Таланттуу болсоң бол, бирок таластык болбо

Талант сейрек кездешчү көрүнүш. Талант ар кимге эле ыроолонуп бериле бербейт. Таластан таланттуулар арбын чыкканы менен, кадыр-баркка ээ болуп, баалана бербептир. Таластыктар талантты баалап, кадырлай албаган эл экен.

Казак-кыргызга  белгилүү Чөжө ырчыны алалы. Аны да баалай алган эмеспиз. Казакта жүрүп, кадырлуу акын болду. Казактын Абылай ханы кыргыздарга чабуул жасаганда Чөжөнүн атасы колго түшүп, азыркы Казакстандын Чымкент тарабында жашап калган экен. Ырчы өз эли Таласка келе албай, казак ичинде аябагандай ырчылык жагынан таанылган таанымал адам катары көзү өткөн.

Андан берирээк келсек, Өтөнүн денесин ала басып, ошол кездеги бийлик тарабынан куугунтукта калып, аксылык таекелерине качып барып, Жеңижок деген менен атагы таш жарган ырчы болуп: “Уругум сол, Каратал”, – деп жүрүп өткөн.

Өз мезгилинин атактуу манасчылардын бири Назар деген адам тууралуу айрым аксакалдардын айтканы бар. Манастын күмбөзүнүн ичине кирип алып, “Чоң казатты” айтканын угуп калгандар болгон экен. Ошол уккан адамдар тегиз ыйлаганын көргөн кишилер болгон. Эми бул адамды изилдеп, жок дегенде каерлик экенин тактоо, балким, керектир. Ушундай эле “Семетейди” айткан, куулек уруусунан чыккан Агыбай дубана деле унутулуп баратат. Булардын айткандарын учурунда эч ким деле жазып албаса керек. Негизинен чоң манасчылар Көл жана Нарындан чыкканын жакшы билгенибиз менен Таластан чыккандарды анчалык деле биле бербейбиз.

Дагы  жакшы  Касым  Каимов “Атай” романын жазып калтырды. Ал романда Атайдын таятасы Жантакбай комузчудан комуз черткенди үйрөнгөнү, ушул тапта анын “Саадат какты” күүсү гана сакталып калганы айтылып жүрөт. Италбарстылык Садык уулу Мойнок бийдин күүлөрү тууралуу азыр эч бир жерде  сөз  болбойт.  Анын  көзүн көргөндөрдөн азыр эч ким жок. Буга окшогон канча комузчулар ың-жыңсыз дайын-дареги билинбей калды. Тайкожо сурнайчынын “Торгой сайрап таң атты” чыгармасын Шекербек Шеркулов комуз күүсүнө салып, кыргыз радиосунун “Алтын фондусуна” жаздырып койгону жакшы иш болгон. Болбосо бул киши да ың-жыңсыз жоголмок. Төкмө акын Эшмамбет менен комузчу-ырчы Атай экөө бир жерден болушкан жана экөө тең жаманчылыкта баштарына иш түшүп, Кетмен-Төбөгө качып барган окшоштуктары бар. Бирок Эшмамбет ал жакта калып, түнгатар элин мекендеп турак алып калган. Эшмамбет менен айтышканда Токтогул жалтайлап турган деп да айтып жүрүшөт. Атай кийин өз элине келген. Кетмен-Төбөгө ооп качып бара жатып ашуудан “Ак тамак, көк тамак” деген кол ойнотмо күүсүн жаратып, Токтогулдун сабактарын алып, ырчылык жана комузчулук өнөрлөрүн  ташкындатып,  жаңы бийиктикке алып чыккан. Москвада өткөн Кыргызстандын бир жумалык искусство декадасында Атай атабыз бычак менен комуз чертип, Сталинди тура калып кол чапканга жеткирген, эмне деген гана талант?!

Атайдын жолун жолдогон шакирттери Шекербек Шеркулов, Жумалы Сейдалиев өз мезгилинин залкар комузчулары болушкан. Алар – Атайдын мектебинен тарбияланып, залкар күүлөрдү эле чертпестен, өздөрү да күү жаратышкан таланттар. Шекем залкар комузчулардын көзү өткөндөн кол ойнотуп чертүү боюнча кийин алдына эч ким чыкпаган залкарлардын эң көч башында турган комузчу болгон. Ошол эле учурда созолонто обонун созгон ырчы эле эмес, обончу да болгон. Экөө тең Таластын өзүнөн “Кыргыздын эмгек сиңирген эл артисттери” болушкан эмес. Шекем Бишкекте чоң артисттер менен аралашып жүрүп алса, Жумалы Сейдалиев талантты баалаган Жалал-Абаддын драма театрында иштеп жүрүп, ошол жактан алып келген. Эгерде ал киши ал жакта иштебесе, балким, көзү өткөнчө бул сыйлыкка татымак эмес.

“Таластыктар  тоң  моюн”  деп бекер  жеринен  айтылган  эмес. Токтогул  Сатылгановдун,  Коргоол  Досуевдин  жана  Тууганбай Абдиевдин мааракелери чоң салтанат  менен  өткөрүлдү  да,  Эшмамбеттин 150 жылдык мааракеси өткөрүлбөгөндүгүнүн өзү эмнеден кабар берип турат?! Көлдүктөр Майра Керим кызынын мааракесин кандай сонун өткөрдү. Эшмамбет кетментөбөлүк болуп калды дегенибиз менен киндик каны тамган жери Талас, буга таластыктардын да кандайдыр бир деңгээлде күнөөбүз бар экенин сезишибиз керек! А кишини биз өзүнүн көзү тирүү кезинде барктай албагандай эле, бабабыздын 150 жылдыгын да элес албай, унутта калтырдык?!

Өткөн  жылы  “Кыргыз  Туусу”  газетасы  “Эсенаман  кызы Ырыскүлдүн 150 жылдыгы белгиленеби же…” деген макала жарыялады. Ал макалада анын кыргыз кыздарынын ичинен чыккан мыкты акын болгону эң сонун ачып берилген. Быйыл эжебиздин 150 жылдык мааракесин Манас районунун Май айылындагы неберелери өткөрөт деген кеп бар. Кудай ошолорго кубат берсин деп туралы.

Райкан Шүкүрбеков күүнү сыйлаган, андан азык алган өзүнчө бир керемет адам болгон. Катуу ичип жүргөн кездеринин бир күнүндө эртелеп Алымкул Үсөнбаевдин үйүнө барып калган экен. Ал “арак алып бер” деп айтат кыязында болгон го. А Ракең күүнүн аты эсимде калбаптыр, ошону чертип бер деген экен. Ага Алымкул Үсөнбаев кыйылып, чертпей тургандай болгон баштанат.  Ошондо  Ракем:  “Чоң  Кара-Бууранын ашуусу болуп, бороон-чапкын болуп турса. Мен, Ташкара болуш  болуп,  черт  десем  чертет белең?!” – деген экен.

Ошондо Алымкул сөзгө сыныптыр. Көрсө, көөп турган Ташкара болуш Алымкулду ошол ашууда бороон улуп турган чагында, ал күүнү черттирип  уккан  экен.   Илинип турган комузун алдырып, айткан күүсүн чертип берген соң, Райкан атабыз буга чери жазылып, күүнү угуп: “Жан дүйнөм жыргап ырахат алдым” деп, “арак алып бер” дебей эле эшикке чыгып кетиптир. Күүнү сыйлаган киши ушундай болот.

Шекербек Шеркуловдун небереси Намазбек деле залкар күүлөрдү чертип, өзү чыгарган күүлөрү менен обондуу ырлары бар. ЭЛТР телеканалынан анда-санда өзүнүн жана башкалардын залкар күүлөрүн чертип жатканын көп эле көрсөтүп калат. Ушул кезге чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамын ала элек.

Дагы эки нерсени ушул жерден айта  кеткенибиз оң. Капар  Медетбеков атындагы драма театрдын  ачылыш  аземине  арналып берилген концертке жана кийин Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин облуста жыйынтыктаган Кыргыз улуттук “Манас ордо” комплексинде өткөн чоң программадагы  концертке  эмнегедир жергиликтүү өнөрпоздорубузду катыштырышкан жок. Тескерисинче, Бишкектеги таластык өнөрпоздорду алып келишип ырдатышты. Мындай алакчылоо жергиликтүү таланттарды теңсинбегендикпи?!.. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, 1960–1970-жылдардын ичинде Талас элдик драма театры бүткүл союзга атагы чыгып, Москва шаарында СССР боюнча эң алдыңкы орунду ээлеген коллектив болгон.

Жеңижок, Эшмамбеттин аркасында белдүү туугандары жок окшойт?! Болбосо мына ушулардын мааракеси эң ириде өткөрүлүшү керек эле. Бирок алардын ырлары “алтынды дат баспагандай эле” кыргыз жашап турган жерде залкарлыгын сактап турат. Кээде атыжыты чыкпаган эле кимдир-бирөөлөр эскерилип, ал тургай даңазаланып жатканын көргөндө аргасыз жогорудагы экөө эске түшөт. Маселен, облусубузда “Бакубат Талас” фондусу бар. Ырас, бул фонд ФАП жана башка социалдык курулуштарга өз жардамын көрсөтүп келе жатат. Бирок социалдык жактан өнөр адамдарын, анын ичинен өзгөчө таланттуу чыгармачыл адамдарды колдоого жарыгы тийбей келет. Бул албетте, өкүнүчтүү.

Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ, Талас шары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *