КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)

Жыпар ИСАБАЕВА


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Билинбей дагы үч жыл өттү арадан.

Кумайык абалкыдай болбой, алы-күчү азайып, саал улгайгансып калды.

Сапсайып, далысына түшкөн чачы бети-көзүн  жаап, бала алда канча чоңоюп калды. Кыймылы көбөйүп, ары-бери жүгүрүп, оонап, томолонуп-тумаланып, жаны жай албай турган болду.

Эми да ит-эне кыкка оонап, боргулданып тердеп, уктап жаткан баласын карап, ойгонушун күтүп жатты да, акыры жанына боортоктоп жылып келип, туш келди жалап-жуктап жиберди. Бала адатынча бети-башын ала качып, кытылдап күлүп ойгонду.

Ит-энеси: “Арс-арс!” – үрдү.

Экөөнүн дагы бир жаңы күнү ушинтип, бактылуу ирмемдер менен башталды.

Бир азга ит-энеси менен жулмалашып ойногон соң, курсагы ачканын билгизип, кыңшылап ийди бала.

— Мен азыр!.. – дегендей белги кылды да, ошо замат дубалдан ары ашып кетти ит-эне. Демейде ойгонору менен токочу колуна тийчү бала түшүнбөй калгандай болду.

Энесинин кандай тез чыгып кетсе, кайра эле ошончолук бат кирип келерин билгендей, бала төрт аяктап дубалдын түбүнө жетип келип, өйдө жакты аңкая караган боюнча күтүп калды. Ансыз  да күңүрттөнгөн уянын ичи саамга тып-тынч боло түштү.

Айткандай эле, бир убакта дубалдын кырында токоч тиштеген энеси пайда болду. Бирок, ал кырдан түшпөй, көпкө туруп калганына чыдамы жетпей, бала борсулдап үрүп, тамга сүйөнүп эки бутуна турду.

Энеси анда да түшкөн жок. Баласынан алда нени күткөндөй, оозундагы кыпкызыл, жыты буркураган токочко баланын көзүн кызыктырып, куйругун чамгарактатып тура берди. Атүгүл дубалдын кыры менен басып, бала турган туштан ары жылып да кетти. Айткандай эле, бала да дубалга эки колу менен сүйөнүп, ит-энесин ээрчий басты. Кумайык кайра да орун которду. Бала кайра да ошентип артынан ээрчип, акыры чыдамы кеткендей энесин туурап:

— Аф-аф! – деп борсулдап үргөн болду. Бирок анысы ит-энесин анчейин деле кубанткан жок. Ал кадыресе чоңоюп калган баласынын дубалдан ашып-түшүүгө аракеттенүүсүн каалап турган. Аны жаман кепеден алып чыккысы, кайдадыр ээрчиткиси келген. Бирок, баланын ал жөнүндө ою да жок экенин билген иттин шаабайы сууй, уяга секирип түштү да,   колдорун быйтыңдатып, оозундагы нанды тарткылаган бала менен бир азга талашып-тартышкан болду. Колунун күчү келбесине көзү жеткендей, бала анан энесинин оозундагы нанды тиштеп алууга аракеттене баштады.

Баласынын майпаңдап нан жегенине маашыркагандай, көз албай карап жатты Кумайык. Ошол эле убакта эле анын муңайым көздөрүндө кандайдыр убайым, санаа бар болчу. Ал буту-колунун тырмактары оркоюп, чачы саксайып өсүп кеткен кичинекей баласынын адам баласына окшобой, жапайы өсүп келатканына жүрөкзаада өңдүү эле…

Эмнегедир, акыркы убактарда баласын баягы жылжыма булакка алып барууну ойлочу болду ал. Мына азыр да бала тамагын жеп бүткөн кезде ордунан шашпай турду да:

— Жүрү? – дегендей куйругун шыйпаңдата булгалап, эшикти карай жол баштады. Ит-энесинин бул чакырыгы бала үчүн күтүүсүз болду. Анткени, апасы аны буга чейин эч качан сыртка алып чыккан эмес. Ал кеткен тарапка канчалык умсуна карап калганы менен, дубалдын ары жагында эмне бар экени ага табышмактуу, атүгүл коркунучтуу дагы эле. Ошондуктан:

— Мени ээрчи, — деп сырт тарапты баштанып турган ит-энесин дале ишенип-ишенбегендей карады бала.

— Арс! Арс! – үрдү энеси. Анысы: “Эмне турасың, жүрү?!” — дегени болчу. Бала бойпоңдоп, Кумайыктын соңунан ээрчиди.

Ит-энеси дубалдан ары секирип түшүп кетти да, баласын күтүп, өйдө жакты карап аңкайып туруп калды. Бала азыр дубалдын кырынан “култ” этип көрүнө калчудай куйругун шыйпаңдатып, кыңшылап, үмүт менен үрүп турду да, бир убакта баланын айласы куругандай акырын-аста кыңылдап-кыңшылаганын уккан соң гана “шып!” этип кайра дубалга секирип чыкты. Айткандай эле баласы дубалдын түбүнө сүйөнүп, энеси ашып түшүп кеткен тарапты карап, эки аяктап турган.

— Бери чык, ашып түш! – деп жатты энеси арсылдап үрүп. Бала дубалдан ашып-түшүүгө аракет кылгандай, эки согончогун болор-болбос көтөрө талпынган болуп, бирок такыр ордунан козголо албай койду. Эки аягы талып кеткендей анан бат эле төрт аяктап, сыртка чыгууга жылчык, жол издегендей дубалдын түбү менен ары-бери баса баштады.

Дубалды ашып чыгууга баланын акылы да, дарамети да жетпей турганын түшүнгөн Кумайык кайра ичкери секирип түшүп, дубалдын түбүн шимшилеп жүрүп, оңтойлуураак бир жерин таап, эки аягы менен чапчылап каза баштады.

Көп өтпөй эле дубалдын түбүнөн көзөнөк пайда болду. Адегенде а жерден өзү боортоктоп чыгып, кайра кирип көрдү. Оюктун тар экенине көзү жеткендей дагы чапчылап, тереңдетип казды эле, бир топ кеңейе түшкөн тешиктен эми өзү “шоп!” этип ээн-эркин кирип-чыгып калды. Ошондон кийин гана баласын алып чыгууга аракет жасады.

Сыртка чыккан бала күндөн көзү уялып, билеги менен бетин жаап, бир азга отурду да, учу-кыйыры жоктой мелмилдеген ээндикти айланта, аңкая карап, адатынча күн баласына окшоп күлүмсүрөдү… Ушу саамда сырттан караган кишиге ал күндүн алтын нурларына киринип отурган бала-периштеге окшош эле…

Ит энеси да баласын бир топко жайына коюп, шоңшоюп  карап отурду да, бир убакта:

— Болду эми, кеттик, — дегендей белги берип, кайдадыр жол баштады.

Ит-энесинин соңунан калбай, төрт аяктап чуркап, тейпеңдеп келаткан бала улам бир жерден токтой калып чоочун да, кызыктуу да көрүнгөн, өзүн курчап турган айлана-тегерекке сонуркай карап, кээде ар нерсени  бир колу менен чукулап, кармалап да көрүп, качан ит-энеси арсылдап үргөндө гана жүрүшүн улап кетип баратты.

Ага бу дүйнө таптакыр чоочун да, жаңылык да эле.

Асмандын, ай ааламдын ушунчалык чексиз, учу-кыйырсыз кенен  экендигине атүгүл башы айланып да калды.

Кызыл эт кезинен жаман кепенин ичинде кык жыттап, ит жыттап чоңойгону үчүнбү, береги көп-көк, жап-жашыл болуп буралган чөптөрдүн, көздүн жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөрдүн ар бири өз-өзүнчө буруксуган керемет жыт чыгарып, баланын кичинекей жандүйнөсүн ого бетер делөөрүтүп коюп жатты. А бирок, ал эзели көрбөгөн айрым ачуулуу чөптөр анын буту-колдорун, денесин тызылдатып туш-туштан сайып да алып, андайда кемшеңдеп ыйлап ийип, бирок болбой эле ит-энесинен калып калбаганга аракеттенип баратты.

Алар жылжыма булакка келип токтошту. Бала баягыны көргөндө ого бетер аңкайды. Мындай нерсе анын түшүнө да кирген эмес. Бетин жашыл-көк балыр баскан жылмакай чоң таштын түбүнөн  билектей булак жылжып чыгып, кичинекей көлмөгө чогулуп, андан ары ийрелеңдеп каяккадыр сапарын улап кетип жатат…

Суунун жээги болгонгобу, башка жерге салыштырмалуу бу жер бетегелүү, салкын да экен.

Ошо маалда кайдан-жайдан желип-жортуп келген айдарым жел анын чачтарын дирилдетип, бети-башынан сылап, көңүлүн элеп-желеп кылып жиберди. Ошого маашырланып, адатынча ээгин саал өйдө көтөрүп, көздөрүн жумуп, кыткылыктап күлүп, айланасына күлкү чачып жатты бала. Жата калып, чөптөрдү тиши менен кырча-кырча тиштеп, даамдап да көрүп атты…

Ит-эне баланын кубанычына жетине албай, куйругун чамгарактата  “арс-арс!” — үрүп, анан булакка ээк салып, көздүн жоосун алып, мөлтүрөгөн нерсени тим эле ырахаттануу менен шалпылдатып иче баштады. Энесин таң калгандай карап туруп, баласынын да табити ачылып кетти анан. Шилекейин “кылк” жутуп, бирок кантип ичээрин билбей жаткандай сууга жакындап келип, энесин туурап эңкейе калып, сууга тилинин учун салып көрдү да, анан кадимки ит-энесиндей бирде шалпылдатып, бирде шимирип иче баштады.

Ушул тапта Кумайык баланын суу ичкенин ырахаттана тиктеп туруп, оюна бир нерсе түшүп кеткендей ордунан ыкчам туруп келип, баланы сууну көздөй жөөлөп, түртүп өттү.

Муздак сууга кулап түшкөн дырдай жылаңач бала адегенде эмне болуп кеткенине түшүнбөй алактап, ичиркенип, тегерек-белин туш келди чапчыгылап, какап-чакап, суудан чыга качууга аракет жасады. Ушу саамда ит-энеси да суу кечип, уулуна көрүнүш үчүн атайын эле суунун үстүндө ары-бери оонап, билектей жылжып аккан булакты чалпылдата шапшыгылап жиберди. Аны саамга нес боло карап турган бала анан өзүнө чачыраган суудан качып, кыткылыктап күлүп жатты.

Экөө антип көпкө ойношту. Бир убакта анан чарчагандай көк майсаң чөптүн үстүндө экөө тең күнгө жондорун кактап, эс алып жатышты да, үйлөрүнө тээ көз байланган кезде кайтып келишти.

Ошол күнү бала бут серппей, тынч уктады. Ит-энесине баласынын дене-бою жылмакай тартып, жыты да оңолуп калгандай сезилди.

Ошондон кийин экөө ээрчишип алышып, жылжыма булакка келип суу ичип, ойноп кетип жүрүштү. Бара-бара баласы энесинен калбай, бучкактап ээрчигенге үйрөндү. А бирок, күндүз артынан калбай чуркаган баласын кечинде сес көрсөтө ырылдап, ачууланып жүрүп, акыры аны түнкүсүн да эмес, таңга маал гана ээрчигенге үйрөттү Кумайык.

Анткени, бир сапар караңгыда бала түп-түз барып эле чуңкурга түшүп кетип, араң чыккан. Бети-башы тытылып, анысы кийин карттанып, далайга чейин карала-торала болуп жүргөн. Буга окшогон жагымсыз окуялар андан кийин да бир топ жолу кайталанып кетти. Ошондон кийин гана адам баласы караңгыда көрбөй тургандыгын билди ит. Баланы кечкисин үйдө калтырып, таңга маал гана алып чыкчу болду. Андайда таттуу уйкунун кучагында уктап жаткан баланы түрткүлөп, жалап-жуктап, шыйрагынан тиштегилеп жатып ойготот да, ээрчишип алып шаарды көздөй жөнөшөт.

Экөө адегенде эле баягы таштандыга келишет…

Андан ары Аруузаттардын үйүн акмалап карап отурушуп, жерге жарык түшө баштаган маалда жылжыма булакка, анан кепеге кайтып кетишет…

 

***

Тээ башта, бала чоңойсо эле, бар азаптан арыла түшчүдөй сезилчү. Тескерисинче, улам барган сайын түйшүгү, убайымы арбып барат. Адамдын баласы болгону менен, алардан алда канча айырмаланган бу байкуш кайсы бир каргашалуу күнү таш боор адамдардын же жырткыч айбандардын назарына илинип калабы деп коркот.

Мунун да ошолордой басып-турушун, адамча үн катышын каалайт. Бала болсо, анда-санда гана эки аяктап тура калганы  болбосо, дале баягысындай — төрт аяктап чуркап жүрөт. Балага адамча тил бүтчүдөй, бүдөмүк үмүтү да бар эле иттин. А бирок, ит-энесин туурап борсулдап үргөнү болбосо…

Ит-эне шаарды аралап чыккан сайын өз баласына окшогон балдарды байырлап, алардын баскан-тургандарына, кыймыл-аракеттерине, сүйлөгөн сөздөрүнө назарын төшөйт. Ошолордун катарына баланы да кошуп жибергиси келип кетет… Бирок, анын баласы адамдардын караанын алыстан көрүп, аңкайып караганы эле болбосо, өзүнүн да адам тукуму экенин ойлой элек.

Бир жолу жылжыма булакка ит-энесинен мурда жетерин жетип алып, тунуп турган булактан өз кебетесин көрө коюп, бир далай жерге чейин “үркүп”,  ыргып-секирип кеткен. Сыягы, ошол убакка чейин өзүнүн кебетесин ал кудум ит-энесине окшош деп жүрсө керек. Суу түбүндө аны өзү эмес, алыстан гана көрүп жүргөн таң калыштуу, эки аяктуулардын бирөө-жарымы тиктеп тургандай сезилип кеткен. Качан гана артынан акактап, тилин салаңдатып жетип келген энеси  адатынча сууну шалпылдата иче баштаганда жүрөгүнүн лакылдай түшкөнү басылган. Ит-энеси булакты кечип, жанагы сөлөкөт турган жерге бүт денесин салып, боортоктоп жата калып, тура калып атып ылайлаган соң гана акырын жылып келип,  жанагы чачы-башы саксайган баланы издеп “таппай” калган.

Андан кийин жылжыма булакка келген сайын суунун астынан өзүн тиктеп турган сурма көз, эки ууртунда уячалары бар сүйкүмдүү сөлөкөттү издечү болгон. Аны көрүш үчүн сууга дайыма ит-энесинен мурда келиш керек экенин да баамдап алган. Ошого аракеттенчү болду анан.

Көнө баштаган кезде өзүн туурап, кудум өзүндөй кыймылдарды жасаган сөлөкөткө колун сунуп, кармагысы да келип жүрдү… Кийин-кийин, ошол бала – өзү экенин боолгологондон кийин  деле өзүнүн адам экенин этибар албай жүрө берди бала.

Ит-энеси менен бөтөнчө жаны бир эле. Айрыкча аны менен ээрчишип чыккан кездери жыргал ага. Анан калса, башка иттер менен да ыгы келе калганда ырылдашып, кээде төрсүлдөп үргөн болуп, сүйлөшө турган болуп алды.

Канткен менен адам баласы да, адегенде иттер кичинекей бала энеси менен ээрчишип келатканда саксактап  качып, ал тегерекке алар кеткенден кийин гана пайда болушар эле. Кийин болсо, анын деле өздөрүнө окшоп, кара курсактын айласын кылып жүргөн бирөө экенин билгенгеби, анчалык коркпой-үркпөй калышты. Ошондо да алар, Кумайыктын тумшугу таштандынын ичинде болгону менен эки көзү, кулагы, эси-дарты бала тарапта экенин жакшы билишет. Кокустан бирөө-жарымы эле бала тарапка жакындаганын байкаса, ит-энеси аткан октой атырылып келет да, ай-буйга келтирбей баса калат. Баягы-баягы жоош-момун, боорукер Кумайыктын эмнеге мындай каардуу карып баратканын ит-мышыктар түшүнмөк беле, каңкылдап каргап-шилеген боюнча, куйрукту кысып чыга беришет.

Ошондой күндөрдүн биринде Кумайык үчүн күтүүсүз бир жолугушуу болду. Бирок ал кездешүү көптөн бери иттин көкүрөк-көңүлүндө үлпүлдөп жанып жүргөн үмүттүн бир үзүмүн “үлп” эттирип өчүрүп таштады!

***

Баягы эле таштандылардын арасы. Чак түш болчу…

Эмнегедир, капысынан эле алдыда кандайдыр бир, башкача бир окуя боло тургандай сезим келди ага. Мындай туюм анда кичинекей кезинен боло турган. Адаттан тышкары бир нерсе болоордо ушинтип өзүнө-өзү батпай калат. Кожоюну өлөөр алдында да, Аруузат менен апасы көчүп кетээрде да, күчүктөрүн жоготоордо, анан кызыл эт баланы таап алаарда да ошондой болгон. Бу саам да жүрөгү опкоолжуп, кыжалаттана баштады.

Таң эрте жылжыма булактан барып эле уктаган бала оюна түшүп, жүрүшүн ылдамдатты. Эч жакка бурулбай, түз эле жаман кепесине кетүүгө ниеттенди. Бирок, таштандыга жакын жерден эле аяктары ошол жакка  “ала качып” туруп алды. Боло турган нерсе ошол жакта болуучудай көңүлү да ошол тарапка алагды эле.

Ал жаңылбаптыр..! Болжогон жерине жетип-жете электе, көзүнө бирөө-жарым чалдыга түштү. Так баягы бала ташталган жерде жүрөт. Бирок, ал өзүнө окшогон селсаяк ит-мышык эмес, адам болчу! Болгондо да – аял окшойт!  Алда неден шектенген Кумайык токтоп, отуруп калды. Тумшугун алдыга созуп, жыт искеди. Бирок, аралык алыс болгонгобу,  таштандынын каңырсыган ачкыл жытынан башканы ажыратып биле алган жок. Жанагыдай алып-учпай, эми жылжып өтө сак, бирок алиги “караанды” жаздым кетирбей теше мээлеген боюнча келатты.

Ал жакын келгенде да алиги караан аны байкаган жок.

Кумайык аны далысынан тиктеп турду да, издегенин тапкан окшоп, бир убакта серпиле түштү..! А бирок анын ошол экенине биротоло ишенейин дедиби, капталдай басып,  тигинин бет маңдайына келди да, бирок көзүнө илинип калбаш үчүн бөгүп, жатып калды. Бет маңдайында отурган аялды бир топко чейин анан таанып да, тааный албай да, окшоштуруп, окшоштура албай да турду ит. Көз алдына мындан алты жыл мурунку окуя  — ошондогу баласын атайылап эле таштай салып, артын карабай качып кетип бараткан аялзаты элестеди. Анын чачтары анда минтип түйдөктөшпөй, айдарым желге дирилдеп, желбиреп учуп турган. Кийингени да мындай самтырак эмес болчу. Турган турпаты да башкача – чыйрак, тың, шайдоотураак өңдөнгөн…

Караңгынын кара боегу акырындап  өңдөн азып, суюлуп, айлана-тегерек агыш тарта баштады. Бул убакта бала уйкудан ойгонмок.  Ошо эсине түшүп, тээ жаман кепеси тарапты бир серпиле карап алды да, бирок бу жерге байланып калгандай кете албай койду ит.

Аял бир нерсе издегендей, колундагы таягы менен ар кай-ар кай жерди чукулап, же ыйлап жатканы, же ырдап жатканы белгисиз кыңылдап, кээде эт бетинен, кээде чалкасынан кулап түшчүдөй алдыга-артка ыргалып барып, бирок өзүн-өзү кармап, боюн түзөп бир азга туруп калып, кайра баштан издегенин улантып жүрдү.

Кумайык анын бар  кыймылынан көзүн албай, былкылдабай жата берди да, качан гана ал так бет маңдайына келе калганда гана ордунан тура калды.

Аял да коркконунан ыргып-секирип кетти! Бири-биринен чочулаган экөө тең артка эки-үч кадамдай кетенчиктеп барышып, бири-биринен бир нерсе издегендей тиктешип, катып калышты.

— Ошол… сенби?! Сенсиңби?! – бир убакта аялдын көздөрүндө, ыраңында ушундай ачуу кыйкырык пайда болду. Ошону туя койгон ит да же күйүнгөнү, же сүйүнгөнү белгисиз, октоло түштү.

— Сенби?! – деди өпкөсү көбө түшкөн иттин көздөрүндөгү жазуу. – Акыры бар экенсиң го?!

Ушу саам иттин көкүрөгүн жек көрүүгө да, а бирок, кандайдыр ишенимге да, үмүткө да окшогон бир нерсе тиреп, тээп чыкты:

— Баланы таштаган, ал экөөбүздү канчалаган азапка салган… таш боор эне сен экенсиң да?! Канча издедим сени?! Карегим, эси-дартым, жылдарым  издөө менен өтүп келатканын билесиңби?! – эгерде тили болгондо, балким ит адегенде кепти ушинтип баштайт беле?..

Жансыз немедей катып калганы менен, ошол эле убакта аялдын муун-жүүнү титиреп, колу-буттарын майда толкун сыяктуу калтырак баса баштаганын сезди ит. Ушул убакта  ит аял менен баланын  бири-бирине куюп койгондой окшош экенин көрдү. Ушу азыр кейпи кетип турганына карабай, кой көздөрү балбылдап, узун кирпиктери төгүлүп, эриндери бөрсөйүп, кол менен жасап койгондой татына болчу аял.

Кумайык аны уулу менен элестетип да жиберди…

Тигине, эне-бала башкалардай  жетелешип алышып, кайдадыр кетип баратышат… Экөө тең ушунчалык бактылуу. Ушунчалык сулуу… Бул дүйнөнүн жарашыгы ушул экөө гана сыяктуу…

Аңгыча Кумайык “селт!” этти. Анткени, элесиндеги татынакай кийинген сулуу эне капысынан эле эки тизесин муштагылап, ай ааламды жаңырта чаңырып жиберди:

— Жого-ол-л дейм!!!

Иттин эми элеки аз-аздап жумшарып, жакынсый баштаган дүйнөсү бир катуу силкинип, башка жеген эмедей дене бою муздай түштү.

—  Ыр-р-рр! – деп анан арсайган тиштерин көрсөттү. Ошондо да андан: “Айланайын, балам кайда?! Аны эмне кылдың эле, кокуй?! Мен акмак болупмун, мен ит болупмун! Тап баламды?! Мен аны издеп жүрбөймүнбү! Мен ансыз жашай албайм!” – деген өтүнүчтү, өксүктү күттү.  А бирок аял анткен жок. Чачы-башын саксаңдатып, же акылынан айнып калганы, же алагүү болуп алганы, же коркконунан өзүн жогото салганы түшүнүксүз, албууттанып кыйкырып-өкүрө баштады:

— Эмне?! Баламды жегениң аз келгенсип, мени да жегиң келип атабы?! – колу менен шаар тарапты жаңсап койду. –  Андай кыйын экенсиң, эмне үчүн тигилерди жебейсиң?! Же ар ким тепсеп, тебелеп, акыры кереги жок кагаздай ушалап-ушалап ыргытып жиберген дармансыз аялга, алсыз балага эле алың жетеби?! Ыяа-аа?! Билесиңби, мен сени жеп, тоюп алсын деп төрөгөн эмесмин аны! Керек болсо… төрөбөйт да болчумун! Мени ошого мажбур кылышкан! Мени аргасыз кылышкан!!!- аял дарылдап ыйлап, өз башын өзү муштагылап, тизе бүгүп отуруп калды. — Аа-а-а!!

— А сен азыр анын кандай бала болгонун билесиңби?! – ит  ушуну аялга айттым деп ойлоду. Андан ары аялга бир-эки кадам жакын келип,  а бирок көк желкесин түктүйтө, тиктеп туруп ырылдады:

— Мен сенин балаңды ит-мышыктан коруп канча отурдум ошондо?! Андай экенсиң, эмнеге кайтып келбедиң?! Андан кийинчи?! Сени издеп, ушул тегеректи акмалап, айланып-тегеренип канча жүрдүм?! Анда кайда элең?!

— Көргүм келбейт сени! Жек көрөм!!! – жер чапчый жыгылды аял. – Баарыңарды жек көрөм-м! Кусур урсун силерди!!! Баарыңды жек көрөм!!! – өз көкүрөгүн өзү тытмалап, жер сабап, албууттанып жатты аял.

Ит унчукпай жатып калды. Ал аялдын да  тынчып, эс алышын күттү. Ошондон кийин гана аялды эптеп ээрчитип, жаман кепесине алып барууну ойлоду. А  бирок, аял ансайын калчылдап-титиреп, беш манжасын матыра сайып алып жер тытып, анан бирдеме издеп кайсалап жатты да, колуна урунган эле нерсени ала коюп Кумайыкты уруп калды. “Ойт” бере качкан Кумайык өзүнүн ит дүйнөсүндө ага жакшы эле баарын айтып, түшүндүргөнсүп жатты.

— Эмне ырылдайсың?! Эмне?!  Унчукпай эле өлүп беришим керекпи сага?!

Албууттанган аял эсине келе түшкөндөй, бир кезде: “Балким бул түшүм болуп жүрбөсүн?” – дегендей көздөрүн ушалап, кайра-кайра ачып-жуумп, анан жакшылап карады. Тилекке каршы, бет маңдайында турган ит эми ага ого бетер дааналанып көрүндү. А бирок анын көздөрү бу саам аялды кудум адам баласына окшоп аяп да, жекирип да карап тургандай сезилди:

— Эмне?! – деди ошого аял жанагыдан жоошуй унчугуп. – Эмне карайсың антип?! Же сен да мени күнөөлөгүң келип турабы?! …Ооба, күнөөлүүмүн! Бу жарык дүйнөгө сулуу, бирок бактысыз жаралып калганым үчүн күнөөлүүмүн! Жок дегенде балам болгондо эмне?! Аны да сен жеп алдың го, жырткыч!!!

Бул сөз Кумайыкка жакпай кетти:

— Ыррр-рр-рр!!! – катуулап ырылдады.

— Мен сени жек көрөм!!! – эмнегедир аял итти бир топко чейин тикирейе тиктеп туруп, үнүн пас, бирок ушул сөздү бүткүл жандүйнөсүнөн сызылтып, сыгып алып айтып жаткандай баса айтты. Унчукпай, өзүн  карап жаткан итке эми өзү жакындап, тизелеп жыла баштады аял:

— Эмне?! Эмне тиктейсиң, антип?!.

— !!!

— Сен эле калдың эле, мага сугуңду артпаган!.. Шилекейиң чууруп, напсиң бузулуп атабы?! Бу замандын иттери да бузулган!

Өзүнүн жакжайып ачылган көкүрөгүн, бир карыш болуп керилген мойнун, бети-башын сыйпалап өксүй да, аялуу да айтты эми:

— Кайда калбаган дене, кайда калбаган жан..! Тажадым баарынан… Ме, жей бер эми! Үзүп-жулкуп, тытмалап, каалашыңча же! Адам карышкырлардын далайына ошентип жем болгомун! Кел, бери? Күчү-күчү?!.. Шык-шык… – таңдайын шыкылдатты.

Ал бир топ жакындап келгиче Кумайык аны кыймылсыз, телмире тиктеп турду да, эмнегедир ыйлагысы келип, муун-жүүнү бошой түштү. Анан так маңдайына келип калган, чачы саксайып кеткен, оозунан ачкыл, денесинен тер жыттанган, көкүрөгү жагжайып ачылган  аялдан көздөрүн  шарт тартып алды да, андан ары артына кылчайып  да койбой, баланы көздөй алып учуп баратты…

Кумайык келгенде бала ойгоно элек болчу. Ит-энесинин дабышын туюп, кудум иттей сергектик менен баш көтөрүп, көздөрүн ушалап отура калды. А бирок ит-энеси таарынган эмедей буркуюп, эки астыңкы бутуна ээгин жөлөгөн тейден, көпкө чейин кыймылсыз жата берди. Бала ит-энесинин мойнунан кучактап, көздөрүнө жароокерлене тигилди. Ит-энеси аны бир азга тиктеп жатты да, баланын бетин жалап-жуктап койду.

 

***

Эмнегедир, эртеси аял таштанды жайга дагы келди.

Бу жолу да бир нерсе издегендей колундагы чыбыгы менен жер чукулап, кыңылдап басып жүрдү. Анткен менен ал өзүнөн мурда келип, бар кыймылына назар салып, баятан бери карап жаткан итти байкаган жок. А бирок улам айлана-тегеректи, кечээ ит жаткан тарапты  улам кылчайып карап коюп атты.

“Баласын издеп жүрөт…” – Кумайыктын оюна ушул келди. Балким, баласын таап алса, аял бакыттан башкача болуп өзгөрө түшчүдөй сезилди ага. Көздөрүн жумду… Алыстан эле бири-биринин жытынан сезип,  айланып-тегерене түшүшүп, анан кучак жая чуркап, кучакташып алып, кубанычтан  көл-шал түшүп ыйлап алышкан экөөнү элестетти… Өзү да дене бою балбырап, муун-жүүнү бошоп, эмне кылаар айласын таппай, алдастап калды…

Ушул сезимди жоготуп албайын дегендей, көздөрүн жумуп дагы бир азга жатты ит. Анан ордунан “шарт” турду да, жаман кепесин көздөй алып-учуп жөнөдү!

Үйүнө жетип-жетпей эле арсылдап үрүп келатты ит. Ит-энесинин дабышын алда кайдан уккан бала ойгонуп, анын адаттан тыш жоругуна таң калгандай, элейип сыртка кулак түрүп калды.

— Арс! Арс!!! – шаштырып кирди ит. Бала көздөрүн ушалап, ордунан тура жөнөдү.

Алар баланын өз энеси жүргөн жерге бат эле жетип келишти. А бирок бала таштандылардын арасында киши жүргөнүн көрүп, эмнегедир жүрөгү “болк” дей түштү. Анткени буга чейин ит-энеси аны эки аяктуулардан ала качып, алардын көзүнө чалдыктырбаганга аракет кылчу. Ошондуктан бала аларды өтө коркунучтуу жандыктар катары түшүнчү.

Ит да басыгын жайлатып, чакан бадалды далдоо кылып токтоду. Буга чейин адамдарды мынчалык жакындан көрө элеги үчүнбү, же тигинин өз энеси экенин сездиби, айтор, кичинекей жүрөгү азыр кабынан чыгып кете тургандай катуулап согуп, көкүрөгүн түрсүлдөтүп ургулай баштады. Ошол түрсүлдөктү бүтүндөй аалам тыңшап калгандай, атүгүл азыр алиги аял да угуп койчудай ыңгайсыздана баштады бала.

Кумайык да баланын денесин майда калчылдак басып кеткенин сезди. Өзүнүн да тулку боюн кызганычка окшогон бир кызыктай сезим каптап, каны дүргүй түштү. Кантип кыңшылап жибергенин өзү да байкабай калды анан…

Ошону эле күтүп тургансып, аял да алар тарапка “жалт” карап алды..!

А бирок Кумайыкка артка эми жол жок сыяктанды…

“Канча жыл мурда баланы ушул жерден, ушул аялдан алганы калп беле?! Эми кайра энесине бериш керек!..” Кечээтен бери ушул ой көкүрөгүнө кыттай болуп уюп калганы үчүнбү, кандайдыр бир күч аны ошол жерге матап, кадап таштады.

Аял да жүрөгү бир нерсени сезгендей, аларды көздөй келатты..!

Бала өзүнүн жандүйнөсүндө, көкүрөк-көңүлүндө болуп жаткан бейтааныш, белгисиз бир туюмга түшүнө албай, көрүп жатканына таң калып да, коркуп да, бу жерден бат эле көздөн кайым болуп кеткиси келип, а бирок ит-энесинин кебелбей жатканына ишене албай, келе жаткан эки аяктуу немени карап, эс-мас боло берди.

“Шырп-шырп…!” – кадамдар жакындоодо!.. Аз-аз… Аз эле калды..! Мына, азыр эне-бала бири-бирин тиктешип, селейип саамга катып калышат да, анан бири-бирине кучак жая чуркашып,  Кумайыктын бар экенин да унутуп калышып, деги эле бул ааламда өздөрүнөн ашкан бактылуу адам жоктой сезилишет!..” — канчалык кыйын болсо да, ушундай элестетип, ушундай болушун каалап, унчукпай жата берди ит.

Бирок… Ал ирмемдердин келиши учу-кыйры жоктой, өтө узакка созулуп баратты ага.

Экөөнө он беш, жыйырма кадамдай жакын келип калган аял кудум кечээкисиндей артка-алдыга акырын теңселип, кечээкидей эле көкүрөгүн жакжайтып, береги экөөнү бүшүркөй тиктеп, туруп калды…

Ошол тапта тээ тоо жактан келген айдарым жел аялдын чачтарын, этек-жеңин делбектетип өттү эле, кечээкидей эле ачкыл жыт экөөнү каптап өттү.

Жапайы бала менен итти нес болуп тиктеп турган аялдын колунан бир убакта бөтөлкөсү түшүп кетти. Андагы ачуу суунун “кул-кулк” этип төгүлүп атканын да байкабай, аларды карап аңкайып катып турду да, эсине келе түшкөндөй “селт” этип алды аял.

“Мына, тааныды! – деди ит оюнда. – Азыр… Азыр башталат…”

Жок! Бирок, ал ойлогондой болбой калды! Аял уйкудан ойгонгондой эсине келе түштү да, оозунан билинер-билинбес суусу агып, жерде жаткан бөтөлкөнү өтө аялуу бир нерсесин түшүрүп жибергендей баса калып, баары агып калган жокпу дегендей, шишенин түбүн шыкаалап карап койду. Дагы төгүлүп, бөөдө жок болбосун дегендей анан калганын кылкылдатып жутту да, бошой түшкөн идишти бала кучактап тургандай көкүрөгүнө кысып, алдейлеп жаткандай түр кылды.

