«Патрулдук милиция кызматкерлеринин маянасы 2 эсеге чукул жогору болот»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


2018-жылдын августунда Президенттин тапшырмасы менен эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Аталган эксперттик топтун негизги максаттары жол кырсыктарын азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын ишин күчөтүү каралган. Мына ошол реформанын биринчи этабын ишке ашыруу жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Анын алкагында ИИМ патрулдук милицияга кызматка бардык жарандарды чакырууда. Мына ушул иштер, негизинен эле жасалып жаткан реформа тууралуу кечээ, 13-май күнү ИИМдин өкүлдөрү кеңири маалымат беришти.

Маалымат жыйында белгилүү болгондой,  түзүмдү  кайрадан  түзүүнүн  негизги максаты -жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү. Ошондой эле, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн санын азайтуу.

Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов, патрулдук милиция кызматкерлерин тандоо ачык жана айкын болот. Бул үчүн 14 кишиден турган атайын комиссия иш алып барууда.

— Комиссияда 6 милициянын кызматкери жана 8 жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Сынакка катышуучулар биринчи экзаменди билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары борборунда беришет. Бул нерсе коррупциялык фактыларды жокко чыгаруу үчүн керек. Бардык каалоочулар, алардын ичинде жарандык коомдун өкүлдөрү дагы сынактын алкагында тесттен өтүп, физикалык даярдыктар боюнча экзаменден, аскердик, медициналык комиссиядан жана баарлашуудан өтөт, — деп билдирди Ибраимов.

Жаңы түзүлгөн милиция кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу, аларды автоунаа, байланыш, компьютердик  каражаттары  сыяктуу  заманбап материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо, андан сырткары кызмат өтөөнүн жаңы стандартын окутуу каралууда. Ошондой эле, коррупциянын алдын алуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилет. Бул тууралуу маалымат берген ЖКККББ жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев: «Долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен жалпысынан 381 млн. сом каражат бөлүнүүдө. 2019-жылы 197 млн. 200 миң сом сарптоо пландалууда. Бул каражаттарга атайын жабдыктар, автоунаалар сатылып алынат”.

Долбоордун алкагында, 2019-жылдын 6-майы күнү патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды. Документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнуна чейин уланып, ага бардык каалоочулар катышса болот.

Патрулдук милиция кызматы үчүн сынакка катышууда жарандык коомдун өкүлдөрүнө артыкчылык  берилет.  Сынак  ИИМдин кызматкерлеринен жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн курамына кирген атайын түзүлгөн коммисиянын көзөмөлүндө ачык-айкын өтөт. Сынактык тандоодон өткөн талапкерлер  ИИМдин  Академиясынын  базасында 3 айлык курстук окуудан өтүшөт. Окуудан өтүшкөн соң, Патрулдук милиция кызматынын  башкармалыгында  кызмат өтөөсүн башташат.

Маалыматка ылайык, Патрулдук милиция кызматына жалпысынан 800дөн ашуун кызматкер алуу пландалууда. 600дөн адам күн сайын линияга чыга турган болсо, алардын 200дөйү автоунаа менен болот. Ошондой эле автоунаа жетишсиздиги болбошу үчүн 100дөн ашуун машина сатып алууга тендер жарыяланды. Ал эми коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында алардын маянасы учурдагыдан эки эсе жогору боло турганы айтылды. Кошумчалай кетүүчү жагдай патрулдук милициянын кызматкерлери велосипед, аттар менен дагы жарандардын коопсуздугун сактоого чыга тургандары маалымдалды. Бул кадам туристтик полиция ПМ ичинде экени менен түшүндүрүлдү.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, Патрулдук милиция кызматын түзүү пилоттук долбоорун Бишкек шаарында 2019-2020-жылдарда ишке ашыруу пландалууда. Андан кийин реформа бүтүндөй өлкөгө жайылтылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *