Ормон хан спектакли тууралуу ой

Жакында телевидениеден Ормон хан тууралуу спектаклди көрүп отуруп, менде көрүүчү катары пайда болгон ой-пикирим менен бөлүшүп, кеңешүүнү туура көрдүм.

Мен адабият жагынан атайын билимдүү, тажрыйбалуу сынчы деле эмесмин. Тек гана көргөнүмдү баамдап, Ормон хан кыргыз элинин ханы болуп шайланган кийинки доордогу кыргыз элинин салты, хан шайлоо тартиби жана жол-жобосу тууралуу эл оозунда айтылып калган санжыра – тарыхтардан окуган жана угуп жүргөн маалыматтарга таянуу менен сын көз карашымды бөлүшөм. Себеби, бул спектакль телевизор аркылуу көптөгөн көрүүчүлөргө жетти.  Аны  көргөн  көрүүчүлөр, айрыкча  кийинки  тарыхка  кызыгуусу артып жүргөн жаш муундардын түшүнүгүндө биздин ата-бабаларыбыз хандарды ушинтип жөнөкөй эле жол менен шайлап койчу турбайбы деген көз карашта калат.

Кыргыздын мындай маанилүү тарыхый окуяларын сахнага алып чыгуу үчүн менин оюмча, албетте, режиссер ага жооптуу мамиле кылуу менен, андагы каармандарды ойной турган артистерди терең тандоодон өткөрдү болуш керек. Алардын аткаруучулук чеберчиликтерин көрүп отуруп, кыргыз элинин искусство айдыңындагы алтындан баалуу байлыгы болуп келген сахнада артист катары роль аткарбай эле, ошол каармандын реалдуу турмуштагы даана өзүндөй болуп көрүнгөн улуу муундагы Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакирдин Аалиев, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Кыдырбек Чодронов, Капар Медетбеков, Анварбек Чортеков ж.б. көптөгөн театр искусствосундагы  корифейлерди  көз  алдыңа келтиресиң. Анан атаганат, алардын орду жакында толбойт го деп бармак тиштеп өкүнөсүң.

Бир мезгилде дүйнөгө аты чыккан Европадагы маданияттын очогу Франциянын борбору Париж шаарындагы чоң театрда атактуу В.Шекспирдин “Король Лир” пьесасы Кыргыз мамлекеттик драмалык театры тарабынан коюлуп, анда Муратбек Рыскулов агабыз Король Лирдин ролун аткарып жатканда, француз  көрүүчүлөрү  анын  сахнадагы актердук чеберчилигине, тубаса талантына таң калуу менен терең баа беришип, спектакль аяктай электе эле ордуларынан туруп алышып, дүркүрөтө кол чаап туруп көрүшкөн экен. Дүйнө жүзүнө таанымал болгон ошондой чоң театрдагы мындай көрүнүш ага баа берип түшүнгөн адамга карапайым кыргыз эли үчүн эмне деген даңк эле! Ал театрга спектаклдин коюлуусуна уруксат алуунун өзү эле ошол кездеги Кыргыз искусствосундагы бийик жетишкендик, чоң ийгилик болгон.

В.Шекспирдин “Король Лир” трагедиясы 1605-жылы алгачкы жолу сахнага чыгып, аны таланттуу драматург катары атын бүт дүйнөгө даңазалаган. Ошондон бери ал ири мамлекеттердин чоң театрларынын сахналарынан түшпөй келе жатат. Ошондой ары жооптуу жана бийик актердук  чеберчиликтерди  талап кылган  пьесанын  тубаса  таланттуу  тоолук  кыргыз  актерлорунун аткаруусунда Париж шаарындагы көрүүчүлөрдүн жүрөктөрүнө жеткире көрсөткөн улуу муундагы таланттуу кыргыз элинин улуттук сахна чеберлерине таазим кылуу менен, алардын эмгегин жогору баалашыбыз керек. Эми мен сөз кыла баштаган “Ор-мон хан” спектаклине кайрылалы. Спектаклдеги каармандардын ролдорун аткарган артистердин кесиптик чеберчиликтери тууралуу сын

айтуудан алысмын. “Көч бара-бара түзөлөт”, “Москва бир жылда курулган эмес” деген эл оозунда айтылып жүргөн калетсиз адилет сөздөр бар эмеспи. Анын сыңары кийинки жаш муундагы артистерибиз да бара-бара жетилээр, алардан дагы улуу муундагы ага-эжелериндей болгон таланттуулар өсүп чыгаар. Айтайын дегеним, артистердин аткаруучулук  чеберчиликтери  эмес,  ошол спектакль коюлуп жаткан сахнанын жасалгасы, артистердин костюмдары  (кийген  кийимдери), кыргыз элинин Барсбек каганынан бери карай хан шайлоодогу сакталып, тарыхта колдонулуп келаткан эреже-тартиби, жол-жобосу тууралуу болмокчу.

Төлөгөн Касымбеков агабыздын “Сынган кылыч” романында кыргыз  элинин  хан  шайлоодогу мыйзамга  тете,  бирок  жазылбаган эреже-тартиби, андагы жасала турган жол-жоболору ушунчалык кеңири көркөмдөп жазылган эмеспи.  Албетте  андагы  жасалган жөрөлгөнүн баарын сахнада көрсөтүү оңойго турбайт, бирок ошентсе дагы хан шайлаганда эң орчундуу жери аны ак кийизге отургузуп, үстүнө кементай жаап, башына баш кийим (бакай калпак же суусар тебетей) кийгизип, анан улуу карыялардан чыгып эл алдында ага бата берилиши керек эле го?

Баарынан кызыгы – спектаклдин жүрүшүн музыкалык коштоосу болду. Кыргыз элинин ханын шайлап  такка  отургузуп  жатып, анан кыргыздын комузу жок калгансып, же комуз черте ала турган адам жок болгонсуп казактын домбрасы менен ыр ырдалып турганы ойго келбеген таң калыштуу көрүнүш болду. Балким мындай жасоонун  мен  түшүнбөгөн  башка дагы бир өзгөчө мааниси бардыр? Бирок кандай болгон күндө дагы бул көрүнүш мен үчүн өтө одоно, кыргыздын намысына шек келтире турган жат көрүнүш болуп көрүндү.

Андан дагы ал жерде концерт коюлуп жаткансып, катары менен аялдарды алмак-салмак ырдатып койгону эмнеси? Андан көрө комуз менен эле улуураак бирөө ханга каалоо-тилек иретинде элдин мүдөөсүн айтып, санат ырларынан ырдап турса көрүүчүлөргө кандай таасирдүү көрүнүш болот эле деген ой да кетет.

Дагы белгилей кете турган нерсе – артисттердин кийимдери жана сахнадагы айрым жасалгалар. Расмий тарых жана оозеки санжыраларга таянсак, Ормон хан бир жерде 1840-жылы, кээ бир булактарда 1842-жылы хан көтөрүлгөн делинет. Кайсы жыл болсо дагы сахнадагы артисттер ошол мезгилде кыргыз элинде кийилбеген кийимдерди кийип роль аткарып жатышат, өзбек элинин кийим-кече жасалгаларына да түспөлдөшүп кетет. Мен казак элинин сүйүктүү улуттук музыкалык аспабы болгон домбрасы тууралуу жана өзбек элинин кийим-кече, жасалгалары тууралуу сын айтуудан алысмын, аларды сыйлаш керек. Би-рок кыргыз элинин хан көтөрүү салтанаттуу аземи болуп жатканда кыргыздын комузу чертилип, кыргыздын улуттук  кийим-кечеси,  урунган буюмдары көрсөтүлүшү керек эле.

Ушундай көзгө жат көрүнүштөрдү көрүп отуруп, бул спектакль эмес эле Ормон ханды хан көтөрүү тарыхый окуясын театрлаштырып көрсөткөн музыкалык шоубу деген да ой туулат.

Эгер мен туура эмес баа берип, спектаклдин, анын режиссердук тобунун беделине адилетсиз шек келтирип жатсам, алдын ала таазим кылуу менен окурмандар алдында алардан терең кечирим сурайм.

Сатыбек ЖУМАКОВ