Илим дарамети

Бүгүнкү абал ушундай – жыл сайын өкмөт жарым миллиарддан ашык сом көлөмдөгү бюджеттик каражатты илим мекемелерин кармоого жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жумшайт. Кайтарымы көзгө деле көп көрүнбөйт, кумга сиңген суудай миңдеген макалалар, жүздөгөн отчетторду жазууга, ондогон конференцияларды өткөрүүгө сарпталат. Албетте, илимге бөлүнгөн акча каражаттын көлөмү өтө эле аз (өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу 30-40 эсе), бирок ошол каражаттын да натыйжалуулугу жокко эсе болгондугу зээнди кейитет.

Илимдин потенциалы кандай?

Түз эле “бир топ жогору” десек жаңылышпайбыз, анткени союздун учурунда терең билим алган, тажрыйбалуу, такшалган илимпоздор али деле болсо иштеп жатышат, мурунку илимий мекемелер негизинен сакталып калганын да тана албайбыз.

“Чү!” дегенде эле Улуттук илимдер академиясы эске түшөт – 34 академик, 42 мүчө-корреспондент, 164 илимдин доктору, баш-аягы 2000ге чукул кызматкер. Андан  кийин  эле  19  тармактык  илим-изилдөө институттары жана 39 атайын катталган  жогорку  окуу  жайлардагы илим-изилдөө структуралары жакшыбы-жаманбы иштеп жатышат. Туура пайдалана алсак, бул бир топ эле акыл күчү экени да талашсыз.

Илим салымы

Адегенде илим деген эмне деген суроого Кыргызстандын реалдуулугун эске алуу менен жооп берейин. Илим деген натыйжа чыгарууга багытталган өтө жогорку интеллектуалдык деңгээлдеги акыл эмгеги деп түшүнгөнүбүз туура болор. Албетте, ушундай болушу шарт, бирок ушул мезгилге чейин илим – бир илимий мекеменин же жеке окумуштуунун ою боюнча актуалдуу деп эсептелген илимий көйгөйдү чечүү же кандайдыр бир “орчундуу” суроого жооп издөө катары аң-сезимибизге сиңип калган. Чынында эле, реалдуу жашоо өз нугу менен өтүүдө, ал эми илимий мекемелердин иш-аракеттери деле өз багытында жылдан-жылга уланып кетип жатат.

Кандидаттык же докторлук диссертацияны жазууда бир катуу аракеттер болору бышык, андан  соң  ошондогу  ойлорду, изилдөөлөрдү, эсеп-кысаптарды өмүрү  өткөнчө  кылдыратып эзип, түгөнбөгөн макалаларды чубап, өлкөнүн өнүгүшүнө бир тыйын пайдасы жок, өзүнө окшогон ондогон кандидат, докторлорду  чыгарып,  көбүнесе бош убактысында бизнес менен шугулданып, бай-манапка айланган окумуштуулар жүздөп саналат.

Мындан ары мындай ахвалга чыдоо мүмкүн эмес!

“Мамбюджеттен  акча  жеп жатасыңбы, натыйжа бер!” деген принципке чукул бурулбасак, илимди такыр жоготуп алуу коркунучу эшик кагууда. Эмне кылуу керек? Бүгүнкү реалдуулукту эске алуу менен мамлекет илимди өзүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүдө колдонуп, ал эми илим мамлекеттин буйрутмаларын аткаруу менен катар ишкерчиликти (мамлекеттик, аралаш жана жеке менчик ишканаларды) илимий тейлөөгө алууну кеңейтүү багытындагы аракетти күчөтүүсү абзел.

Учурда илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти – илим-изилдөө иштерин мамлекеттик буйрутма боюнча аткаруу системасын киргизүү маселесин чечүүнүн үстүндө активдүү иш алып барууда. Болгондо да бул системаны келерки 2020-жылдан тарта ишке киргизүүнү реалдуу максат деп билебиз.

Адегенде өкмөттүн буйругу менен ар бир мамлекеттик органда илимий-техникалык кеңештер түзүлүп, 2019-жылдын биринчи  жарымында  мамлекеттик  органдар Илим  департаментине  эки  маанидеги маалыматтарды беришмекчи. Биринчиси – өзү тейлеген тармак кандай илимий изилдөөлөргө муктаж экендиги жөнүндө тизмени (конкреттүү темаларды), экинчиси – ар бир илимий изилдөөдөн жаралган  илимий  продукциянын  аттарын  жана  алардын  так  параметрлерин камтыган техникалык тапшырмаларды (расмий тилде “технические задания” – ТЗ).

Илим департаменти үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында адаттан тышкары өзгөчө конкурс уюштурмакчы – кулактандырууда  темалар  жана  илимий продукциянын аты жана техникалык тапшырмасы көрсөтүлүп, мамлекеттик бюджеттин ченелүү каражаты ушул конкурстун жеңүүчүлөрүнө гана ыйгарылмакчы. Жыл аягында аткаруучулар өз продукцияларын дагы да мамлекеттик органдардын илимий-техникалык кеңештеринен “коргошуп”, андан соң Илим департаментинин эксперттик кеңештерине келишмекчи.

Жыйынтыктап  айтканда, 2020-жылдан тарта илим тармагында мамлекеттик буйрутма ишке толук кандуу кирип, ал эми параллелдик багытта ишканалар/бизнес-структуралар менен иштөөгө илимий уюмдарды тартуу маселеси да кабырга-сынан коюлмакчы.

