Тель-Авивде «Евровидение-2019» ыр сынагы башталды

12-майда Тель-Авивде эл аралык «Евровидение-2019» ыр сынагы башталды. 41 өлкөнүн ырчылары менен коноктору Габима театрынын алдындагы аянтагы “кызгылт-сары килемден” өтүштү. Бул тууралуу ТАСС маалымады.

«Евровидение-2019» сынагынын жарым финалы Тель-Авивдин Көргөзмө борборунда 14-16-майда, финал ошол эле жерде 18-майда болот. Орусиядан ырчы Сергей Лазерев Scream ыры менен катышууда. Ал экинчи жарым финалда 13-номур менен чыгат.

Израиль телеканалдары Тель-Авивде «Евровидение» ыр сынагы учурунда коопсуздук чараларын күчөтүлгөнүн билдиришүүдө. Шаарды 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *