Коррупция менен күрөш: Журналисттер зор күч экени унутулбаса

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков үгүт иштери учурунда коррупция менен күрөшүү өз ишмердигинин приоритеттүү багыты экенин белгилеп, шайланып келгенден кийин, тагыраак айтканда 2017-жылдын февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинде коррупция менен күрөштү бардык тармакта жүргүзүү абзелдигин билдирген. Ал тургай бул күрөштү колдогусу келген жарандарга кайрылып, айныксыз фактылары болсо бөлүшүүгө чакырган. Анткен менен бүгүнкү күндө коррупция менен күрөш жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй жатат дегендер четтен чыгууда. Маселен, кирешелүү деп эсептелген бажы, салык тармактарындагы бир катар аткаминерлердин аты-жөнү журналисттик материалдарда байма-бай аталып жүрөт. Чынында коррупция менен күрөштө коомчулук, өзгөчө анын үнү болгон журналисттер аябагандай чоң күч экени талашсыз. А бирок, коррупциялык элементтер тууралуу маалымат тараткан журналисттер кандай корголуп жатат деген суроо жаралбай койбойт…

Акыйкаттыкка жеткен Анаранын окуясы

Анара Мамбеталиева

Мындан бир жыл мурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева өзү иштеп жаткан мекемеде жемкорлук күч алып кеткенин билдирип, мекемеде митингге чыккан. Натыйжада ал атайын берене менен кызматынан бошотулган. Бул окуядан кийин Анара Мамбеталиева Президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу кылып, мекемедеги коррупцияга аралашкан үч кызматкердин ишин иликтөөнү өтүнгөн болчу.

Анара Мамбеталиева Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын ичинде митинг өткөргөн

Натыйжада бул ишти Президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алып, анын тапшырмасы менен коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамбеталиева менен жолугушуп, ал айткан фактылар кылдат иликтенээрин белгилеген. Атайын комиссия текшерүү жүргүзүп, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында айрым мыйзамсыз иштер аныкталды деген корутунду чыгарган. Тактап айтканда, Экотехинспекциянын эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерди сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча акча төлөнгөнү аныкталган.

Мисалга ала турган болсок, майрамдык даталарга карата 2016- 2017-жылдары жалпы 7 млн. 200 миң сомдон ашуун каражат сыйлык катары төлөнгөн. Андан тышкары, белгиленген укук актыларын бузуу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге материалдык жардам катары 2016-жылдан бери 3,5 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Муну менен катар 2018-жылдын 1-сентябрына карата инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча каражатынын көлөмү 396 113 сомду түзгөн. Кыскартып айтканда мындан тышкары дагы бир нече миңдеген сомдорду туура эмес колдонгон фактылар ачыкталып, комиссия аныктаган мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тийиштүү прокурордук чара көрүү сунушу киргизилген.

Анткен  менен  коррупция  тууралуу билдирүүлөрдүн баарысы эле мындай натыйжага жетишип жаткан жери жок. Дегенибиз айрым учурда коррупция тууралуу маалымдагандар сотко берилип, айрым учурда жоопко тартылып калган учурлар да жок эмес. Мындан ары алардын айрымдары тууралуу кеп кылабыз.

Көрүстөндөгү көмүскө иштер – тескери кеткен соттук чечим

Улан Эгизбаев

Маркум журналист Улан Эгизбаев коррупция менен күрөшүүдө эбегейсиз салым кошуп, далай жемкорлук фактылардын бетин ачкан.

Анын аты коомчулукта коррупция менен күрөштүн символу катары кабылданып калган. Ал иликтеп чыккан иштердин бири “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү. Анда журналисттин иши боюнча ачыкка чыккан жагдайлар тууралуу Экономикалык  кылмыштарга  каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат эки кылмыш ишин козгогон.

Аталган  журналисттик иликтөөдө  Түштүк-Батыш  көрүстөндүн  жетекчиси Чыңгыз  Апасов  жана  бригадир Алихан  Алиев  көрлөрдү  акчага сатканы маалымдалган. Баарынан кызыгы коррупция тууралуу маалымат берип, интервью берген көрүстөндүн мурдагы жетекчиси Самат Сулайманов менен мүрзө казгыч Максат Баялиевди иликтөөдө “көр сатты” делингендер сотко берген. Ал тургай Бишкектин Ленин райондук соту Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Атамбаевдин ар намысы 50 миллионго чыкканда 

Ыдырыс Исаков

Ушул жылдын 17-апрелинде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом мамлекеттик казынага түшпөй калып жатканы айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Алардын бири эл арасында Ошто эң бай адам катары сыпатталып жүргөн милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу да кеңири кеп болуп, ага жана анын жакындары делинген адамдарга таандык ишканалар салык төлөбөгөнгө жол ачкан күмөндүү схемалары тууралуу баяндалган. Мындан тышкары Атамбаев менен бирге иштеген ишкерлер андан акчасын ала албай, күйүп кетишкенин билдирип, арызданышкан.

Бул иликтөө жарыялангандан кийин, айрым ЖКнын депутаттары келтирилген фактыларды текшерүү керектигин белгилешип, журналисттер таап чыккан мыйзам бузууларды атайын органдар көрбөй калганы кызык экенин айтышкан. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков: «Ыдырыс Исаков көргөн ишти УКМКнын Идириси (Идирис Кадыркулов, УКМКнын төрагасы – ред.) көрбөй калса, анда иш чатак”, – деген.

Андан көп өтпөй эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат видеодо келтирилген фактылар боюнча Жазык кодексинин 232-беренеси менен сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Окуянын буга чейинкисин уккандар “баары жакшы, коррупция менен күрөш ушундай эле жүрөт да” деген ойго келе турганы бышык. А бирок, тыйындын экинчи тарабы бар дегендей эле, бул окуянын экинчи тарабы коомчулукту, анын ичинде журналисттерди бир сыйра кооптондуруп койду. 29-апрелде Ж.Атамбаев Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Ошондой эле Ж.Атамбаев иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарып, интервью берген Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновду дагы сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Мындан  кийин  бул  окуя  коомчулук тарабынан кескин сынга кабылып, ал  тургай  журналисттер  Президентке чейин кайрылуу жолдошкон болчу. Бирок коомчулуктун басымы алдында Жалил  Атамбаев  Ыдырыс  Исаковго  каршы доо арызын кайтарып алууга мажбур болду.

Бул боюнча маалымат берген жактоочу Шумкарбек Абжапаров, Жалил Атамбаев журналисттен тышкары дагы эки ишкерге каршы доо арызын кайтарып алганын билдирди.

Жыйынтыктап айтканда төртүнчү бийлик өкүлдөрү коомдогу бардык терс жагдайлар менен күрөшүүдө өз милдеттерин аткарып келишүүдө. Алар коомдун үнү, бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө катары иш алып барууда. Анан аларга карата чоң суммадагы доолорду артып, журналисттердин “оозун басуу” – коомчулуктун оозун басуу болуп эсептелет. Бүгүнкү коомду каптап кеткен коррупция “илдети” менен күрөштө журналисттер зор күч экени унутулбаса…