Биз күткөн Рамазан айынын касиеттери

Ар бир мусулман адамы – бул сынак, акыйкат дүйнөгө жөндөн-жөн жаратылбаган. Далилдүү айтканда, Алла Тааланы таанып, жаратуучубуз моюнга илген милдеттерди убагында орундап, ыйманга бек болуп, күнөөлөрдөн алыс болуу менен соопко умтулуу. Бирок, денебиздеги ар кандай пендечилик нерселер, руханий ачкачылыкка жол ачып берет.

Мына ушул маселеде адамдык баалуулугубузду сактоо менен, руханий тазалыгыбызды арттырууда уңгулуу улутубуз карманган салттуу динибизге төп келген, илгертен атаданбалага, энеден-кызга, улуудан-кичүүгө өтүп келе жаткан, жазылбаган улуттук академиябыздын акыл-тарбиясына муктажбыз. Мына ушулардын ичинен, алдыбыздагы жакында жаңыруучу, калкыбыз кадырлаган айлардын султаны, касиеттүүсү Рамазан айы.

Бул рамазан айы напсибизди тарбиялоодо, Алла тарабынан мусулмандарга берилген эң чоң тартуу белеги. Демек, касиеттүү Рамазан айы бизди пенделик кылык-жоруктардан жана напсиге бөгөт коюп, жүрөктү тазартуучу ай. Биздин ушул эңсеп күткөн, бардык үммөттөр үчүн сооптору түгөнгүс, жан дүйнөнү руханий азыктандыруучу жана тазалоочу Рамазан айы, бизге туура жолду көрсөтүп, ыйман нуруна бөлөөчү берекелүү ай.

Бул ыйык айда шайтандар кишенделип, тозоктун эшиктери бекем жабылуучу, жаннаттын эшиктери кенен ачылуучу убагы. Ал эми сабырдуулукка, напсини тыюуга үйрөтүүчү рамазан айынын ордосу – исламдагы беш парздын бири. Орозо – мусулман календары боюнча хитринин экинчи жылы парз кылынган. Орозонун парз болушуна курван менен сүннөт далил жана курвани каримде мындай деп айтылат: “Эй, момундар, силерден мурунку өткөндөргө (коомго) парз кылынганы сыяктуу, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды”. (Бакара: 183-аят).

Мына ушуга байланыштуу сахаба Салман ал Фарси (р.а) мындай дейт: “Шаабан айынын акыркы күнү, Алланын элчиси (с.а.в) бизге мындай хутба айтып баян кылды: “Оо адамдар! Силерге улук, берекелүү ай келди. Бул айда миң айдан артык болгон кадыр түнү бар. Алла ушул айда орозо кармоону (тутууну) парз кылып, ал эми түндө намаз окууну эрктүү кылды. Ушул касиеттүү айда Алла жакшы, өзгөчө пейили менен жакындаган пенде, башка убакта фарз орундагандай. Бул Рамазан айы сабырдуулук айы, ал эми сабырдуулуктун сыйы – жаннат. Адамдардын бири-бирине, өз ара мээримдүүлүк айы.

Мына  ушул  айда  момундун  ырыскы-насиби эселенет. Эгерде кимде ким ушул айда орозо кармаган бир адамдын оозун ачырса, анын күнөөсү кечирилип, тозоктон азат кылынат. Орозо кармоочунун сообунан да эч нерсеси кемитилбейт”. Ошондо сахабалар: “Эй, Алланын элчиси! Ооз ачырууга баары-быздын мүмкүнчүлүгүбүз боло бербейт да”, – дешти.

Ошондо Алла элчиси (с.а.в): “Орозо кармагандын оозун эч болбогондо, бир курма менен же бир жутум суу менен, сүт менен ачырган жанга да ошондой сооп жазылат. Рамазан айынын башы ырайым, ортосу кечирим, ал эми аягы тозоктон кутулуу” – деди.

Имам-Байхакинин рибаятында Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Эгерде Алланын пенделери ушул йдын берекеси менен артыкчылыгын билсе, рамазан айынын жыл бою болуусун каалар эле”, – деп берекелүү айдын баа жеткис бийик мартабасын айтып кеткен.

Имам термизинин риваятында Алланын элчиси (с.а.в) улуу айдын өзгөчөлүгү тууралуу мындай дейт: “Рамазан айынын биринчи түнү шайтандар менен кара ниеттүү жиндер кишенделет. Тозоктун эшиктери бири да калбай жабылып, жаннаттын эшиктери бири да калбай ачылат”. Ошондо бир жарчы: “Эй, жакшылык каалоочу, жакшылык кылууга кириш! Эй, жамандык каалоочу, зыян кылууну токтот! Бул айда Алланын тозоктон азат кылуучу кулдары бар!” – деп, жар салат. Ар бир түнү ушундай жар салынып айтылат.

Рамазан айындагы өзгөчөлүктөр тууралуу имам Ахмадтын Абу Хурайрадан (р.а) жеткизилген риваятында Алланын элчиси  (с.а.в)  орозо  кармоочунун  өзгөчө  касиеттери  тууралуу  мындай  дейт.  “Менин үммөтүмө Рамазан айында мындан мурун эч бир үммөткө берилбеген беш түрдүү касиет берилди:

  1. Орозо кармоочунун жыты Алланын алдында кош жыттуу мисктен да артык болот;
  2. Орозо кармоочулар ооздорун ачканча периштелер алар үчүн Алладан истигфар (кечирим) сурап турат;
  3. Алла Таала Рамазан айынын ар бир күнү жаннатын жасалгалап, ага: “Менин изги таза кулдарымдын ташпиши менен кыйынчылыктарын таштап, сага кирүүчү күнү жакын калды”, – дейт.
  4. Бул айда жиндердин бир азы чынжырланып, башка айларда кыла турган нерселерин кыла албайт.
  5. Ал эми акыркы түнү алардын (орозо кармагандардын) күнөөлөрү кечирилет”.

Ошондо  сахабалар:  “Эй,  расул  Алла! Ал түн кадыр түнбү? – деп сурашканда, ал (с.а.в): “Жок, жумушчу да ишин толук бүтүргөндөн  кийин  өзүнүн  сыйын  (акысын)  албай  коюучубу?  Ошол  сыяктуу”,  – деген”.

Корутундулап айтканда, отуз күндүк орозо – күндүзү жөн эле ичип-жегенден өзүн чектөө деген сөз эмес. Орозо – рухтун азыгы, дененин (тулку бойдун) шыфаасы. Мына ушул рамазан айынын кадыр-касиетин терең билген ардактуу сахабалар, орозого алты ай калган мезгилден баштап: “Роббибиз, бизди рамазан айына аман-эсен жеткизе көр!” – деп дуба кылышчу экен. Бул туурасында Ибн Фадл (р.а) мурунку муундун изгилери Алла Тааладан алты ай бою рамазанга жеткирүүсүн тилешчү, андан кийин Алладан аны кабыл кылуусун сурашчу”, – деп айткан.

Ошондуктан  жогорудагы  айтылгандарды жүрөгүбүзгө түйүү менен райымдуу, кечиримдүү, тозоктон куткаруучу касиеттүү айда, күнөөлүү иштерден баш тартып, сооптуу  амалдарга  (иштерге)  умтулушубуз керек. Эгерде ушунун баарын баалай билсек,  ар  бир  күнүбүз  кадырлуу  болору шексиз.

Эми баарыбызга он эки айдын султаны болгон, касиеттүү кадыр түндүү Рамазан айы ийгиликтүү болсун!.

Алтымыш КОЗУКЕЕВ, Кара-Буура району, Балыкчы мечитинин имам хатиби

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *