Бир сүрөттүн керемети

Бул – сүрөт-идеал, сүрөт-символ. Аялдан адамзат көксөгөн улуулуктун, сулуулуктун, тазалыктын, айкөлдүктүн идеалынын символу. Бул сүрөттү тигилип жатып кантип тазалана баштаганыңды, сенде адамзаттын нукура мүдөөсүнө жетелеген улуу сезимдердин кантип ойгоно баштагандыгын туйбай каласың. Сен үчүн табияттын куу чырпыгы да гүл болуп көрүнүп, сенин жан дүйнөң бүткүл ааламды өзүнө сыйдырып, сен адам – деңизге, адам – асманга айланасың.

Мен кайра жаралуу доорунун корифеи Леонардо де Винчинин «Жокондасы» тууралуу эмес, береги эле жыйырманчы кылымда пайда болгон кыргыз искусствосунун Чолпон жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеванын бейнеси жөнүндө сөз кылып жатам. Адамзат тагдырына, таалайына бир кылымда бир жаралчу мындай периштелер ошол өздөрү жашап өткөн доордун эле эмес, бүтүндөй кылымдардын легендасына айланат, улам кийинки

муун тамшана сөз кылчу бүтпөгөн жомокко айланат. Анткени мындай инсандардын жарыгы бир эле заманга эмес, бир нече замандарга тиет, бир канча доорлорго нурун чачат.

Таттыбүбү эженин ушул сүрөтүн карап отуруп, эже менен чогуу иштешип, бир туруп, бир жүргөн кесиптештерине эле эмес, анын караанын  алыстан  көрүп,  авазы түшкөн замандаштарынын бактысына да суктанам. Карачы, адамдар дүйнөсүнө Жараткандын кудурети менен асмандан бир жылдыз убактылуу мейманга келип кеткен экен да деп таң кала берем, толкундана берем.

Таттыбүбү эжеден бизге калган ыйык табериктери – сүрөттөрүнүн ичинен  мага  бөтөнчө  жакканы (баары эле кынтыксыз деңизчи), менин идеалыма айланганы анын кызыл көйнөк кийип жылаңбаш түшкөн сүрөтү. Ушул сүрөтүндө, объектив кармап калууга үлгүргөн ушул көз ирмемде анын бүтүндөй керемети ачылган, ушул сүрөттө анын  жан  дүйнөсүнүн  улуулугу  менен  сырткы  келбетинин сулуу лугу  жуурулушуп,  ашкере ажарына  чыккан.  Сулуулуктун ушул  түрү,  ушундай  көрүнүшү жөнүндө улуу Достоевский: «Совершенство ведь нельзя любить, на совершенство можно только смотреть как на совершенство», – деп жазган экен. Мында кынтыксыз асемдик менен бирдикте эженин жан дүйнөсүнүн шооласы айдын жарыгынан бүткөнсүгөн татынакай  көздөрүнөн  чагылып, сулуулуктун назиктиги, сулуулуктун  бийиктиги  менен бирге  эле  сулуулуктун  жалгыздыгы, сулуулуктун бактысыздыгы баамдалат.

Бул – сүрөт-арман, сүрөт-трагедия…

Аким КОЖОЕВ