Акимдердин аракети кандай?

Болот ЖУМАГУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Өмүр НОГОЕВ, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы:

– Кош-Дөбө, Кепер айылдарында курулганына 70–80 жыл болгон эки-үч мектеп бар экен. Учурда  мектептер  оор  абалда. Ошого карабастан мугалимдери оңдоп, актап-сырдашып, класстарын контрамарка мештери менен жылытышып, балдарды окутуп жатышат. Бул маселе боюнча Өкмөткө кайрылып, жаңы мектеп салууга аракет кылып жатабыз. Айыл жаштары жер участогун алууга өтүнүч билдирип, үй салуу маселесин көтөрүп чыгышты. Карап көрсөк 12 айыл өкмөтүнүн ичинен 7 айыл өкмөтүнүн генпланы бар, алгандарыныкы жок. Генплан болбосо айыл кайдан өнүгөт? Ошондуктан  айылдардын планын иштеп чыгып, жаштарга жер участокторун бөлүп берүү боюнча айыл өкмөттөрүнө тапшырма берилди.

Учурда токтоп турган пиво чыгаруучу жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү эки чоң ишкана бар. Аларга эки инвестор келип жатат. Алардын бири пиво заводун сатып алышты. Азыр ал заводдун ордуна консерва заводун куруп, жыл аягына чейин аны иштетүүнү пландап жатышат. Экинчи инвестор да томат паста чыгаруучу завод курууга жер аянтын сурады эле, чечип бердик. Алардын артыкчылыгы – технологияларын, үрөнүнмерикадан өздөрү алып келип, помидорду өстүрүп, томат паста кылып кайра иштетишет. Ошондой эле жүгөрүнү кайра иштетүүчү завод казак ишкерлери аркылуу күрөөгө коюлуптур. Россиялык инвесторлор келип, заводду күрөөдөн чыгарып, жүгөрүнү кайра иштетүүчү ишкана ачуу ну пландап жатышат.

Байыш КУРМАНОВ, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы:

–  Айылдарда  көйгөйлөр көп. Эң эле жөнөкөй таштанды төгүүчү жай жок. Себеби, жер менчикке бөлүнгөндө таштанды төгүүгө жер калтырбай баарын бөлүп алышкан. Бул боюнча айыл өкмөтүндө коммуналдык ишкана ачуу керек. Арпа менен буудайлардын клейковинасын жогорулатып, Казакстандан албай, өз буудайыбызды өндүрсөк, сатуу баасы дагы жогорулап, дыйкандарыбызга жакшы болмок. Кант кызылчасын жана жүгөрү аянттарын кеңейтүү зарыл. Тоо этегиндеги айылдарга май өсүмдүктөрүн өстүрүү маселесин кол-го алуу боюнча иш жүргүзүлөт.

Өнөр жайы боюнча жакында инвесторлор тарабынан жүндү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Ишкана ишке кирсе, жүндүн бардык сорттору кабыл алынып, иштетилип чет жактарга жөнөтүлөт. “Улуу Жибек жолун” жандандыруу боюнча инвесторлор келип жатат, алар Ново-Покровкадан Кантка чейинки жолду кеңейтүү, соода жайларын, оорукана, мектептерди ачуу, социалдык түзүмдөрдү жакшыртуу, эс алуу зоналарын түзүү маселелерин коюп жатышат. Биз макулдашып, бардык суроолорун аткаруудабыз.

Нурлан  ШАРШЕНАЛИЕВ,  Кемин  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы:

–Учурда Ак-Түз калдыктарды сактоочу жайын куруу боюнча иш жүрүүдө. Өнүгүү жер шартына жараша болот. Мисалы, Орловка шаары маданий өнөр жай жагынан, Жаңы-Алыш, Кичи-Кемин, Чым-Коргон айылдары айыл  чарба,  Чоң-Кемин  айы-лы туризм боюнча өнүктүрүлөт. Учурда райондо кен иштетүү бо-юнча эки ишкана иштеп жатат.

Кемин тоолору кенге бай. Кенди иштетүү боюнча 57 адамдын лицензиясы бар. Аларды иштетүү көздөлүүдө. Көлгө туристтер биздин аймак аркылуу өткөндүктөн, район борборуна токтошот. Ошондуктан тамактануучу, эс алуучу жана соода жайларын салуу, ошондой эле кол өнөрчүлүк, өнөр жай, айыл чарба товарларын сатуу уюштурулган. Чоң комплекс куруу, мал союучу жайларды, Чоң-Кеминде сүттү кайра иштетүүчү заводду, “Кемин балыгы” ишканасын, картошканы кайра иштетүүчү жана башка ишканаларды ишке киргизүү – алдыдагы максатыбыз.