«Бейтаптар дарыгерлерге өзүнө ыңгайлуу учурда жазыла алат»

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Быйыл Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыяланган. Мына ошонун алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү багытында иштер жасалууда. Анын ичинде Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө багытталган бир топ иштер мерчемделүүдө. Маселен, медицина тармагында заманбап маалымат технологияларын терең колдонуу менен тез жардам системасы кескин түрдө өзгөртүлөт. Бишкектеги тез жардам кызматы автоматташтырылган башкаруу системасы 2019-жылдын этегинде толугу менен бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Ошондой эле бул долбоор Ош жана Каракол шаарларында 2020-жылы иштеп баштай турганы айтылууда. Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун директорунун орун басары Бактыяр Станбеков менен маек курдук.

–  Саламаттыкты  сактоону  санариптештирүү  багытында  жасалып жаткан иштер боюнча айтып берсеңиз?

– Саламаттыкты сактоону санарип тештирүү системасы башталуу этабында, бирок жакшы баштапкы көрсөткүч түзүлдү. Анткени, учурда компьютердик сабаттуулуктун деңгээли салыштырмалуу бир кыйла эле жогорулап калды, себеби Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери маалыматтык базалар менен кандай иштешти жыл сайын үйрөтүп жатышат, мисалга алсак жыл башынан бери миңден ашык дарыгерлерди окутуп чыгышты. Бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде компьютерлер бар, бирок дагы 4500 компьютердик техника жетишсиз болуп жатат. Ошого карабастан, учурда 35 саламаттыкты сактоо мекемесинде электрондук медициналык картаны киргизүү боюнча, комплекстүү медициналык маалымат системасын киргизүү ишке ашырылган. Азыркы учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда, Республикалык клиникалык-инфекциялык ооруканасында, Кара-Суу райондук аймактык балдар ооруканасында ж.б. медициналык маалымат системаны киргизүү иштери башталды.

Ошондой эле ооруларды сапаттуу жана тез аныктоо, изилдөөлөрдү кайталоону жокко чыгаруу, медициналык жардамды өз учурунда сапаттуу көргөзүү максатында лабораториялык жана дарт аныктоо кызматтарын авто-матташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Муну менен бирге эле лабораториялык кызматтарды борборлоштуруу Ысык-Көл облусундагы бириккен ооруканаларга автоматташтырылган борбордук лаборатордук маалымат системасын киргизүү жолу менен ишке ашырылды . Бул тажрыйба башка аймактарга дагы жайылтылат.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлиги жети автоматташтырылган маалымат системасын электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) кошту. Азыркы учурда Борбордоштуруп сатып алуу максатында КР Саламаттыкты сактоо министринин 24.04.2019-жылы чыккан №552 буйругунун негизинде Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына бирдиктүү маалымат системаларын киргизүү үчүн техникалык талаптар менен Техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТж БМК), КР ССМ, Мамлекеттик каттоо кызматы (ММК) жана Электрондук саламаттык сактоо борбору (ЭССБ) тарабынан жумушчу топ түзүлдү.

– Учурда ооруканадагы кезек күтүү элдин кыжырын келтирип келет. Ушул багытта кандай иштер аткарылууда?

–  Бул  багытта  да  бир  топ  иштер мерчемделүүдө. Алардын ичинде ишке ашырылгандары да бар. Азыркы тапта Бишкек шаарындагы №8, Тоң райондук, Түп райондук ҮМБ, Жети-Өгүз ЖДПБ ооруканасында “Дарыгерге кабыл алууну электрондук каттоо” маалыматтык системасы ишке киргизилди. 2019-жылдын этегине чейин аталган системаны окутуу жана таркатуу Бишкек шаарынын Бириктирилген  үй-бүлөлүк  медицининалык  борбору (БҮМБ) жана Чүй облусу-нун үч оору каналарында этап-этабы менен киргизүү пландалууда. Бул нерсе бейтаптар менен байланышты бекемдөө жана https://services.med.kg порталы аркылуу дарыгерге кабыл алууга ар ким өзүнө ыңгайлуу учурда жазылуу мүмкүндүгүн камсыздайт.

–  Алгачкы  медициналык  жардам көрсөтүү жаатында кандай иштер жүрүүдө?

–  «Амбулатордук  КИФ»  маалыматтык базаны жакшыртуу иши жүргүзүлдү. Үй-бүлөлүк  дарыгерлерди  стимулдаштуруу төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн алгачкы медико-санитардык жардамды көрсөткөн саламаттыкты сактоо мекемелеринин бардыгында «Амбулатордук КИФ» программалык окутуу жана камсыздоо иштери жасалды. Учурда база онлайн режимге которулган жана 2019-жылдын июль айынын этегине чейин аны Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) деңгээлине киргизүү мерчемделүүдө. Ушул жылдын мартында алгачкы медико-санитардык жардамды көрсөткөн саламаттыкты сактоо мекемелеринин бардыгында “Калкты жазуу” маалыматтык системасы ишке киргизилди.

– Дары­дармек жаатындагы башаламандыктарды кантип жолго салса болот?

–Бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын Улуттук  электрондук  маалыматтар  базасын (УЭМБ) түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анда дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын им-портордон жергиликтүү керектөөчүлөргө чейинки жетүү кыймылына электрондук түрдө көз салуу камсыз кылынат. Азыркы учурда эки этап боюнча иштер аяктап, кийинки эки этабы жана аны толук жүзөгө ашыруу боюнча иш –чаралардын планы каралууда. Андан тышкары Дары дармек маалыматтардын улуттук базасын түзүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында Электрондук жеңилдик рецепт электрондук сервис иштелип чыккан. Аталган сервис калкты коопсуз жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыздоо үчүн заманбап, актуалдуу жана так маалымат менен камсыздайт. Ал марттын этегинде Ысык-Көл облусунун үч пилоттук районунда киргизилген.

– Коомчулукта тез жардам кызматы “кеч жардам” болуп калды деген сындар байма­бай айтылып келет. Аны жакшыртуу жолдору да каралуудабы?

– 2018-жылдын аягында автоматташтырылган маалымат системасы Бишкек шаарындагы «Тез медициналык жардам көрсөтүү» борборуна киргизилди. Система негизинен калкка кызмат көрсөтүүнү жогорулатууну максат  кылып,  тез  медициналык  кызмат көрсөтө албай калган учурлар бар экендигине байланыштуу биринчи кезекте адамдардын өлүмүн жана олуттуу кесепеттерин азайтууга багытталган. Кабыл алуу жана чалуулар менен иштөө, бригадаларды башкаруу (координациялоо, байкоо жана көзөмөлдөө) чалуудагы маалыматтарды коргоо жана аларды ыкчам колдонууга даярдоо, жыйынтык даярдоодо иштелип чыккан система Тез жардам борбору үчүн комлекстүү кызмат жана мобилдик тиркемелерди сунуштай алат.

Онлайн-медициналык кызматтардан пайдалануу үчүн саламаттыкты сактоо адистери тарабынан телемедициналык технологияларды колдонуу башталды.