Казакстандагы шайлоо өнөктүгү: Жетинин бири Президент

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,  «Кыргыз Туусу»


Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толу жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкрекбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Келерки июнь айынын 9уна Казакстанда республика Президентин  шайлоо  күнү  белгиленген. Ушул олуттуу окуяга байланыштуу Казакстандын элчиси К.Көкрекбаев шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча маалымат берди.

Казакстандын  Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызмат ордуна 7 талапкерди каттаган. Алар: «Нур-Отан» партиясынан сунушталган азыркы Президент Касым-Жомарт Токаев, «Улуу Талаа Кыраандары» республикалык коомдук бирикмесинен Садыбек Тугел, Кесиптик бирликтер федерациясынан Амангельды Таспихов, «Ак жол» партиясынан Дания Еспаева, «Ауыл» партиясынан Төлеутай Рахымбеков, Казакстандын коммунисттик калктык партиясынан Жамбыл Ахматбеков жана «Улут тагдыры» бириккен улуттук-патриоттук кыймылынан Амиржан Косанов.

Талапкерлер катталуу учурунда 118140 шайлоочунун ишеним билдирген кол катын тапшырышып, БШКнын эсебине  – 2125000 теўге төлөштү. Эгер шайлоодо 5%дан көп добуш топтобосо, төккөн акчасы кайтарылбайт.

Мамлекет ар бир талапкерге шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүсүнө 7,5 миллион теўге бөлгөн. Сметасын БШК бекитет. Каржы ЖМКдагы үгүт иштерине, транспорт чыгымдарына, имараттарды ижарага алууга жумшалат.

11-майда кечки саат 18.00дө башталган үгүт иштери  8-июнга караган түнү саат 00.00дө аяктайт. Добуш берүү 9 июнь күнү саат 7.00дө башталып, 20.00дө аяктайт. Казакстанда 9970, ал эми 51 чет өлкөдө 65 шайлоо участогунда добуш берүү жүргүзүлөт. Шайлоонун жыйынтыгы 7 күндүн ичинде белгилүү болот. Кыргызстанда жашаган же иштери боюнча өлкөбүздө жүргөн казакстандык жарандар Казак элчилигиндеги шайлоо участогунда добуш бере алышат.

Казакстандагы шайлоону байкоо үчүн БШКда учурда 100дөн ашуун чет өлкөлүк байкоочулар жана журналисттер аккредитациядан өткөн. Мындан тышкары, шайлоону кыска мөөнөттүк байкоого КМШ өлкөлөрүнөн жана ЕККУдан 700 байкоочу катышмакчы. Шайлоону чагылдыруу үчүн Казакстандын ТИМине өтүнмөлөр келип түшүүдө. Азырынча катталган 53 чет өлкөлүк журналисттен тышкары, ТИМде туруктуу аккредитация  да турган чет өлкөлүк 28 ЖМКнын 94 журналисти бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *