Жээнбай Түрк Күлөнбек уулу: «Куш өмүр»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Аскар Абыкеев” басмасынан кесиптешибиз: акын, жазуучу, драматург, котормочу жана журналист Жээнбай Түрк Күлөнбек уулунун “Куш өмүр” ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көрдү.

Жан досу, ары калемдеши Айдарбек Сарманбетов китепке жазган баш сөзүндө: “Азыркы көлдүк, алтургай атпай кыргыз акындарынын алды, албетте, акындардын султаны аталган Омор Султанов экени анык. …Ошол салттуу жөрөлгөнү уюткулуу көлдүк акындардын атынан Омор акын-аксакалдан кийин курагы, иштермандыгы боюнча азыркы кезде ийги улап келаткан акындар Абдыжапар Эгембердиев, Кыялбек Урманбетов менен бирге алдыңкы сапта Жээнбай Түрктүн ысымы аталат” деп келип, акын Омор Султанов менен акын Жээнбай Түрктөгү окшоштуктарга токтолуптур: “…эки акындын чыгармачылык өз бийиктиги, өз жүрөгү, өз сөзү бар. Тагдыр, замандары балалык, жалындуу жаштыгында окшошуп келгени менен учтары эки айры. “Акынды тагдыр жаратары” чын болсо экөөнүн жетимдик, желки тагдырлары да үндөш. Экөөнүн көпчүлүккө текши жага бербеген “көктүгү” да окшош. Анткени, өз ой бүтүмүнө туруктуу, жеңил баалуу оома эмес, сатылып кетишпейт. Акындардын өз-өзүнчө жол карытып, табылга таап, өз үндүү болуусунун сыры, кайталангыстыгы ошондо”.

Акын Жээнбай Түрк тууралуу айтаардан мурда, журналист Жээнбай Түрк жөнүндө айтсак, анын журналисттик калемине мүнөздүү нерсе, ал алакандай маалымат жазса да, бирде жорголотуп, бирде таскактатып, эң башкысы уйкаштырып жазат. Ал муну менен кыргыз журналистикасына өзүнчө чыйыр, из салды десек болот. Жээнбай Түрккө гана таандык бул өзгөчөлүккө “Кыргыз Туусунун” туруктуу окурмандары күбө.

Минтип алакандын отундай, бир окулуп, анан унутулуп кала берчү маалыматка олуттуу маани берип, темасына чейин уйкаштырып, өзүн өзү курулай түйшүккө салган калемгер, демек, “бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс” килем – ыр дүйнөсүн жаратууга белсенгенде кетпеген жеринен тер кетип, кара жанын карч уруп, катуу жандалбаска түшөрү айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ушул өңүттөн алып сөз кылганда, Жээнбай Түрктүн көркөм ой туундусун жаратууга жасаган аракетинен бир кыйла натыйжа, майнап жарата алганы шексиз.

Анын акын катары жазган тематикасы ар кыл. Бирде өмүрдүн учкулдугу, колго кармалбастыгы тууралуу ой карытса, бирде алыс менен жакынга көз чаптырат, бирде дүйнө тууралуу ой толгойт. Анан да пайгамбар жашынан капкачан өтүп, 70ке келип калса да, жүрөгү жаш бойдон экенин махабатка арнаган ыр саптары айкындап турат.

“Сүйүп келгем, сүйө берем – күйөмүн,
Чаңкаганда, сүйүү берер, өлбөстүктүн мүрөгүн.
Сүйүү – угут, сүйүү – үмүт, оту өчпөгөн коломто,
Суранарым: аягыла – акындардын жүрөгүн…” – дейт акын Жээнбай Түрк.

“Куш өмүр” китебиндеги “Теңирден саптар” бөлүмү окурмандардын кызыгуусун жарата турганы шексиз. Анткени, автор турмуштун күрөө тамырына тамган тамчыларды: бүгүнкү күндө ар бирибизди ойго салган, кыжалат кылган жагдайларды ой сүртүмдөрүнө, накыл кептерге айландырган, бул учкул сөздөр, афоризмдер, кеп-кеңештер ар бирибиздин көңүлүбүзгө кыттай уюп, “куш өмүрдө” акылыбызга азык болот деген ишенич бар. Айталы, “Жараткан! Бала бер?!” Абийири менен акыл-эсин унута көрбө”, “Баланын жакшысы – ата-эненин бактысы, жаманы – бу жарык дүйнөгө өзүлөрү жараткан кетпес балээ, өчкүс так, үшкүрткөн эрмеги”, “Быкшып-түтөп көп жашаганча, бир жарк этип таптакыр өчкөн артык”, “Жакшы менен жаманды уй менен жыланга салыштыр: бири чөптү сүткө айландырса, бири сүттү ууга айландырат”, “Билбеген адамды: бирөөнүн сөзү менен, бирөөнүн көзү менен баалаба, өзүң сүйлөш, өзүң байкап көргөндөн кийин гана салмактап кара” деген жашоонун өзүнөн жаралган ой сүртүмдөрү жанга шерик болору шексиз. Мунун өзү “Куш өмүрдүн” автору жанга шерик китеп жаратканынан кабарлап турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *