Бүбүайша АКМАТОВА, Жумгал районундагы “Ак элечек апалар” чыгармачылык тобунун мүчөсү: «Жаш кезде элден алган бата менен агарып-көгөрүп, эми да эл кызматындамын»

— Бүбүайша апа, Жумгал районундагы “Ак элечек апалар” деп аталган чыгармачылык топтун катарында республиканын аймактарын кыдырып, телеканалдар аркылуу элге өнөр тартуулап, сынактарга катышып келесиз. Андан сырткары да эне, чоң эне катары да түйшүктөрүңүз болсо керек?

— Бала кезден кан-жаныңа бүткөн мээнеткечтик менен чыгармачылык шык жетимишке чыксаң деле жадымыңда жашап жүрө берет экен. Жаш кезде иш, бала-бакыраны окутуп, таалим-тарбия берейин деп чыгармачылыкка тийип-качып жүрүп, кантип ушул куракка келгенимди билбей калыптырмын. Балдар өз алдынча болуп калган кезде анан артыңа бир кылчайып карайт турбайсыңбы.

— Ошол жаштык курагыңызга анда чогуу бир кайрылып көрбөйлүбү?

— Мен Ак-Талаа районунун Куртка айылынан болом. 5-класска келгенимде борбордо, илимдер академиясында иштеген Аркабай таякем мени Фрунзедеги №5 мектеп-интернатка  алып келген.  Ошентип,  шаар турмушуна эрте аралашып, окууну да эң жакшы окуп, республикалык кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Менин ыр-күүгө болгон шыгымды байкаган агайым, композитор Асанкул Жаркымбаев башка балдарга салыштырмалуу мага өзгөчө көңүл бөлөр эле. 1957-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун экинчи декадасына катышып, диплом менен сыйланып: “Келечекте искусствонун адамы болсом,” – деген кыял менен жашап калдым.

— Анан эмнеге искусство тармагынабарган жоксуз?

— Таякем: “Кыз киши кантип артист болсун, доктур бол!” – деп медициналык окуу жайына тапшыртып койду. Ошентип, чыгармачылыктан алыстап кеттим. Окуумду бүтөрүм менен Жумгал районуна жиберилип, адегенде Кызарт, андан кийин Таш-Дөбө айылдарында акушер болуп иштедим.

— Далай жумгалдык наристелердин киндик энеси экенсиз да?

— Ооба. Жылына жок дегенде кырктан ашык баланын киндигин кесер элем. Ал кезде ойдо-тоодо мал менен, дыйканчылык менен алектенген же көп бала төрөп, баласын карап берер кишиси жок энелер толгоо убагында доктурга келе албай, көбүн үй шартында төрөтүп алган учурлар болду. Төрөттөн сырткары, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, профилактикалык иштерди жасоо дагы айылдык ак халатчандардын милдети болчу. Кудайга шүгүр, элдин батасы , алкышы менен агарып-көгөрүп, өзүң айткандай, мына ушул тапта да элден калбай кызмат кылып келе жатам.

Далай жолу алкыш алдым, сыйлыктарды алдым. Жумгал районунун, Нарын облусунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы төш белгилери менен сыйландым. Элдин баалоосу менин ушул күнгө чейин эл менен аралашып жүргөнүмө дем болду.

Маектешкен Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”