Жыл башынан бери ИДП 5,7 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын төрт айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 149 млрд. 622,6 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7%га өскөндүгүнөн кабар берет.

«»Кумтөр» кен ишканасын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 131 млрд. сомду түзүп, 1,6%га өскөн.

Өнөр-жай продукциясынын өсүшү металл кендерин казып алуудан (1,4 эсеге), көмүр өндүрүүдөн (26,4 эсеге), чийки мунай жана жаратылыш газынан (16,5 эсеге), текстиль жана кийим өндүрүүдөн (21,2%) болгон.

Айыл чарбасында реалдуу өсүш байкалып, 18 пайызды түзгөн. Курулуш, чекене жана дүңүнөн соода кылуу — 4,3%.