Бактыгүл Чотурова генерал-лейтенант Калмурат Садиев менен баш кошту

Белгилүү акын Бактыгүл Чотурова генерал-лейтенант Калмурат Садиев менен баш кошту.

Анын кесиптеши жана калемдеши Жыпар Исабаева бул тууралуу фейсбук баракчасында жарыя кылды.

«Сүйүнчү! Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам — бир аалам болуп, эки дүйнө — бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып… уккан кулакты, көргөн көзду кубантып турган чагы…”, — деп жазган Ж,Исабаева.

Учурдан пайдаланып «Кыргыз Туусу» гезитинин жалпы жамааты көп жылдар бою бирге иштешкен кесиптешибиз Бактыгүл Чотрова жана анын жолдошу Калмурат Садиевге бакыт тилейбиз!