Калысбек ЖУМАКАНОВ: «Санариптештирүү боюнча беш позиция алдыга кеттик»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстандын ветеринардык тутуму ЕАЭБдин ченемдерине карата эквиваленттүү деп таанылды. 2019-жылдын 30-апрелиндеги Ереванда өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бул тууралуу документке кол коюлду. Өлкөбүз 2015-жылы интеграцияга кирген учурда ага мүчө мамлекеттердин эксперттери Кыргызстандын ветеринардык тутуму интеграциянын талабына туура келбейт деп чечишкен. ЕАЭБдин эксперттери 2015-2016-жылдардан бери үч ирет аудит жүргүзүшүп, кемчиликтерди четтетүүгө убакыт беришкен болчу. Эми мындан ары кыргыз ишкерлеринин азыктары Казакстан тараптын кошумча текшерүүсүз чек арадан токтоосуз өтө баштайт. Буюрса, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгү артат. Ушул кубанычтуу жагдайга байланыштуу кабарчыбыз Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов менен маек курган.

– Калысбек Туратбекович, Кыргызстандын ветеринардык тутумун ЕАЭБдин  талаптарына  шайкеш келтирүү үчүн кандай иштер аткарылды?

–  Ветеринария  өз  ичине  көп  профилдүү тармактарды камтыйт. Анын жоопкерчилигин көп түйшүктөрүн бир макалада айтып берүү абдан кыйын. Айталы, ветеринардык лабораторияларды эл аралык уюмдардын каттоосунан  өткөрүү,  малдын  жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу, дарылоону өз убагынан кечикпей уюштуруу, малды идентификациялоо ж.б. сыяктуу иштерди көзөмөлдөн чыгарбаш керек. Малдын дарттарына каршы күрөшүүнүн  мамлекеттик  программасын өз убагында аткаруу, аба менен келген, жаныбарлардан тараган шарп, чума, чечек ж.б. транс чек ара ылаңдардан коргонуу жумуштарын аткаруу милдети бар.

Мен 2015-жылы ушул кызматка келдим. Ошол жылы мунун баарын аткаруу мүмкүн эместей сезилген. Каржылоо абдан начар эле. 1950-1960-жылдардан берки эскилиги жеткен советтик лабораториялар иштеп жаткан. Алар дүйнөдө өнүгүп жаткан акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы лабораториялардын талабына шайкеш келбей калган. Эт-сүт ишканаларыбыз эл аралык ХАССП тутумунун талаптарына туура келбесе экспортко чыгаруу кыйын. Булар тууралуу жалпы элде да, ветеринарларда да түшүнүк аз болчу. Малды короодо союп, машиненин багажына салып алып соодалап сатканы кетишчү. Эт, сүт азыктарына карата тамак аш коопсуздугунун талаптары тышкы рынокто да, ички рынокто да бирдей сакталышы керек. 2016-2017-жылдары бул боюнча техникалык регламенттер иштелип чыгып, кабыл алынды. Каржылоо жагдайы кыйын болгондуктан малдын дары-дармектерин сатып алуу да беш айга созулчу. Жугуштуу ылаңдарга каршы күрөшүүгө болгону 61 млн. сом гана бюджеттен бөлүнчү. Анын ичинде лабораториялардын көйгөйүн чечүү, тогуз түрдүү ооруларга вакциналарды сатып алуу иштеринин баары бар. Бул каражат эч нерсеге жетмек эмес. Айтор эпизоотиялык татаал кырдаалды баштан өткөрдүк.

– Сиздин эл аралык уюмдардын долбоорлорунда иштеген тажрыйбаңыз ушул инспекцияга каражат тартууга жардам берсе керек.