“Мына, эми… эми башталат!” – Кумайык эне-баланын жолугушуусун күтүп жатты.

Бир убакта бала бир нерсени ойлой койду… Жок, ит-энесинин оюн айттырбай окуган бала анын тынч, камырабай жатышынан ушундай деп чала-була боолголоду: “Ит-энеси аны  береги, саксайган эки аяктуу немеге салып бергени жатабы?! Эмнеге?! Кантип эле?!”

— Ырр-р-р… – саал калчылдап, дирилдеген үн менен ит-энесинин оюна макул эместей, ага акараат кылгандай акырын ырылдады да, артка кетенчиктеди бала.

Ушуну эле күтүп жаткандай, баласына жооп кайтарды ит-эне:

— Ырр-рр-рр-р..!!! – Кумайык өз тилинде баласына иштин чоо-жайын түшүндүрүп, бул аял анын өз энеси экенин айтып жатты. А бирок бала ит-энесине бирде түшүнүп, бирде түшүнө албай койду.

Баарынан өкүнүчтүүсү, мас аял береги кудум бала түспөлдөнүп саксайган эменин, мындан канча  жылдар мурун өзү төрөп алып, ушул жерге, ушул итке таштай качкан өз баласы экенин эч сезбей жатты! Анын жедеп таш, муз болуп, энелик бир үзүм да мээрими калбай, акыркы убактарда ачуу суудан гана жаназык алып калган жүрөгү эч качан сезбейт да болчу аны…

Тек гана, жаман оюнда бу саам да өзү тууралуу гана ойлоду аял:

— Токто-от!!! – деп кыйкырды ырылдашып турган экөөнө. Айткандай эле, экөө аны сестене карашты.

— Талашыңар менби?! – деди мына азыр кулап түшчүдөй ыргалган калыбында. Анан айлана-тегеректи жаңырта, маашырлана  каткыра баштады:

— А-ха-ха-ха! Ой, боорум, ай! Ушу силер да?!.. – соолуга түшкөндөй заматта анан күлкүсү тыйыла түштү:

— Билесиңерби, мени кезегинде “мен” деген эркектер талашып, бири-бирин кызматтан кууп, бири-бирин бычактап, бири-бирин карактап, эмне гана болушканын!.. Жараматтанышып алдыма  — ай, үстүмө  — күн төшөшүп!.. Кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип!.. Укмуштун баарын убада кылышып!..  А бирок бири да сөзүнө турган жок! Баары алдамчы, баары..! Керек болсо, эми бир эле бөтөлкө аракка да жарашпайт! А убагында, француз коньягы, грузин виносу… башты айланткан керемет шараптарды оозума кармашчу! А мен келесоо жашоо деген дайыма эле ушундай экен депмин! Акыры, мени бу дүйнөнүн бардык башка кызыкчылыгынан да, ошол эркектерден да, арак-шараптын кудурети багынтып алды!.. Ал бар – мен бар! Ал жок – мен жок!.. Эмне, эмне тиктейсиңер мени?! Токточу, тетиги эмне өзү?!.

Көздөрүн чоң ачып, кайра-кайра ушалап, балага үңүлө карады. А бирок анда деле акылы жетпей, тааныбай койду баланы:

— Шайтансыңбы?! – деди анан чочуп кеткендей денеси “дирт” этип. – Же кимсиң?! Жалаңкычсыңбы?!. А балким, албарстысыңбы?!.

Анын эмне деп атканын баласы түшүнгөн жок. Болгону гана анын таңкалыштуу кыймыл-аракеттерине, оозунан чыгып аткан түшүнүксүз нерселерге адегенде коркуп, таң калып, бара-бара соңуркап карап тура берди.

Кумайыктын болсо, жаны ачып кетти! Бала тууралуу аялдын айткандарына жүнү түктөйүп, кежигеси үрпөйүп,  жаалы кайнап чыкты!  Эми элеки сөздөрү үчүн аялды азыр баса калып, үзүп-тытып  жиберчүдөй жаалданып, а бирок анын баланын энеси экенин ойлогондо токтоп калды.

Ошондон көп өтпөй эле экөө кайра ээрчишип алышып, артына кайтып баратышты…

Мас аял да алардын артынан бир топко чейин ээрчип, темтеңдеп келатты да, жыгылып түшкөн жеринде жатып калды …

***

Баланын энесине жолуккандан кийин Кумайык бир топко чейин чөгүп жүрдү. Эми анын баланы өз энесине таап берүү  жөнүндөгү үмүтү таш каап, ал тууралуу экинчи ойлобой турган болду.

Ошондой күндөрдүн биринде ит түш көрдү. Түшүндө Жаркынай, Аруузат менен аралашып, баягысындай эле камыр-жумур болуп жашап жүрүптүр! Бардыгы тең ушунчалык бактылуу! Атүгүл кичинекей баласы бойтоңдоп аларга кошулуп алыптыр. Баарынан кызыгы – ал да башка балдардай кийимчен экен. Ошолорго окшоп эки аяктап чуркап, ошолорго окшоп колу менен тамак жеп, кадимкидей эле адам болуп алыптыр!..

Аларды карап, кайсы бирине кубанаарын билбей, бакыттан каректерине жаш тегеренип, буттары жер баспай, тим эле аба менен учуп жүрөт Кумайык.

Бала болсо абалкысындай эле ит-энесинин үстүнө үйрүлүп түшүп, аны аяп, жакшы көрүп, быйтыйган алакандары менен көзүндөгү тамчыларды аарчыйт…

Ойгонуп кетсе, чыны менен эле бала анын көзүнөн сызылып агып жаткан жашты аарчып, аялуу карап отуруптур.

— Эмнеге ыйлап жатасың? – баласынын ушу азыр өзү кошо ыйлап жиберчүдөй болгон жүзүнөн, көздөрүнөн ушуну окуду ит.

А бирок, ит-эне эч нерсе деп айта алган жок.

Өкүнүчтүүсү, анын баарын түшүндүрүп айта албайт да болчу.

***

Бара-бара  жол жээгине шоңшоюп отуруп алып, ары-бери өткөн машинелерди карай берчү адат тапты Кумайык. Анткени, бир саам жол бойлой желип-жортуп баратып, капысынан эле кулагына машиненин тааныш үнү угула түшкөн – кожоюнунун машинеси! Бул үндү ал жазбай, миңдеген машинелердин уу-дуусунан айрып билер эле. Болгондо да тээ алыстан таанычу да, кулак түрүп, тыңшап калчу. Чындап эле кожоюну экенин билгенде гана чебелене баштачу.

— И, жер тыңшаар Маамыт, — дечү андай кезде кожойкеси ичи жылып. – Кожоюнуң келатабы?

Ушинтчү да, өзү да күйөөсүн тосконго камынып, кызын ээрчитип дарбазаны ачууга чыкчу.

Мына эми, кожоюну өлгөндөн бери сагындырган, зар кылган  ошол үн! Адатынча кулагын түрүп, саамга демин ичине ала катып калды да, жол бетинде кумурскадай кылкылдап, кыйма-чийме зуулдаган машинелердин ар бирин жанталаша карап, тааныш машинени издеп жатты… Тапты – так өзү! Машинени тааныды ит! Өчөшкөнсүп, бирок ал жолдун аркы өйүзү менен бараткан!

Жанталашып чуркап да, мойну кайрылгыча карап да  баратты. Айрым айдоочулар аны көрүп,  уурттарынан жымыйып күлүп, ал тууралуу алда нелерди сүйлөшүп коюп жатышты. Бир гана тааныш машинесинин айдоочусу аны байкаган жок. Ыйлагысы келди иттин. Антсе да үмүтү үзүлбөй, айдап бараткан адамдын ким экенин билбесе да тааныш машинени эш тутуп, өмүрүнүн акыркы күндөрү издеп жүргөн ыйык нерсесин таап алгандай, эми бир аз эле жаза тайса ошол бакыттан кол жууп, андан кийин мындай учур эч качан кайра табылбачудай сезилип баратты!

Жок! Тилеги таш капты! Бир убакта Кумайык машинени жоготуп койду. Анткени ал кайсы бир жерден ары имерилип кетчү жолго түшүп, таптакыр тескери тарапка бурулуп кеткен болчу!

Балким карылыктын белгисидир, балким бул ага катуу сокку болгондур, айтор ушу саам ага жер айлан-көчөк болуп,  бардык нерсе ордуларынан жылышып, аңтар-теңтер болуп жаткандай сезилди. Эмне болуп жатканына түшүнө албай, оорулуу иттей ошо ордунда теңселип, тегеренип туруп кулап калды. Тээ бир убакта барып эсине келди ит.

Бирок бул күн анын бүлбүлдөп өчүп бараткан дагы бир үмүтүн кайра жандырып, чыйралтып салган окшоду. Эми элдердин арасынан баланын төрөп-таштаган энесин эмес, өзүнүн кожойкелерин, машинелердин арасынан тааныш машинесин издеп, атүгүл көптөн бери барбай калган баягы үйүнө кайрадан бара баштады.

***

Бир күнү да бир укмуш окуя болду!..

Бирок бу саам бактысын кайра да жоготуп албаш үчүн ушунчалык аракеттенди ит!

Адатынча жол боюнда жатып, бир убакта “селт” этип тура калды да, азыр чуркап жөнөөчүдөй комдонуп, эки кулагы менен эси-дартын жолго төшөп, жарышка түшчү эмедей камданып, катып калды. Айткандай эле, кулактын кужурун алган миңдеген уу-дуунун арасынан баягы добушту үзүл-кезил айырмалай баштады. Жүрөгү лакылдап, денесин майда калтырак басып кетти.

Мына! Мына, ал жакындап келатат!..

Бу саам да баягыдай, машине аркы өйүз аркылуу өтүп кетчүдөй, элеңдеп ошо тарапка өтө албай турду эми. Улам өтүп кетем деп алдыга умтулган сайын, улам жетип келе калган машинелер андан буйтап, айрымдары айнектен башын чыгара калып тилдеп, ага деле болбой чый-пыйы чыгып, акыры чоң жолдун так ортосуна туруп алып үн кай тараптан келатканын аңдай албай атты. Бир убакта тапкан окшоду, машине бараткан тарапка беттенип, азыр тең жарыша чуркачудай оңдонду.

Бетмаңдай келаткандарга ал, кудум азыр машиненин тумшугуна жабышып, кол салып бой таштаганы турган жырткычка окшоп кетип атты.

Мына, жакындап калды машине! Ого бетер кулактары тикчийип, көздөрү чычаладай жанып, ары-бери “зуу-зуу!” өткөн машинелердин дөңгөлөк алдынан чыккан шамалдан дене түгү бирде өйдөнү карай, бирде ылдыйды карай жапырылып, көк желкеси түктүйүп, тарамыштай түйүлүп турду ит.

Бир убакта күткөн машинесин көрдү! А бирок айдоочунун ким экенин дароо байкай алган жок. Анткени сааттай болуп, экөөнүн ортосунда зымырап башка машине келаткан болчу.  Ага деле кайыл эле! Чымын-куюн болуп, дөңгөлөктөрдүн арасында бирде дөңгөлөктөй тоголок боло түшсө, бирде узунунан чубала түшүп, чуркап баратты ит.

Ортодогу машине өтө берген кезде рулдагы айым да жандай чуркаган итти байкай коюп, эмнегедир кайра-кайра үңүлө карап, анан шашкалактай түшкөндөй болду. Бир маалда ит машиненин айдоочу тарабына өтүп, саал акырындай калган машиненин айнегине жакындай түшүп жатты.

Айым да эмне кылаарын билбей, алдастай түшкөн окшоду! Сыягы ал да Кумайыкты тааныды! А бирок машинени токтотконго ылайыгын таппай, “аварийка” жарыктарын жалпылдата жандырып таштап, ыңгайын таап жол жээгине чыкты да, машинени токтотуп, жерге түшкөнчө  шашты.

А бирок, тээ канча чакырымдан бери буту-бутуна тийбей чуркап келгенге күйүгүп,  көл-шал түшүп, тили салаңдаган Кумайык кожойкесин көрүп эле өзүн таштап, күү менен келаткан боюнча томолонуп-тумаланып барып кыймылсыз жатып калды!

Баш көтөрүүгө дарманы жок, жерде сулап жатты ал!

— Кумайык?! Кумайык?! – иттин жаагына алаканын төшөй коюп, алапайын таппай, ыйлап жиберди аял:

– Сенсиңби, Кумайык?! Байкушум ай! Бар белең сен?! Тирүү белең?! Кантип калгансың деги?! Байкушум ай?! Мени кантип таап алдың байкушум?

Баягы жумшак, мээримдүү алаканы менен иттин башынан сылай да, өткөн-кеткени эске түшүп, солуктап ыйлай  да берди аял. Анын каректеринен тамган ысык жаштар иттин тумшугуна, бети-башына таамп жатты. Кожойкесинин ый аралаш болсо да тааныш, жагымдуу үнү… мээримдүү, жумшак алакандары… Мындай күндү ал качантан күттү эле?! Канчалык кыйын күндөрдө да ушулардын элесин эш кылып, кайраттанып, ушул күндү келет деп ишенип жашачу эмес беле?!

Бир чети, мунун баары тең түшүндө болуп жаткандай, уккан кулагына, көргөн көзүнө ишенип да, ишенбей да, айтор, бакыттан бүт тулку-бою, сезим-туюмун жогото эс-мас болуп,  антсе да, эгерде азыр көздөрүн ачып, же кыймылдап ийсе эле, ушул бактысы жоголуп кетчүдөй, кожойкесин жалдырап тиктеген тейден жата берди ит.

— Кечир мени? – деди аял ыйлап жатып. – Башкалардын тилине кирип, сени журтка таштап кеткеним үчүн кечир?! Кожоюнуңду жаныңдай көрчү эмес белең, ал кирип-чыккан жерди акмалап жашасаң, жеңил болоор дебедимби, курган жаным! А кийин телефон чалып сурасам, сени эчак өлүп калды дешпеди беле?!. Эмнеге антишти экен?!  — аял бышактап, ыйлай берди…

Тээ бир оокумда барып, итке жан кире түшкөндөй болду. Адегенде куйругу аста кыймылдап, анан тумшугун жылдырып, соороткусу келгендей, кожойкесинин  карады.

— Кумайык?! – ыйын токтото, шашкалактап кетти Жаркынай.–Тирүүсүңбү?!

Адегенде буттары шалактап, жансыз немедей сезилгени менен, бара-бара өзүнө келе баштады ит. Аны көрүп, кубангандан аялдын көздөрүнө кайра да жаш тегеренип, жүзүндө жылмаюу пайда болду:

— Кумайык?!  Алтыным кумайык! Тирүүсүңбү?! Тур! Тура гой, – деди өзү да жөлөп-таяган болуп. – Коркуп кеткенимчи…

Кумайык ордунан турду да,  “жалп” этип кайра жатып калчудай ары-бери сендиректеп барып, оңоло баштады. Жанатан берки дене-боюна жабышкан жанчылууну  күбүп салгысы келгендей, бир убакта  силкинип-силкинип алып, айткандай эле кадимкисиндей тириле түштү. Куйругун чамгарактата “арс-арс!” үрдү.

***

Кумайык адатынча машиненин ичине чуркап кирип ары жакты, бери жакты жыттагылап, сагынычы тарабай, кубангандан эмне кылып ийер айласын таппай,кайсалактай берди.

— Айтчы, кайда жүрдүң? – деди рульда отурган аял да жетине албай.

— Эптеп күн өткөрүп жүрдүм да, — дегенсип кыңшылап койду ит.

—  Аябай жүдөпсүң,  — иттин кирдеп, жүдөп калганынан улам ушинтти аял.  —  Кыйналсаң керек?

— Арс! Арс!

— Эч нерсе эмес, баары жакшы болот. Үйгө барабыз… Жуунуп-тазаланасың… Кеттикпи? Баса, кайра келип үй сатып алганбыз…

Жолдо келатып, оюна бир нерсе түшүп кеткендей, тунжурай түштү аял:

— Эсиңдеби, баягы биз көчүп кеткен күн? Ошондо сени калтырып коюп, жол бою Аруузатка кошулуп өзүм да ыйлап бардым. Көздөрүң жалдырап, бир заматта мусаапыр кейпин кийип, адам түгүл Кудайдын боору ооругудай элең ошондо..! Бирок, силерсиз жашоо бизге деле оңойго турган жок. Көпкө чейин кыйналып жүрүп, жакындан бери эле өзүбүзгө келдик. Чынымды айтсам, мени Аруузат гана сактап калды. Ошол кыз үчүн кармалып калдым да, болбосо, мага жашоонун кызыгы деле жок болуп калган… Бирок Кудай мени туура жолго багыштады. Беш маал намаз окуп, ошону менен жандүйнө азабынан чыгып кеттим… Болбосо, капыстан өз жаныма кол салсам, акыретте  азабын тартмак экемин. Бул – чоң кыянаттык, чоң күнөө экенин кийин билбедимби. Жараткан жазган тагдырга нааразы болбош керек тура. Анткени, Кудай бизди ошентип сынайт экен. Сабыр кылганга жакшылык ыроолоп, сабыр кылбай, кейип, нааразы болгондорго андан да жаман сыноо берип коюшу мүмкүн экен.  Иши кылып, айыптуу ой-ниеттерим үчүн тообо келтирип, бар жакшылыктарга шүгүр дегенге үйрөндүм.

Анан минтип, кайра өз калаабызга көчүп келдик. Акбардын өлгөн күнүндө куран окуттук. Киши аябай көп болду. Бирок, баягы  эки досу гана келген жок. Акбардын  тирүү кезинде тим эле жайдаңдашып, төрүбүздү берчү эмес эле. “Адам аласы – ичинде” деген чын окшобойбу, — кожойкеси ушинтип кобурап жатты,  —  Кийин бирөөлөрдүн айтымында, ошол эки досу Акбар менен тымызын жоолашып, бизнесине билгизбей душмандык кылып,  кара санап жүрүшкөн экен. Эмнегедир, өлтүргөндөр ким экенин деле ошолор билчүдөй сезиле берет. Бир-эки жолу кеп кылсам, ыргып-секирип, уккулары да келбей койду эле. Кудайга койдум дегемин…

Баягы каргашалуу караңгы түндү эстеп кетти Кумайык. Акбарды жайлап коюп, түн жамына качкан эки “достун” тарбаңдаган карааны көз алдына тартыла түштү. Так ошондогудай  жаалы кайнап, көк желкеси түктүйүп,  денеси тарамыштай түйүлүп:

— Ырр-ррр!!! – деди. Өткөндү эстеп,  жайбаракат сүйлөп отурган Жаркынай уйкудан ойгонгондой боло түштү. Бирок ал Кумайыктын баятан айтылгандын баарын угуп, түшүнүп, кимгедир кыжына түшкөнүн баамдады да, эки ийнин солкулдата тээ тереңден үшкүрүп:

— Болуптур… Баарын Кудай көрүп турат. Айтмакчы, алар деле жыргап кетпептир. Бирөөсү өгүнү бала-чакасы менен жол кырсыгына кабылып, кыйын абалда жатат дешкен. Бирөө да банкрот болуп, үй-жайын сатып, тентип калган имиш.

Жаркынай өзүн тиктеп, угуп отурган иттин башынан сылады:

— Экөөбүздүн жолукканыбызга Акбардын арбагы деле сүйүнүп жатса керек, ээ? Ал сени алып келген күнү баарыбыз ушунчалык сүйүндүк эле… Мына, эми үйүбүз дагы бирге толукталды… Бир гана Акбар жок…

— Кың-ң… кың-ң… – зээни кейигендей кыңшылап ийди ит.

— Баса, биз менен жашайсыңбы эми?

Көктөн тилегени жерден табылгандай, кожойкесинин колдорун жалагылап жиберди.

— Жарайт, — жылмайды кожойкеси. – Анда кеттик. Аруузатты бир сүйүнтөлү дейсиң!

Машине от алып, ордунан козголду. Баягы бактылуу кези кайрылып келгенине ишенип да, ишенбей да,  буга чейинки бардык кыйынчылыктарды, азап-тозокторду унутуп, кудум абада учуп, булуттун үстүндө бараткандай жаны жыргап, жумшак отургучта магдырап баратты ит.

***

А бирок, бир убакта эсине бала  түшө калды!  Кекиртегине катуу бир нерсе кептеле түшкөндөй, артты карады. Машиненин дөңгөлөктөрүнүн алдынан чубалган жолдор ийрелеңдеп калып жатат..!

Кумайыктын көз алдына тээ алда кайда калган жаман кепенин ичинде  ит-энесин чыдамсыздык менен  күтүп, эски дубалдардан башын соксойтуп шаар жакты карап, беттери ботала болуп, болбурап карап турган баласы элестеп кетти. Ошого удаа эле баягы-баягы, кожойкеси менен Жаркынай көчүп бараткандагы өзүнүн жан чыдаткыс абалы кайра баштан жандүйнөсү аркылуу сызылып өтө баштады.

Кыйпычыктап, кыңшылап, жандалбасатап жиберди.

— Эмне болду, эшикке чыгасыңбы? – аял машинени жол жээгине токтотту да, Кумайык отурган жактагы эшикти ачты. Кумайык машинеден атып чыкты да, келген жагын карай чымын-куюп болуп чуркап кетип баратты!..

“Ээн, жапайы турмушка көнө түшсө керек…” — деп ойлоду ичи тызылдай түшкөн Жаркынай аны артынан карап туруп. Бирок, бир топко чейин жетип калган ит бир убакта артына кайра бурулду да, шоңшоюп отура калып, кайра ордунан тура калып Жаркынайга келатты.

— Баргың келбей жатабы? – Жаркынай жанына келген иттин башынан сылады. – Өзүң бил.

Өтө аялуу, кымбат нерсесин унутуп калгандай, кайдадыр карап кыйпычыктаган ит арсылдап үрүп жиберди.

— Арс! Арс! — бир нерсе айта албай жаткандай чый-пыйы чыгып, тыбырчылап турду ит. Атүгүл анын каректерине жаш кылгыра түшкөнүн байкады аял:

— Балким, ал жакта  күчүктөрүң бардыр?  — деди ошондо гана боолгологондой.

— Арс-арс! – “ошондой” дегенчелик маани берди ит.

— Жарайт, анда. Кайра баралыбы?..

Кайра артына бурулган машине бирде алдыга өтүп кетип, бирде артта калып, жол баштап чуркаган Кумайыкты ээрчип жай баратты.

Анча алыс эмес жерден Кумайыктын мурдуна май токочтун жыты келди. Бараткан багытынан жаңыла түшкөндөй, наабайкана тарапка буйдала карады  ит.

Кулагына ак көңүл наабайчынын: “Жигит кезимде Жаркынай аттуу кызды сүйгөмүн…” – дегени угула түштү.  Ошол эле убакта баласынын жол карап турган элеси көз алдына тартыла калып, жаман кепесин көздөй алып учуп жөнөдү.

***

Дубалдын кырына минип отуруп алган бала ит-энеси менен эки аяктуу немени алыстан эле көрүп, бир топко элейип тиктеп турду. Алар улам жакындаган сайын, энеси кандайдыр бир шумдукту ээрчитип келаткандай сезилип,  денесин жыйрып алды. Ичкерини карай кайра шыпырылып түшүп, эми дубалдын тешиктеринен шыкаалап карай баштады.

Бала көргөн көзүнө ишенбей, дендароо болду. Жагымдуу да, жагымсыз да экени белгисиз, кандайдыр бир чоочун сезим  бүткөн боюн бийлеп, каны дүргүп, башына тээп чыкты! Кудум өгүнкүдөй болуп, жүрөгү да көкүрөгүн катуу-катуу ургулап, тез-тезден сого баштады.

Кептин чоо-жайын, эмне болуп жатканын түшүнгүсү келгендей, кудум ит-энесине окшоп тумшугун өйдө көтөрүп, жыт алып да көрдү. А бирок, анысынан майнап чыккан жок. Баары бир эле жанагыдай, түшүнүксүз боло берди баары.

Алар жакындап калышты!

Төрт аяктап, жандалбастаган бала тар кепенин ичинде ары чуркап, бери чуркап, жанын коерго жай таппай баратты. Кудум итче кыңшылап,  бурчка барып жашынып, кыпчылып отура кетти.

Дубалдан адегенде ит-энеси кирип келди да, коркконунан калчылдап отурган баласын адатынча  жыттагылап, бети-башын жалап-жуктай баштады. Ошондо гана бала анын жамандык алып келбегенине ишенгендей, эреркегендей мойнунан “шап” кучактап, көпкө чейин кое бербей туруп алды. Эгерде азыр ит-энесинен ажыраса эле алиги эки аяктуу неме дубалдан артылып түшүп, баланы баса калчудай сезилип кетти ага.

— Коркпо! Биз эми бул жерден кетебиз да, адамча жашайбыз! – ит-энесинин кыңшылап, арсылдап үрүшүндө ушундай маани бар болчу. Анан калса,  ит-энесинин кыймылында, добушунан баягы жолкудан башкача, кандайдыр бир кубанычтын, жакшылыктын, ишенимдин  жышаанын туйду бала. Анын үстүнө, ортодон саал убакыттын өтүшү да баланын бүткөн боюндагы эми элеки  коркунучту таратып бараткан. Ошону түшүнгөн ит-эне баладан боюн оолактата калып, кайдадыр шаштыра баштады. Анын бар кыймылында, көздөрүндө:

— Коркпо! Коркпо, – деген гана түшүнүк бар эле. Бала анын эмнеге антип жатканын анчейин түшүнгөн жок, тек гана Кумайыктын соңунан ээрчиди.

Бери имериле бергенинде иттин көзүнө Аруузаттын куурчагы уруна түштү.

***

Бул убакта Жаркынай Кумайыкты сыртта күтүп турган.

Айткандай эле, бир маалда Кумайык “сорок!” этип дубалдын кырына чыга калды эле, аны көргөн кожойкеси катты да калды.

Анткени анын оозунда тиштеп турганы күчүк эмес – куурчак болчу!

Көйнөгү да, бети-башы да карала-торала болуп кирдеген оюнчукту бүшүркөй карап калды аял.

Дубалдан секирип түшүп келген ит  оюнчукту кожойкесинин алдына таштады.

— Ализа?! – деди аял куурчакты колуна ала коюп. – Муну сен…

Ит дагы бирдемеси калып калгандай, дубалдын ары жагына карап арсылдап үрүп, кимдир бирөөнү чакырып жаткан окшоду.

Жаркынай эми дубал тараптан көзүн албай, азыр дубалдан Кумайыктын өзүнө окшогон күчүктөр чубуруп түшө баштачудай карап турду.

Бирок, аялдын жүзүндөгү жылмаюу акырындап “жалп” эте түштү. Анткени, дубалдын кырынан иттин күчүгү эмес, башка бир сапсайган, түшүнүксүз нерсенин башы чыга калып, кайра “култ” этип кирип кеткен болчу! Жаркынайдын жүрөгү “болк” этти.

Кумайык болсо, ошол белгисиз нерсени баягысындай эле мээримдүү көздөр менен  чакырып, куйругун шыйпаңдатып үрүп турду…

Тээ бир топто барып, бир карасаң адам баласынын башы кейиптенген, а бирок бети көрүнбөй, чач баскан түшүнүксүз бирөө  кайра да жарым жартылай пайда болуп, Жаркынай экөө бири-бирин нес болуп тиктеп турушту…

Кумайык болсо, башын улам бир жагына кыйшайтып, көздөрүн жайната кыңшылап, үрүп, чебелене берди.

Жапайы бала аялдын  турпатына, өңү-түсүнө көз салып, атүгүл анын   кирпигинин ирмелишинен бери байкап, кокус бир жагымсыз кыймылды байкай калса, ары жакты көздөй “култ” этип кире качууга даяр эле.

Кумайык эми эки бутун ээгине төшөп, жата кетти. Анткен менен эки көзү, эси-дарты  бала менен адам-эненин  бири-бирине болгон “мамилесинде” болуп жатты.

— Сен кимсиң?! – адам-эненин көкүрөк-көңүлүндө, көздөрүндө ушул суроо айланып турду.

— А сен кимсиң?! – бала да ага ушул суроону узатып турган.

Акыры, ортодогу аралыктын, убакыттын мынчалык узарып кеткенине чыдамы жетпей кеткендей, Кумайык  ордунан тура калып, баланын бери келишин буюргандай катуу-катуу үрө баштады. Ошол убакта дубалдын кырында турган жандык кудум адамга окшоп, быйтыйган колу менен бетин жаап турган саксайган чачын ары алганда, анын ботала, бирок сүйкүмдүү жүзү, балбылдаган көздөрү жайнай түштү!..

— Бала?! — деп ийди Жаркынай.

Адам-эненин эки бети дуулдап, от менен жалын болуп ысып-күйүп чыкты. Эс-акылын жыя албай, ошо турган ордунда бир топко турду да, алдыга бир-эки кадам таштады. Анын болор-болбос сунулган эки алаканын саал калчылдак басып турду.

Бала аялдын эмне каалап жатканын түшүнбөсө да, анын жүзүнөн, сунган колдорунан, атүгүл тыпылдап таамп кеткен көз жашынан улам бейтааныш да, тааныш да, кандайдыр жагымдуу сезимди туйду да, ушундай мамилени, ушундай үндү  буга чейин каяктандыр уккандай, денеси “дирт” этип кетти.

— Келе гой? – деди жаагы ылдый  балбаалап куюлган жашты өзү да байкабай, тек гана баланы чочутуп албайын дегендей үнүн акырын, жумшак чыгарган адам-эне.

Бала ит-энесин карады. Кумайык да кудум адам-энеге окшоп ага мээримин төгүп, бери чакырып турду. Ошондон кийин гана бала дубалдын берки тарабына шыпырылып түштү да, сактангандай тамга сүйөнө, үрпөйүп туруп калды.

Энеден туума жылаңач, төрт аяктап турган, чачы белине жеткен жапайы балага адам-эне дагы бир-эки кадам жакындады:

— Коркпо?

Бала анын сөздөрүнө түшүнгөн жок. Болгону эле,  ал берилеп жылган сайын артты карай кетенчиктеп, коргонгондой түр кылып, ырылдап койду:

— Ыррр…

Аял дагы да алдыга жылды:

— Коркпо…

-Ыггг… Ав! – бала үрүп жиберди. Мурдун бырыштырып, тиштерин көрсөттү. Аялдын кадамдары тушалып, ордунда ката түштү.

Ушу маалда  баласына эки аттап жеткен ит-эне анын бети-башын, дене-боюн туш келди жалап-жуктагылап жиберди. Бала да Кумайыкка жете албай эле араң тургандай, анын мойнунан бекем  кучактай калып, саксагай жүндөрүнө тумшугун катып, кыңылдап ыйлап ийди.

Баласынын денесин майда калчылдак басып турганын сезген Кумайыктын сайсөөгү сыздап, заманасы тарып, не кылар айласын таппай кеткен немедей, өзү кошо кыңшылап алды.

Бала болсо ит-энесинин эмне жөнүндө ойлоп, эмнени каалап жатканын түшүнмөк беле? Анын жайына койсо, жарык дүйнөгө келгени көзүн ачып тааныган, көргөн-билген ушул мекени, ушул жашоосу, анан да ит-энеси гана маңдайында болсо, андан башка ага эч кимдин, эч нерсенин кереги жок болчу! Анткени, ал мындан башка дүйнөнү билбейт эле…

Жаркынай ал экөөнүн жанына акырын басып келип, сыңар тизелеп отурду. Өзүн көз албай тиктеген баланын узун кирпиктеринин  алдындагы баео, кирсиз, бажырайган көздөрдү эми даана көрдү ал.

— Атың ким? – жапайы баланын сөз түшүнбөй турганын билсе деле, ушинтип сурап койду аял.

— ?

Мына ушундан көп өтпөй эле үчөө Кумайык таптаган жалгыз аяк жол менен кудум шаардын күрөө тамыры окшоп суналып жаткан кара жолду карай ээрчишип баратышты…

Улам арттагы экөөнө кылчайып карап коюп, алдыда бараткан аялдын ой-санаасы чакчалекей түшүп, бул окуяны кандай кылып чечмелөөгө акылы жетпей, антсе да, көкүрөк-көңүлүндөгү быкылдаган эсеби көп суроолорго каяктандыр, кандайдыр жооп алгысы келип баратты…

***

А бирок, ал жооптун айрымдарын Жаркынай тээ кийин, жапайы балага адамча тил бүтүп, адамча кош аяктап басып, адамча жатып-туруп, ак-караны боолгоп, акыл-эси киргенден кийин гана алмак…

Айтмакчы, ошондой күндөрдүн бир күндөрүндө Кумайык ээрчитип кирип келген наабайчы менен Жаркынай  баш кошуп, уулунун атын Акбар коюшат…

Ал эми Аруузаттын бош убактысынын баары  Кумайык таап берген бөбөгү Белек менен өтүп, анын кадимки балдардай кош аяктап басып, колу менен тамак жеп, сүйлөп, атүгүл тамга таанып, “эжелеп” окуп, жаза баштаганына кубанычы койнуна сыйбайт…

Кумайык адегенде бала менен кошо жатып, кошо туруп, экөө бири-биринен карыш ажырай албай жүрсө, бара-бара бири-биринен алыстаганга  көнүп кетишет.

Бирок өтө өкүнүчтүүсү, баары жай-жайына келип, анын жакындарынын баары бактылуу жашап калган кезде, “Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт” болуп, Кумайык алардын жашоосунан кайдадыр “кетип калат” да, өзүн билгендердин эсинде дагы эле каяктадыр жашап жүргөндөй элестелип кала берет…

***

Ал эми азыр болсо, жалгыз аяк жолдо келатты үчөө…

Кумайыкка  куйрук улай, төрт аяктап тепилдеген жапайы бала менен,   улам токтой калып баланы жыттагылап, соңунан келаткан итти  кылчайып карап, букулдап ыйлагысы келип, бирок анте да албай, тек гана жаагы ылдый салаалаган көз жашын улам  бир алаканы менен аарчып, адам-эне алдыда  баратты..

(Соңу)