МСК мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын 1-июлдан тартып иштеп чыга баштайт

Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын начальниги Мукай Нусупов 2019-жылдын 14-майында Бишкекте болуп өткөн маалымат жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык органдарына кирешелери жөнүндө декларацияны электрондук түрдө гана бере башташты. БСДга декларантка жана анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. Мурдагы жылдары алар жыл сайын эки декларация тапшырып келишкен: Мамлекеттик кадр кызматына – кирешелери жөнүндө декларациясын жана Салык кызматына — Бирдиктүү салык декларациясын.

1931 декларация тапшыруучу мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин тапшырышкан. Алардын тизмеси салык кызматынын сайтына жарыяланды.

БСД өз учурунда бербеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга 1 млн 112 миң сом суммасында административдик айып салынган. Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына карата уставга ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулду.

Декларацияны болжол менен 1471 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы берген эмес. Бул негизинен декреттик эмгек өргүүдө жана чет жерде окууда жүргөн адамдар.

Салык кызматы тарабынан 2018-жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын текшерүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Декларацияда толук эмес же туура эмес маалыматтар табылган учурда материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилет.

Салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген 46 миң 444 адамдын декларациясындагы маалыматтардын туура жана толук чагылдырылышын талдоого алышкан, анын ичинде МСКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери жогорку саясий, административдик башкы жана атайын кызмат орундарды ээлеген кызматчынын, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин 1 миң 101 декларациясын текшеришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген 7 миң 495 кызмат адамына карата материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына берилди. Алардын ичинен 4 миң 649 адам БСД туура эмес маалыматтарды чагылдырышкан, 1 миң 375 — декларацияны өз убагында беришкен эмес, ал эми 1 миң 471 кызматчы декларацияны такыр эле бере алышкан эмес. Анын ичинде саясий, башкы административдик жана атайын кызматтарды ээлеген 319 кызматкерге карата материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн, алар өз декларацияларында так эмес маалыматтарды көрсөтүшкөн.

МСКнын сайтында саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана жогорку администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган 1072 адамдын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар жарыяланган.

Азыркы учурда БСДны өз убагында бербеген жана такыр эле бербеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы тапшырылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча кезектеги иш 2019-жылдын 1-июлунан тартып башталат.

Баштапкы маалыматтардын толуктугу жана негиздүүлүгү жагынан декларацияда чагылдырылган маалыматтарды талдоо жана иликтөө боюнча иштердин алкагында салык органдары тарабынан министрликтерге, ведомстволорго жана агенттиктерге, ошондой эле коммерциялык банктарга декларанттар боюнча маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар мурда тапшырылган декларацияларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү 30-июнга чейинки мөөнөттө киргизүү укугун пайдалана алышат.