– Бүгүнкү күндө малдан адамга жугуучу сибир жарасы, кутурма, бруцеллез, учук ж.б. ооруларды кыскартуунун мамлекеттик программасы бир кылка ишке ашырылып жатат. Өлкөнүн жалпы ветеринардык тутумун Эл аралык эпизоотикалык бюронун талабына ылайык келтирүү милдети тагылган. Мага бир эсептен  ошол  тажрыйбалар  жардам бергени чын, ошондой болсо да кемчиликтерди жоюга жалпыбыздын аракеттерибиз аркылуу жеттик. Адегенде дары-дармектин сапатын жакшыртууну каржылоо боюнча техникалык шарттарды иштеп чыктык. Эл аралык эпизоотикалык бюро уюмуна дүйнөнүн 182 өлкөсү мүчө. Ага Кыргызстан да кирет. Алардын жардамы менен 130 млн. сомго малдын ылаңдарына каршы дары-дармектерди алганбыз. Бүгүнкү күндө да донор уюмдардын колдоосунда сапаттуу дарылары алуудабыз. Мисал келтирсек, бруцеллез менен эхинококкозду эл аралык донорлордун каражатынын эсебинен кескин кыскарттык. Жугуштуу оорулардын эң көбү адамга иттерден тарай турганын баары эле биле бербейт. Ушуга байланыштуу биз иттерди идентификациялоо жүргүзө баштаганыбызда айрым адамдар муну түшүнгөн эмес. Мындай кооптуу дартты жугузган адамдарды медицина дарылаганы менен дарттардын санын азайта албайт. Ал үчүн адегенде жаныбарларды эмдөө керек. Бир нече жыл мурда бруцеллез менен жылыга 4500ге жакын адам ооруп турган. Орточо алганда 27 жылдын ичинде 100 миңден ашык адам ушул кооптуу дартка чалдыккан. Алардын 30 пайызы майып болуп, 6-8 пайыз жаштар тукумсуздукка чалдыкканы медициналык маалыматтарда камтылган. Биз азыр малга жаңы вакцинаны колдонуудабыз. Бүгүнкү күнгө карата 1 млн. 700 миңден ашык уйду идентификациялоодон өткөрүп, электрондук базага киргизип бүттүк. Андан тышкары 24 млн. ашык койду эмдедик. Акыркы 5 жылдын ичинде адамдардагы бруцеллезду 5 эсе кыскарта алдык. Врачтардын расмий отчетуна караганда республика боюнча акыркы бир жылда бруцеллез менен болгону 767 адам ооруду. Эхинококкозго чалдыккандар эпидемиологиялык эң жогорку чекке жетип калган. Бул дарт 3-4 жыл мурдагыга салыштырмалуу 246 адамга кыскарды. Иттерди дарылоого адисти бекитип, анын отчетун алып отуруп ушул натыйжага жетиштик.

– Жер-жерлердеги ветеринардык адистерди техникалык каражаттар менен камсыздоодо натыйжа кандай болду?

– Кыргызстан мүчө болгон интеграциянын аймагындагы мамлекеттерде ветеринар адиси бюджеттен маяна алып иштейт. Алар бизден ушунусу менен дагы айырмаланат. Салыштырып көрөлү. Союз тарап жатканда өлкөдө 8800 ветврач бар болчу. Мындан бир аз жыл мурда болгону 1500 ветеринар калган. Анын ичинен 500 эле ветеринар жогорку билимдүү экен. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн эл аралык долбоорлор менен иштеп, 1000ден ашык ветеринарга дары-дармек сактоочу муздаткычтарды, мотоциклдерди сатып бердик. Алар бүгүнкү күндө 1500 долларлык шприц автомат, термо-чемодан, халат, смартфон, ноутбук сыяктуу эң керектүү каражаттарга ээ болушту. Бюджетти карап отуруп алсак мунун баары кайдан келет эле? Малды идентификациялоого мал ээсинен 70 сом алышат. Анын 30 сому ветеринарга калтырылат. Калганын кредитке төлөп берип жатып банктан кутулуп калдык. Кредит алып өлкө боюнча ушундай ири масштабдуу мамлекеттик ишти аткаруу оңой болгон жок.Тогуз ылаңга каршы стратегиялык планды иштеп чыгып, Эл аралык эпизоотиялык бюрого жөнөткөнбүз. Ал жактан эксперттер келишип, ишибизди талдап көрүштү. Аны биз дүйнөлүк стандартка шайкеш келтиргенибизден кийин, ушул стратегияны бекитүүгө мүмкүнчүлүк алдык.

– Эл аралык эксперттер Кыргызстандын ветеринария тутумуна кандай позицияда баа беришти?

– Сиздин бул сурооңузга жооп берүү үчүн төмөнкүлөрдү салыштырып көрөлү. Мен ушул кызматка келген эки айдан кийин, тактап айтсак, 2016-жылдын январында эл аралык эксперттер атамекендик ветеринария тармагынын 49 позициясын аудит жүргүзүшкөн. Анда биз ветеринариянын эл аралык талабына ылайык “5” баллдык система боюнча түрдүү позициялардан алганда “0”, “1” же “2” деген начар баага ээ болгонбуз. Ошол эле жылы лабораторияларыбыз да ошондой төмөнкү баа алган. Ушуга байланыштуу алар ийгиликтер менен кошо кемчиликтерибизди айтышып, өз сунуштарын жазып берип кетишкен болчу. Биз 2018-2023-жылдарга карата атамекендик ветеринария тармагын өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгып, бекитип алдык. Жакында эле Эл аралык эпизоотиялык бюронун эксперттерин кайрадан чакырып, Кыргызстандын ветеринардык тутуму кандай деңгээлге жеткендиги боюнча баалоо жүргүздүрдүк. Анткени, алар дүйнөлүк соода жаатындагы стандарттарды аныктайт. Стандарттар туура келбесе оорулардын кыскаруусу боюнча статус бербей коюшу ыктымал эле. Тилекке жараша, эксперттер Кыргызстандын отчетун жактырышып, өздөрүнүн сайтына жайгаштырышты. Эми алар кыргыз Өкмөтүнө биздин отчетубузду жөнөтүшөт деп күтүп жатабыз. Алар: “Эки жылдын ичинде жалпы ветеринария тутумун жогорку деңгээлге көтөрүп алган силердей өлкө өтө сейрек”, – деп баа беришти. Азыркы күндө биз ветеринардык тутумдун 49 позициясынан алып караганда, “5” баллдык система боюнча “3” жана “4”кө чейинки баага ээ болдук. Бул өтө жакшы көрсөткүч. Ал эми “5” баллды Европанын чок ортосундагы айрым мамлекеттердин да алышы кыйын. Үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде Россиядан лабораторияларыбыз үчүн 56 жаңы жабдуу келишин күтүп жатабыз. Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда Россия жалпысынан 200 млн. доллар бөлүп берген. Анын ичинде ветеринардык инспекциянын да ала турган 17 млн. доллар тегерегиндеги үлүшү бар. Казакстан ишкерлерибиздин товарларына  ар  кандай  кинелерди  коюп, өткөрбөй тоскоолдуктарды келтирип келе  жатышат.   Ушуга  байланыштуу биздин инспекция Эл аралык эпизоотиялык бюронун берген жогорку баасын көрсөтүп, документтер менен далилдедик. Баарынан мурда Президент С.Жээнбековдун  жана  Премьер-министр М.Абылгазиевдин Казакстандын бийлиги менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишибиз жакшы нукка салынды. Кошуна мамлекеттер менен мурда солгундап кеткен мамилелердин акыркы 1,5 жылдан бери оңолушунун жакшы натыйжасы сезиле баштады. Биздин инспекция болсо ошол иштердин жакшырышына карата жакшы базасын түзүп берди деп ойлойм. Жогорудагы биз айткан иштердин баары иликтенгенден кийин Ереванда өткөн өкмөттөр аралык жыйында Кыргызстандын ветеринардык тутуму ЕАЭБдин алкагында эквиваленттүү болуп табылды. Бүгүнкү күндө ветеринардык мыйзамдардын баарын кайрадан оңдодук. Жаңы үч мыйзамды демилгелеп киргиздик. Жеке менчик ветеринарияны мурдагыга салыштырмалуу кыйла өнүктүрүп, цивилдүү иштөө нугуна салдык десем ашыкча болбос. Бир аз жыл мурда өлкөдө 1500 ветеринар иштеген болсо, азыр алардын эсеби 2665тен ашты. К.Скрябин атындагы агрардык университетте ветеринардык 1 орунга 5 абитуриент атаандаш болуп, орун талашып калды. Учурда аталган университетте 104 ветеринар студент стипендияга жетип билим алууда. Алардын ичинен 30 студент жалаң “5” деген баага окуп жатышат. Муну абдан чоң ийгилик деп ойлойм. Менин пикиримче биз бул системаны кыска мөөнөттө бир нукка түшүрүп, ветеринардык кесиптин аброюн көтөрө алдык. Ветеринар өзүнө бөлүнгөн территорияда иш алып барат. Справка сурап келгендерге өзүнүн мөөрүн басып бере алат. Алар үчүн түбөлүк жумуш рыногу түзүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүү укугуна ээ болушту. Мурда эки эле сүт ишканасы өз продукцияларын экспортко чыгарып келсе, азыр 74 ишкана ЕАЭБдин рыногуна өз продукцияларын экспорттошот. Анын ичинен 20 ишкана сүт, 24 ишкана бал, 20 ишкана балык, 10 ишкана эт багытында. 2007-жылы Россия биздин экспортерлордун этине тыюу салып койгон. Азыр тыюу алынып салынды. Бүгүнкү күндө этти Россияга, Иранга, Араб эмираттарына жана Кувейтке чыгарсак болот. 19 лабораторияны толук оңдоодон өткөрдүк. 4 лаборатория жаңы салынды. Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда ушул иштердин баарын колдоп берген. Учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораториялар  ЕАЭБдин  талабына  жооп  берет. Быйылкы жылы лабораториялардын дээрлик баарын эл аралык аккредитациядан өткөрүүнү колго алабыз. Мамлекеттик органдарды санариптештирүү  жумуштарын   Президент С.Жээнбеков өз көзөмөлүнө алды. Биздин инспекция “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү борборуна кошулган. Санариптештирүү боюнча биздин инспекция беш позиция алдыга кеттик. Азыр кагаз менен иш жүргүзүү дээрлик жоюлуп, электрондоштурулду. Жугуштуу оорулардын отчеттуулугу бо-юнча NADIS маалымат программасы иштеп жатат. Андан тышкары иттерди, малды идентификациялоону көзөмөлгө алган ушул сыяктуу электрондук системалар бар. Ветеринардык сертификаттардын баарын электрондук формада жазабыз.