9-майда финалдык оюнда беттешет. Ал эми «Сары-Өзөн Рассвет» менен «Сары-Өзөн» үчүнчү орун үчүн беттешет.

Белгилей кетсек, аталган турнир Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан болчу.