Чемпиондор лигасы: «Ливерпуль» «Барселонаны» 4:0 менен утуп, финалга чыкты

Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында «Ливерпуль» «Барселона» клубдарынын ортосундагы экинчи беттештик оюн орун алды. Анда англиялык клуб өз талаасында 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Оюндагы эсепти Дивок Ориги 7 менен экинчи таймдын башынча алмашууга чыккан Джорджиньо Вейналдум экиден гол киргизип, дубль жасашты.

Эске салсак, биринчи оюнда «Барселона» өз талаасында «Ливерпульду» 3:0 эсеби менен жеңип алган.

Бүгүн экинчи жарым финалда «Аякс» менен «Тоттенхэм» кездешет.

Турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.