Журналист Ыдырыс Исаковко кол салуу болду (видео)

Ошто журналист Ыдырыс Исаковго кол салуу болду. Бул маалыматты Ош облусунун ИИБсынан тастыкташты.

Ыдырыс Исаковду кумаркана делинген жайдын кызматкерлери колун кайрып, телефонун тартып алууга аракет кылганын журналисттин “Фейсбуктагы” баракчасына жүктөгөн видеодон көрүүгө болот.

Түз эфир аркылуу жүктөлгөн видеододо Ош шаарынын тургуну бир күн мурун «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын кумарканага уттуруп жибергенин айтып берген. Ошондой эле ал 2 жыл ичинде 6 миллион сомун казиного уттуруп жибергенин айткан.