Аттестация алешемдиктери

Акыркы  жылдарда  илимий  кадрларды/иштерди  аттестациялоо жаатында  орун  алган  алешемдиктерди жоюу маселеси тезинен колго алынбаса,  илимий  изилдөө  иштерин  аткаруучу  окумуштууларыбыздын  саны  да, сапаты  да  төмөндөп  баратканы  айдан ачык.

Мындай абалдын негизги себептеринин бири – айрым чечим кабыл алуучу атка минерлердин илим деп маалымат каражаттарын гана түшүнүп калгандыктарын атаганыбыз туура деген ойдомун. Алардын ою боюнча дүйнөлүк илимий ченемдик (наукометрические) платформаларга макала чыкмайынча илимий изилдөө иши тийиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн деп эсептелинбейт.

Ушундай жаңылыш көз караштын негизинде Жогорку аттестациялык комиссия илимий даражаларды жана наамдарды ыйгаруу жоболорунун талаптарын ушул багытта тынымсыз жогорулатуу, кыйындатуу менен алек…

Макала – илимдин босогосу

Кандай илимий изилдөө болбосун адегенде  басылып  чыккан  маалыматты талдоо (обзор литератур) жасалат. Талапкер ушул мезгилге чейинки чыккан басылмаларды изилдеп, изилдене турган маселе боюнча ким, кайсы булакта, эмне деген ойду айткан деген суроону талдап илимий иштин биринчи, алгачкы бөлүмүн кагаз бетине түшүрөт. Бул расмий бөлүм илимий изилдөөнүн башы (босогосу, улагасы) гана. Спорт чөйрөсүнө салыштырсак, бул – таймаш эмес, тек кана денени кызытуу, таймашка даярдануу этабы.

Ошентип окумуштуу мурунку – алган билимдеринин жана макалалардын жардамы менен илимдин сырдуу дүйнөсүн, изилденүүчү көйгөйдүн көшөгөсүн гана  ачат.  Ал  эми  анык  илимий изилдөө  экинчи  бөлүмдө  илимпоз  чыгармачылык  менен  терең талдоо  жасап,  тажрыйбаларды, эксперименттерди жүргүзүп, коюлган  илимий  маселени  ресурстарды (күч, акча, убакыт) аз сарптоо менен чечүүнүн үстүндө эргүү менен  иштеши  керек.  Бул  процесс  түгөнбөс  түйшүктү,  кажыбас кайратты, анык берилгендикти талап кылган кереметтүү илим жолу!

Илимий изилдөөнүн үчүнчү бөлүмүндө, арийне, илимий продукция сунушталат – жаңы технология, инновациялык ыкма,  стратегия,  ченемдик-укуктук  актынын долбоору жана башка өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө оң таасирин көрсөтүүчү негизделген  жаңы  илимий  чечим катары.

Бул  өңүттөн  алып  караганда  макала тек гана жалпы маалымат экени талашсыз, анткени анда окумуштуунун/автордун  кандай  көйгөйдүн  үстүндө  иштеп жатканы айтылат, кандай ыкмалар колдонулганы  ачыкталышы  мүмкүн,  кандай  жыйынтыктар  чыкканы  жөнүндө үстүртөн, негизинен кеп болушу да ажеп эмес.

Кыргыз  коомчулугунда жүздөгөн макалалардын автору болгон окумуштуулар жүздөп саналат, бирок алардан улуттук  экономиканын  өсүшүнө же  элибиздин  социалдык  жашоо деңгээлинин жогорулашына кандай практикалык салым кошо  алдыңыз  деп  сурасаңыз оңгулуктуу жооп угушуңуз, албетте, күмөн.

Карл Маркс айткан илимдин жаркылдаган туу чокусуна алып баруучу ийри-буйру бир таман жолдун төмөнкү башы гана макаладан башталат экен да, ал эми ал жолдун ортосу, туу чокусу үлкөн чыгармачылык,  өздүк  талыкпаган  аракет менен гана өтүлүшү мүмкүн… Мындай болгон соң, илимий кадрларды, алардын илимий  иштерин  аттестациялоодо  макалага/публикацияга басым жасоо канчалык деңгээлде жаңылыштык, ал эми өлкө  масштабында  кечирилгис  ката/зыян  экендигин  түшүнө  турган  мезгил

келди.

Батыл реформаларга барбасак болбойт

Албетте, денеси карылуу адам спортто албан ийгиликтерге жетишиши мүмкүн, ал эми акылы курч, табиятынан талдоо жөндөмү бар инсан гана окумуштуу боло алары шексиз. Ошондуктан биз илимпоз инсандарыбыздын чыгармачыл дараметин толугу менен элибиздин жыргалчылыгын арттыруу багытында колдонушубуз керек. Аларды толук кандуу иштетип, жакшы маяна берип, сый-урматка бөлөшүбүз биздин милдет. Илим департаментинин бүгүнкү иштеринин негизги багыты дал ушундай!

Илим тармагында батыл реформаларга баруу менен илимпоз окумуштуулардын жогорку интеллектуалдык акыл эмгегин толугу менен илим тармагына пайдаланып, ал эми колдонууга чама-чаркыбыз жетпей калган бөлүгүн жарыбаган маяна менен жөн эле өлбө жаным өлбө деп жан сактаган чала өлүк илимий мекемелерде кор кылып кармай бербес тен коомубуздун башка, алардын жаратман энергиясына муктаж, тармактарына (бизнеске, мамлекеттик кызматка, саясатка, көркөм өнөргө жана башка) которууга тиешелүү шарттары түзүп берүүгө  милдеттүүбүз.

Батыркул БАЕТОВ, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, экономика илимдеринин доктору