Маараке алдындагы сереп

Быйыл күзүндө Баткен облусунун түзүлгөнүнө туура жыйырма жыл толот. Ал болгону илгерки үч район жана чакан эки шаардан куралганы менен бүгүн жарым миллиондон ашык ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү ынтымак-ырашкерликте күн кечирип келе жатат. Облустун жалпы аянты 17 миң чарчы километр. Бул республиканын көрсөткүчүнө жакын дегендик. Баткенде дээринен мээнеткеч, дили ширин, сөзү таттуу, миндеген жылдарды карыткан карт тарыхы бар карапайым калк жашайт. Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда жыл сайын улуттук майрамдарга коңшулаш мамлекеттердин чек аралаш райондорунун өкүлдөрү чакырылып, чогуу-чаран белгилешет. Улуттук күрөш боюнча эл аралык мелдештер, ат оюндары, окуучулардын спартакиадалары өткөрүлүп келет. Кеп аларда ким жеңгенинде эмес, коңшулаш элдер менен достук мамилелерди чыңдоодо, өзүбүздүн улуттук байлыктарыбызды даңазалоодо турат.

Бул  дубанда  алыскы  ак мөңгүлүү  чокулардан  башат  алган  айтылуу  Исфайрам, Шаймерден, Сох, Исфара, Кожо-Бакырган,  Ак-Суу  дарыялары бар. Суунун басымдуу бөлүгү не-чен жылдардан бери ылдыйдагы Фергана өрөөнүндөгү досторубуз-дун эгин-тегиндерин, бак-дарагын сугарат. Ансыз адам пендесинин жашоо-турмушун элестетүү кыйын. Акыркы мезгилде эки коңшулаш өлкөдөгү жаңы президенттердин демилгеси менен мурда бир аз солгундай түшкөн кошуналык алакалар чыңдалып, чек аралар ачылып, туугандардын карым-катнашы бир топ жакшырды. Дагы ондогон дол-боорлорду жүзөгө ашыруу милдети алдыда турат.

Баткендин  өрүгүн,  гиласын, малинасын,  алмасын,  күрүчүн өлкөбүздөгүлөр гана эмес, ирегелеш Өзбекстан менен Тажикстандагы досторубуз абдан жогору баалашат. Аларды кайра иштетүүгө, алыскы мамлекеттерге экспорттоого, натыйжада мамлекеттин казынасын толтурууга багыт алынды. Облустагы калктын 77 пайызын кыргыздар, 15 пайызын өзбектер, 7 пайызын тажиктер түзүшөт. Калган башка улуттардын өкүлдөрү саналуу эле. Мына ушул үч улуттун өкүлдөрү “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып” эркин республикабыздын ынтымакта болушуна, өнүгүп өсүшүнө татырлык салымдарын кошуп келишет. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, дың жерлерди өздөштүрүү, союздун учурундагы токтоп калган ири өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүүдө алардын салымы зор. Эгерде бул чөлкөмдөгү алтын, сурьма, сымап, коргошун, ак кум, мунай, таш көмүр кендерин ойдогудай иштетип алсак, жумушсуздук, жакырчылык туурасында сөз болбос эле.

Албетте, Баткен облусунан сыртта миграцияда жүрүшкөн жаштарыбыз миңдеп саналышат. Россияны көздөй уул-кызын же келинин жөнөтпөгөн бүлөнү табуу элетте абдан кыйын. Өзүбүздө чакан гана эмес чоң ишканалар дүркүрөп иштеп,  айлык  маяна  адамдын керектөөсүнө жетип турганда мындай көрүнүш болбос эле.

Чөлкөмдүн  жалпы  аянтынын төрттөн үч бөлүгү коңшулаш өлкөлөр  менен  чектешип  турат. Тажикстан менен бийик тоолор-догу чек ара такталганы болбосо ылдыйкы сугат жери мол, тегиздиктеги тилкелер али тактала элек. Ошондон улам өткөндөгүдөй чыр-чатактар чыгып калууда. Аны сабырдуулук,  мекенчилдик  сезим менен  калыс  чечүү  зарыл.  Бул борбордук жана жергиликтүү бий-лик өкүлдөрүнөн этияттуулукту, компотенттүүлүктү талап кылат. Кошуналарыбыз бизге бир карыш жерин бербей калсын! Чек ара такталбаса биздин мамлекеттүүлүгүбүз, эгемендүүлүгүбүз  кайда  калат? Советтик доордогу тарыхый документтерди аңтарып, эл аралык мыйзамдардын чегинде териштиргенибизде мынчалык жаңжал чыгып, жергиликтүү  тургундар  нааразы болбосо керек эле.

Облустун ишкана-уюмдары, жеке кожолуктар өткөн жылды жана үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталын негизинен дурус көрсөткүчтөр менен жыйынтыкташты. Алдыда дагы көп милдеттер турат. Жакында Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Акрам Мадумаров бул чөлкөмдөгү көйгөйлөрдү ичинен жакшы билет деп ойлойм. Анын тажрыйбасы, компетенттүүлүгү жетекчилердин ушундай чечимге баруусуна ишеним берди окшойт. Ал өзүнүн алгачкы иш сапарын четки Лейлек району менен кенчилердин Сүлүктү шаарынан баштап туура кылыптыр. Андагы проблемаларды өз көзү менен көрүп, карыялардын пикирине кулак төшөп, жергиликтүү калк менен масилеттешип таза иштей берсе, проблемалар чечилип жашообуз оңолот деген үмүт бар. Акрам Камбаралиевич өзү дайыма баса белгилеп жүргөндөй, кызматка келүүнү гана эмес, андан кантип уятка калбай кетүүнү, элге, мамлекетке ак дилден кызмат кылууну ойлой жүрүүсү керек.

Адылжан ЖАЖАНОВ, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү