Коррупция сулуу аял түспөлүндөгү азгырык

Коррупция дегенде эске Аскар Акаев түшөт. Себеби, анын тушунда өлкөнүн завод-фабрикалары талоонго түшүп, катуудан казаны, жумшактан күлү чыкканча талкаланды.

Колхоз-совхоздор жок болду. Кыскасы, анын тушунда дээрлик 15 жылдан ашуун убакыт эч нерсе курган жокпуз, баарын талкаладык. Аны сырттан душман келип талкалаган жок. Өзүбүздүн эле балдар-кыздарыбыз – “кызыл директорлор” жана партократтар талкалады.

Коррупция деле кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок. Ошол жылдарда пайда болду. Эсибизде турат, менчиктештирүү ураанынын астында, айтылуу “легендарлуу парламенттин” 350 депутатына дүкөндөр, соода борборлору, мейманканалар, эс алуу үйлөрү жеке менчикке берилип кетпеди беле. Канчалаган депутаттарга мамлекет эсебинен үй берилди. Мунун баары мамлекеттик масштабдагы коррупция эмей эмне эле?

Бүгүн ал менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү улутташтырууга мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес. Ал мүлктөр башка бирөөлөрдүн менчигине өтүп кеткен. Болгону мамлекет мына ошол башаламан учурда кимдер канча мүлккө ээ болгонун, ал мүлктүн тагдыры кандай болгонун ачыктаса деле жаман болбос эле. Мына ошондо саясий элитанын чыныгы жүзү ачылмак. Кимдер дос да, кимдер душман экенин билмекпиз. Бул деле тазалануунун бир жолу.

Коррупция бар жерде, арам ой уялаган жерде, эч качан ийгилик болбойт. Алдамчылык, көз боемочулук, кошоматчылык өкүм сүрөт. Коррупция десе эле, ырайы суук немени элестетпеш керек. Коррупция сулуу аялга окшош. Сулуу аялды көргөндө кандай эркек болбосун, жок дегенде бир бурулуп карап алгандай, коррупция да кимди болбосун, бир бурулуп каратып, азгырат да турат. Коррупция сулуу аял түспөлүндөгү азгырык, коррупция – шайтан.

Коррупция менен күрөшүү үчүн мүмкүн сатиранын да тилин пайдаланып дегендей, КТРКга “Шибеге”, же “Тикенек” деген теле берүүнү ачып, ошондой эле аталыштагы гезит, интернет сайт ачылса жана анда жарыялангандар мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынса, коррупцияга азгырылгандар азаяр беле деген ой жаралат.

Керимкул АБДЫЛДАБЕКОВ, филология илимдеринин кандидаты, доцент

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *