Тагдыры кыска болду таланттын

Баткен дубанынын таланттуу кыздарынын бири, кайталангыс обончу жана аткаруучу Бүзейнеп Өмүрзакова 1958-жылдын 19-апрелинде айтылуу Шаймерден суусунун жээгиндеги Пүлгөн кыштагында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Мамалатип аксакал өзү, анын ата-энеси да кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жакын болуп, ар кандай ырларды аткарган инсан эле.

Биз Бүзейнеп менен катарлаш класста окуп калдык. Райондун борборундагы Ломоносов атындагы мектепте же райондук  маданият  үйүндө  кандай  иш-чаралар болбосун, ал мукам үнү менен советтик мезгилде эмгекчилердин кулагынын кужурун кандырып, далай патриоттук жана лирикалык ырларды созолонтконун жакшы билебиз. Анын сүйгөн предмети музыка сабагы болчу. Анын бир тууган эже-сиңдилери да өздүк-көркөм чыгармачылыгынын ийримдерине катышышып, ар кандай майрамдык кечелерде тартынбай ырдаша турган. Дале ырдап да келе жатышат.

Кийинчерээк орто билимге ээ болгон соң Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун музыкалык факультетине өз күчү менен өтүп кетет. Ал жерде окуп жүргөндө ар кандай фести-валдарга, кароо-сынактарга катышып, нота үйрөнүп, Гүлшайыр Садыбакасова, Жолдошбек Мамажанов баштаган устаттарына шакирт болду. Музыканын улуу дүйнөсү менен таанышты.

Атайын музыкалык жогорку билимге ээ болгон соң өзү туулуп өскөн ошол кездеги Фрунзе, азыркы Кадамжай районуна келип, Ломоносов атындагы орто мектепте, балдардын музыкалык мектебинде ийгиликтүү иштеди. Райондук иш-чаралардын, той-тополордун, кечелердин көркүн ачкандардын бири так ушул Бүзейнеп болгонун кантип унуталы. Өзү да Аалы Токомбаевдин сөзүнө “Үч чындык”, Умсунай Каразакованын сөзүнө “Мен деп билгин”, Курсанали Пахировдун сөзүнө “Рубаният”, “Өмүр” деген жакшынакай, көп ырдалып шлягерге айланган обондорун жаратты. Дагы бир топ обондорун жаратуу боюнча аруу тилеги жүзөгө ашпай, 2005-жылдын 20-декабрь күнү күтүлбөгөн авто кырсыктан улам,  ааламдан  өтүп  чын  дүйнөгө  кете берди.

Б.Өмүрзакова 47 жыл жашады. Бул аралыкта ал жашоонун азабын да, жыргалын да көрдү. Татынакай уул-кыздарды тарбиялап өстүрдү. Алар апасынын таланты, ак эмгеги, аруулугу менен башын бийик көтөрө сыймыктанып жүрүшөт. Адамзаттын жашоосунун маңызы көр дүйнө, байлык топтоодо эмес, элибиздин руханий кенчине салым кошууда, артынан жакшы из калтырууда, чыныгы адам болууда эмеспи. Каарманыбыз бул вазийпаны ийгиликтүү өтөй алды деп ойлойм.

Бүзейнепти эскерип жатып, анын башынан өткөргөн бир окуясын айтпай койсок болбос. 1994-жылдын август айында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн майрамына карата аны менен чогуу Лейлек районунун ишкана-мекемелерине барып, концерттерин уюштурдук. Ал кезде райондун акими маркум Курсанали Турмаматов болчу. Бардык жакшы шарттарды түзүп, 31-август күнү Бүзейнеп Исфананын стадионунда өзүнүн ырларын аткарып чыккан. Салтанатка келишкен коңшулаш Тажикстандын Ходжент шаарынын өкүлдөрү Б.Өмүрзакованын талантына, аткаруучулук чеберчилигине тан беришкен. Ага тажик жана өзбек тилиндеги лирикалык ырларды аткарууну сунушташкан. Кийинчерээк ал бул сунушту эске алып бир катар тектеш элдердин ырларын аткарып жүрдү.

Замандашымдын талантын жогору баалашкан, бирок өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлошкон Кызыл-Кыя шаарындагы айрым шылуун балдар ал аткарган ырларды кассетага топтошуп Адина Мамажанова деген артист деп ат коюшуп, кыйлага дейре пулдап жүрүштү. Бирок ага нааразы болгон Б.Өмүрзакова мыйзам чегинде шаардык сотко кайрылууга мажбур болду. Ошондон кийин гана кассеталар анын ысымы менен чыгарылып, Кыргызстандын булуң-бурчтарына тараган.

Анын чыгармачылыгын жогору баалашкан жердештери, Кадамжай поселоктук кеңешинин депутаттары 2012-жылы Б.Өмүрзакованын ысымын шаарчадагы балдардын музыкалык мектебине ыйгарышкан. Ал эми Кадамжайда жыл сайын апрель айында мындагы таланттуу обончулар  Жолдошбек  Мамажанов  менен Бүзейнеп Өмүрзакованы эскерүү кечелерин өткөрүү салтка айланып калды. Өнөр ышкыбозу Ашим Байматов баштаган демилгечилер, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, Кадамжай шаарынын мэриясынын жана бир топ мекеме-уюмдардын колдоп кубаттоосу менен быйыл да өткөрүлмөкчү.

Адылжан ЖАЖАНОВ, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү