Нурия КУТНАЕВА: «Түндүккө» биригүү – коррупцияны кыскартып, жылына 300 млн. сом үнөмдөйт»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын төрт айы өттү. Бүгүнкү күндө бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү борбору электрондук системасынын директору Нурия Кутнаева менен маектештик.

–  Нурия  Асылбековна,  Президент С.Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү процессин  өзүнүн  жеке  көзөмөлүнө алууда. Бул жаатта кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

– Биринчиден, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасы борбору бардык мамлекеттик органдарды, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чейин маалымат алмашуунун бирдиктүү электрондук форматына байланыштырууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Алар жаранга зарыл болгон учурда өз ара маалыматтарды алмаша коюп, ага тиешелүү документти дароо чыгарып берүүсү үчүн керек. Адам беш-алты документти чогултуу үчүн улам бир мамлекеттик органдын эшигин түртүп, убактысын, нервин кетирип, кезекке туруп убара тартпай калат. Мамлекеттик тейлөө кызматын кыйынчылыксыз тез алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Ушундай жол менен коррупцияны кыскартууну өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүүдө. Экинчиден, биз сапаттуу жана коррупциясыз электрондук тейлөөнүн ушул эле жолун коммерциялык уюмдар үчүн да жолго коёлу деп жатабыз. Мисалы, жаран банктан кредит алганы же машинасын, үйүн камсыздандырганы барса эч кыйынчылык туудурбаган кызмат көрсөтүүдөн пайдаланышы керек. Ошондуктан коммерциялык уюмдар дагы «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасына кошула алышат.

– Азыркы күндө «Түндүккө» канча мамлекеттик орган кирди?

– Мындан төрт-беш жыл мурда алгачкы жолу «Түндүк» системасынын айрым элементтери менен кызмат көрсөтүү иштери башталган. Ал Кыргызстанга Эстониянын модели аркылуу келген болчу. Ал учурда Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда мамлекеттик органдарды бирдиктүү электрондук маалымат системасына кошуу боюнча токтомго кол койгон жана бир нече мамлекеттик органдар ага киргизилген болчу. Ошол пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашкандыктан 2018-жылы атайын мамлекеттик ишкананы түзүү чечими чыгарылган. Биз эмне үчүн электрондук өз ара аракеттенүү борбору деп атадык? Анткени, ар бир мамлекеттик органдын «Түндүккө» кошулуусун милдеттендирүү максаты коюлган. Бир жылга чукул мезгилден бери «Түндүккө» 47 мамлекеттик органды бириктире алдык. Тактап айтсак, аларда бул система аркылуу кызмат көрсөтүүгө техникалык жактан мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Ал эми учурда 17 мамлекеттик орган «Түндүк» аркылуу өз ара бирдиктүү электрондук байланыш аркылуу маалымат алмашып, иш жүргүзүп жатышат. Менин пикиримче бул абдан жакшы натыйжа. Андан тышкары, биз эң биринчи кезекте тейленүүгө тийиш  болгон  кызмат  көрсөтүүлөрдүн маалыматтык  базасынын  планын  иштеп чыктык.

Ар ай сайын Премьер-министр М.Абылгазиев же Биринчи вице-премьер-министр К.Боронов жыйын өткөрүп, кайсы мамлекеттик орган аталган системага кошулганын же кимиси ишти кечиктирип жатканын сурап жатышат. «Түндүккө» кошулуу иштерин кечеңдеткен жетекчи ал жерден жакшы сөз укпайт… Үчүнчүдөн, биздин функционалдык милдетибизге кирбесе да, кайсы мамлекеттик орган справкаларды тоскоолдуксуз берип жатканын, ал эми кайсы ведомство элди мурдагы адатындай башка органдардан кагаз чогултууга жиберип жатканын иликтеп көрдүк. Тилекке каршы, «Түндүккө» бириктирүү аракетибизге карабай бүгүнкү күндө да мамлекеттик органдар түрдүү кагаздарды талап кылып, жарандарды ары-бери чуркатып жатышат.

Жалпысынан алганда элге керектүү документтердин 200гө жакын түрү бар. Бул бюрократиялык жоруктарды жоюу үчүн керектүү документтерди берүүнү этаптуу түрдө автоматташтырууну жүргүзүүдөбүз. Мамлекеттин ушул аракеттеринин баары жемкордукту кыскартуунун алгылыктуу жолу. Андан тышкары, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү реформалоо жана мамлекетти башкаруунун ачыктыгы, демократиялык принциби. Жаранды курулай убаракерчилик тартуудан бошотуу, паракорлуктан коргоо максатында көрүлүп жатат.

– Эстония ушул система аркылуу жылына 1 млрд. евро үнөмдөп жатыптыр. Ал эми Кыргызстанда канча каражат үнөмдөлүп калышы мүмкүн?

– Эл аралык эксперттердин билдиргенине караганда Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары «Түндүккө» кошулганда ИДПнын 3 пайызга жакыны үнөмдөлүп калат. Айрымдары бюджеттен 300 млн. долларга жакын акчалай каражат үнөмдөлүшү керек дешүүдө. Баарынан мурда жүргүзүлүп жаткан реформанын канчалык деңгээлде зарылдыгын мамлекеттик органдар түшүнүүлөрү керек. Ушуга байланыштуу биз мамлекеттик органдардын жетекчилерине тренингдерди өткөрүп жатабыз. Жакында эле мамлекеттик органдарда эмгектенип жатышкан айти системасынын адистерине дагы семинар өткөрдүк. Президент С.Жээнбеков иштин жүрүшүн жеке көзөмөлүнөн чыгарбай карап жаткандыктан башталган процесс өнүгүү жолуна түшкөнү байкалууда. Бир-эки жыл мурдагыга караганда быйылкы жылы жетекчилердин дээрлик бардыгы мунун маанилүүлүгүн кыйла түшүнүп калышты.

– Сөз болуп жаткан технологиялык процесстин жагдайы боюнча өнөктөш өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын жагдайы кандай?

– Казакстан санариптештирүүнү он жылдан бери ишке ашыруунун үстүндө. Россияда дагы бул иш кыйла алдыга кетти. Аларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн порталы небактан бери иштеп жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан санариптештирүүнү турмушка ашыруу жагынан «акыркылардан» дагы эмес. Иш жүрүп жатат. Алдыга койгон амбициялуу планыбыз боюнча өнөктөш мамлекеттерге кыска мөөнөттүн ичинде жетип эле жөн болбой алдыга озобуз деген оюм бар.

– 2019-жыл – региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн жылы болуп жарыялануусуна карата кандай жылыштар болот деп ойлойсуз?

– Мен жогоруда айтып кеткендей учурда 17 мамлекеттик орган өз ара маалыматтык базага кирди. Буга чейин алар бири-бирине кагаз менен кат жөнөтүшүп же флешка көтөрүп келип кызматташып келишкен. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери 1 миллиондон ашык маалымат алмашуулар болгонун мониторинг жүргүзүү көрсөттү. Бул көрүнүштү абдан жакшы натыйжа деп эсептейм. Азырынча жарандар үчүн мындай иштер анча сезилерлик болбой жатышы мүмкүн. Бирок, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аркеттенүүнүн  электрондук  системасына бардык мамлекеттик органдар биротоло бириктирилип бүткөндө максатыбызга жетебиз. Азыркы учурда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттиги «Санарип аймак» системасы аркылуу иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Ал аркылуу республикадагы административдик аймактардын «Түндүк» системасына кошулуу процесси тездетилиши керек.