Башкы прокуратура далбастаган жактоочуга далилдүү жообун айтты

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек ЖЭБине байланышкан коррупциялык иштер жана ал боюнча айыпталып жаткандардын кылмыш иши учурда сотто каралууда. Ошол эле учурда айрым айыпталуучулардын жактоочулары чындыкка дал келбеген маалыматтарды интернет аркылуу таратып, маселени саясий өңүткө буруп, коомчулуктун алдында аларды актоого аракет кылып жатканын да көрүп жатабыз. Буга байланыштуу Башкы прокуратура билдирүү таратты.

Кекиртек болбосоң коё кал

Кандай болгондо дагы ЖЭБдеги болуп өткөн кырсык, алдамчылыктын туу чокусу экени ырас. Мындагы элдин ырыскысына каратып туруп балта чапкан коррупциялык иштердин масштабы жакаңды карматпай койбойт. Бюджеттен каржыланган (алынган насыялар бюджетке кирет), мамлекеттик стратегиялык маанидеги ири долбоорду эч кандай техникалык-экономикалык негиздемелерге таянбай туруп эле курдура салып, ортодон оңбогондой каражатты “оомийин” кылып коюш, мындай кадамдарын акташ үчүн башкасын айтпаганда да бир аттишти 600 доллардан алдык деп акчыланыш, өз элине кылган кыянатчылык эмей эмине! Эмнеси болсо да ак көгүн сот аныктайт.

Кепти Башкы прокуратурага берсек мындай дейт: “С.Исаков жана А.Калиевге коюлган айыптар боюнча жазык ишинин ичинде  алардын  күнөөсүн  далилдөөчү  документке негизделген далилдер, материалдар жетиштүү көлөмдө бар. Алардын республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик ири курулуш долбоорун ишке ашырууда, техникалык-экономикалык негиздемеси жок, долбоорлоо-сметалык документтер бекитилбеген шарттарда аткаруусунун кесепеттеринен мамлекеттин өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарын (5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки) сом) орунсуз жок кылуулары коррупциялык кылмыш болуп эсептелет. Мамлекеттик каражаттарды уурдоого жол берген кызмат адамдары жана башка жактар мыйзам чегинде эң катаал жазаларга тартылууга тийиш”.

150 млн.дон 386 млн. долларга секирик

Коррупционерлердин учкан уясына айланган “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун тарыхына кайрылсак, кезегинде бул долбоор 150 млн. доллар деп бааланганы, бирок кадимки М.Бакиевге да кымбат көрүнүп өтпөй калганы белгилүү. Бирок биздин коррупционерлер аны кайдан-жайдан мурдунан жетелеп алып чыгышып, 386 млн.долларга чейин жеткирип, жогоруда айтылгандай мамлекетти ири көлөмдөгү чыгымга батырып жатышпайбы. Бул тууралуу Башкы прокуратура мындай жүйөнү келтирет: “Кыргыз тараптын долбоорлоого катышуудан толук четтетилиши, кылмыш иши боюнча шектүүлөрдүн ТВЕА компаниясынын пайдасын көздөгөн шарттарда сметасын түзүүгө, курууга жана жабдууларды сатып алууга, ал эми подряддык компания келишимдин шарттарына ылайык биздин мамлекет Эксимбанктан (КЭР) кредит катары алган 386 млн. долларды өз каалоосу боюнча сарптоого мүмкүнчүлүк алгандыгы парламенттик угуулар учурунда жана тергөөнүн жүрүшүндө да тастыкталган.

Белгилеп  кетүүчү  жагдай,  баасы  150 млн. АКШ доллар, аткаруу мөөнөтү 2014-2017-жылдарга белгиленген “Бишкек  ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеши 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына (КР Президетинин 2013-жылдын 27-сентябрынын № 194 Жарлыгына ылайык) киргизген”.

Акчыланган актануу, айныгыс далилдер

Эске сала кетсек Сапар Исаковдун жактоочусу Н.Токтакунов негизги басым “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоору боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын наркы 150 млн. долларлык ТЭНи (техника-экономикалык негиздеме) бар деген фактыга жасалып жатканын, бирок БДБ мындай ТЭНдин бар экендигин четке кагат деген ойду айткан. Ал эми Башкы прокуратура “Бишкек ЖЭБин модернизация” долбоорун 150 млн. АКШ долларга ишке ашырууга даярдыктар көрүлгөндүгү жөнүндө документалдык далилдер бар” экендигин келтирүүдө.

Ошондой  эле  жактоочулар  ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелекке карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн кылмыш иши жөнүндө да күңк-мыңк сөздөрдү чыгарышкан. Башкы  прокуратура буга да жооп берди: “Ал эми, Мусажан Макелекке жана башка адамдарга карата бөлүнгөн кылмыш иши толук процесстик кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүлгөндүктөн, бул маселе боюнча таанышуу учурунда айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан кандайдыр бир өтүнүч келтирилген эмес. Айыпталуучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга жана саясатташтырууга жасаган далалаттары катарында кабыл алууга болот. Эгерде алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулгандыктары жөнүндө далилдери бар деп эсептешсе, ал процесстик ченемдерге ылайык, айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тастыкталууга тийиш”.

Албетте жактоочунун иши жактоо, актоо болуп саналат. Бирок, актагандын да эби, кынтыксыз далили болуш керек да. Ошону менен Башкы прокуратура С.Исаковдун жактоочусунун жүйөсү суу кечпей турганын айтууда.