Экс-министр Динара Сагинбаева Батукаевдин иши боюнча камакка алынды

Мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаева А. Батукаевдин иши боюнча кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Саламаттык сактоо министрлиги, Сагынбаева эмгек өргүүдө экенин билдиришти.

Маалым болгондой, Сагинбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча кечээ, 14-майда милицияга суракка чакырылган.

Буга чейин Батукаевке рак диагнозун койгон дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова жана дагы 3 дарыгер тергөө абагына киргизилген.