Тажикстанда блогерлердин «Ютубдагы» видеороликтери көзөмөлдөнөт

«Тажикфильм» блогерлердин Youtube хостингине жүктөгөн видеороликтерин көзөмөлдөөгө ниеттенүүдө. Салыкчылар блогерлер башка жарандар сыяктуу эле салык төлөөгө тийиш деп эсептешет.

«Тажикфильм» дирекциясыYoutube хостингине расмий кат жөнөтүп, алардын уруксаты жок тажик видеоблогерлеринин видеолорун жарыялабоону сурады.

«Тажикфильмдин» жетекчиси Носир Рахмондун айтымында, өлкө мыйзамдарына ылайык, аудио-видеоматериалдарды, анын ичинде роликтерди жарыялоо үчүн авторлор дирекциядан уруксат алышы керек. Рахмон видеоблогерлердин ишине каршы эместигин, бирок алардын “Ютубга” жүктөп жаткан материалдарынын маңызы тынчсыздандырарын билдирди.

​»Биз алгач видеороликтердин мазмунун карап чыгышыбыз керек. Башка өлкөлөрдүн Ютубдагы роликтерин көрүп эс аласың, биздикин көрүп уяласың», — деди ал.

Акыркы жылдары Тажикстандын ондогон жарандары Youtube хостингинде аккаунт ачып, видеоматериалдарын жайгаштырууда. Алар көтөргөн темалар ар түрдүү.

Жаш тажик блогери Саиджон Юсуфзод эгер блогерлер мыйзам бузбаса, эмне себептен алар кимдир бирөөдөн уруксат алышы керек деген пикирде.

Ошол эле маалда өлкөнүн Салык комитети Youtube хостингине видеоролик жайгаштырган видеоблогерлер башка жарандар сыяктуу эле салык төлөшү керек деп эсептейт. Тажик мыйзамдары боюнча жарандардын өлкө ичиндеги жана тышындагы бардык кирешелеринен салык алынат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *