Акын Үрүниса МАМАТОВА: «Ыр түбөлүктүү. Анын байыркы таштардагы тамгалардай өмүрү бар»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Үрүниса эже, эсиңизде бекен, союз убагында акын-жазуучулар эркин жаза албайбыз, ыр китеп чыгарыш керек болсо, сөзсүз Ленинге же партияга арнап жазыш керек деп наалыса, эми эл китеп окубай калды деп наалышат. Эркиндик деле колго тийди, бирок, колго илине турган чыгарма көрө элекпиз го. Же туура эмес айтамбы?

–  Туура эмес айтасың го.  “Бир да бирөө колго илине турган бир чыгарма жараткан жок”, – деп кесе айтпайлы. Т.Драйзердин “Америка трагедиясы” так эле азыркы биздин коомду сүрөттөгөндөй. Алар баштан кечиргенди биз жүз жылдан соң жашай баштаппыз. “Драйзерлер” жазып атышат. Китептер үйлөрдө жыйылып турат, сен экөөбүздүн китептерибизге окшоп. Элге жеткиргенге жарай албай атпайбызбы. Эл китеп окубай калды дегендер да калп айтат. Эл кара курсактан өйдө боло албай калган дегени да жалган. Бир ырга жыйырма миң сом сый көрсөткөн, жакшы китеп көрсө, уурдап алган, жанынан өтсөң, ырыңын саптарын кобурап калгандар акындык күүңө күү, демиңе дем кошот. Жүз миңдеген сомдорун сарптап китеп чыгарган демөөрчүлөрдү угуп жүрөм. Эл ичинде көркөм чыгармаларга чаңкагандар бар. Жаңы, жакшы, бекер китеп болсо деп тургандарды байкайм. Жакында Таластын Үч-Эмчек айылында жаңы ачылган бала бакчага бир досторум пианино алып бармак болуп, салтанатка ыр жазып берүүмү сурашты.

Кут болсун бала бакча бактыңарга,

Ыракмат ишкерлерге, башчыңарга

Уядай үйдү куруп үстүңөргө,

Ууздай ашты койгон астыңарга, – деп баштап, жети куплет ыр жазып бердим. Ырды темирге жазып, пианинонун бир четине чапташат экен. Көрдүңбү, ырсыз пианино – пианино эмес. Чыгармалар бир ыр, бир аңгеме болсо да милдет өтөсө, ишке жараса, кишинин көңүлүнө жакса, жүрөккө жетсе, ал – чыгарма. Ал жашайт. Байыркы таштардагы тамгалардай өмүрү бар.

Союз  маалында  наалыган  акын-жазуучуларды түшүнүүгө болот. Ленин менен партияга арнап ыр жазуу оңой менен колдон келбеген иш болчу. Ырды оңой оокат көргөндөр наалыйт да. Мен Ленинге арнап ыр жазгам, аны азыр да танбайм. Жазуучулар союзунун мармар залында сайма сүрөтү илинип турчу. Ошо сүрөттөгү адамды аңтарып турган көз карашты жазгамын. Ал сүрөт азыр кайда экенин билбейм, элесимде ал мени дагы

эле ошентип карап турат.

Ильичтин портрети саймаланган

Типтирүү көзү менен типтирүү суроо салат:

“Жоксуңбу турмушуңда майдаланган?

Адамдык даражаңдан тайбадыңбы?

Корооңо өзүң жемиш айдадыңбы?

Ырдап жүргөн ырларың өз ырыңбы?

Өзүңкүбү калемиң колуңдагы?

Даярсыңбы кырсыкка жолуңдагы?

Даярсыңбы жолугаар бак-таалайга?

Бакты бере алдыңбы башкаларга?

Кадырың бар канчалык канча адамга?

Канттиң турмуш кай күнү калчаганда?

Кандайча эс аласың чарчаганда?

Убакыттан утканды билесиңби?

Же дайыма утулуп жүрөсүңбү?

Кандай оюң-сезимиң, жан-жүрөгүң

Караганда ар дайым сүрөтүмдү?”– деген ыр эле.

Эркиндик деген, татаал нерсе турбайбы. Кимден эркин? Эмнеден эркин? – деген суроолор бар. Абсолюттук эркиндик болбойт. Капитализм, айрыкча, капиталисттик жетекчи жазуучуга муктажбы? Муну Трамп баш болгон капиталисттик президенттерден сураш керек. Биз ком-мунисттик коомдун инерциясы менен ойлонуп, андан үмүтүбүздү үзө албай, капитализмге баратабыз. Капитализмди курмакчыбыз.

1997-жылы телеге даярдалган лира кечемде бир бала: “Идеологиясы жок коомго баратабыз, эми жазуучулар эмне болот?” – деп сураган. Мен: – “Аны жаз, муну жаз”, – деген эч ким жок, эркин, ар ким өз идеясын жаза берет. Капитализмде идеялар сатылат дейт, биздин идеяларыбыз бекер”, – деп жооп беримиш болуп коюп, “Идеология жок, кантебиз?” деп ыр жаздым. Бул – эки системанын асма көпүрөсүндөгү астма ыр эле. А идеологиядан ажырагандан кийин капитализмдин астанасын аттай албай, улагада канчалар ултан болду. Айласы кеткен султандар идеология издеп эси ооду.

– Сиз да эркиндик алсак эле шедевр жазылат дегендердин катарында белеңиз?

– Жок. Шедевр жөнүндө ойлобопмун. Кишиде талант болсо, шедеврди ар кандай шартта жаратат. Сүргүндө, түрмөдө канча шедеврлер жаралган! “Күйгөн катын кошокчу”, — дейт кыргыз. Кошок – кыргыздын шедеври. Кечээки эле Айтматовго Элмирбектин кошогун эстечи! Бак-таалайды, шаң-шаттыкты жазууга караганда тигини айтуу, жазуу оңой да. Күйүп-күйүп өзү келет. “Кыйын жашап, оңой жазган ырлар” Алыкулдуку беле?

Шедеврди акын таланты, тагдыры менен жаратат. А талантты болсо, талант тааныйт. Мен коммунисттик коомду кулатууга катышкан эмесмин.

“Ленин ата” деп өсүп, чоң атамын кулакка тартылганы, жан дүйнөмөн тышкары калган. Атамын мен төрөлө электе төртүнчү болуп, камалып чыкканын билсем да маанисине жетпей, Лениндин эркиндигин эле эркиндик деп жүргөмүн, көрсө, маңкурт дегендин мааниси шумдук турбайбы!

– Мурда го Ленинге арнап ыр жазышчу, эми ким көрүнгөнгө арнап ыр жазып калышпадыбы.

– Кайсы бир жылы Алтынбек Исмаилов ЭлТРдин түз эфиринен мага: “Эмне үчүн 50дөн ашканда эле министрлерге, чиновниктерге арнап ыр жазып калышат?” – деп суроо берген. Ал кезде менин андайларга жазган ырым жок болчу. “Ошол авторлордон сура”, – деп койсом деле болмок. Менде Алтынбектин өзүнө жазылган ыр бар эле. “Министрден сенин эмнең кем? Сага да жазылган ыр бар”, – дедим.

Башкаларды билбейм, мен бирөөлөргө ыр арнап бирдеме ала коёюн деп эмес, таштан, гүлдөн көргөндөй эле кишилерден да бир ыр саптарды көрө калам. Ошо кишилер мага ыр берип койгонун билишпейт деле, ырлар дептерде, китепте жүрө берет. Кээ бирөөгө жазайын десең, түк жазылбайт. Менде көп арноо ырлар бар. Адалынан жазылса, арноо ырларда айып жок. Эркиндик так ушу жерде. “Журт атасы” деген ыры үчүн Майрамкан эжени бир убакта аябай жүдөтүшкөн. Менде президенттерге жазылган ырлар бар. Бирөө – шедевр, реализациялай турган оюм жүрөт. Бул идеяны Алтынбектин жанагы суроосунан алгамын.

– Чыгармачыл адамдарга, асыресе, акын-жазуучуларга мамлекет тараптан жардам керек деп ойлойсузбу?

–Акын-жазуучулар СССРдин бакма баласы болчу. Мамлекет багып, тарбиялап Ленин, партия, Мекен жөнүндө чыгарма жаздырчу. Азыр ал “бакма бала” статусу жок. Эми, жардам керек деп ойлоюн десем, элдин баары эле “жазуучу”. Тамга тааныгандын баары эле акчасы болсо сабатсыз, сапатсыз китептерди чыгарып, байлар менен бийлерге кол-тамга менен тартуулашып шаштысын алып, элдин болсо, көркөм табитине зак кетирип бүткөн. Китептен, жазуучудан жаа бою качкандар бар. Сансыз, сапатсыз акын-жазуучу менен китептен баш айланат. Анан, ошонун баарын мамлекет башына тартабы? Мамлекет эмнеге акын-жазуучуга жардам бериши керек? Жардам бергидей алар эмне, жетим бала, жесир катын беле!

–  Эгер,  мүмкүндүк  болсо,  бийликтегилерге улуттук адабиятты колдоо тууралуу кайрылат белеңиз?

– Жок, эч кайрылбайм. “Китеп – бийликтин иши эмес” – десе, бозала болуп кала турган куракта эмесмин да. Кайсы бир жылы Бишкекте бир райондун акимине курулуш маселе менен кирдим, “Инжил” китепти колуна кармап туруптур. Мен сөзүмдү айтып-айта электе эле: – “Инжилди” окубасаңар, “Куранды” окубасаңар! – деп кыйкырып берсе болобу. Унчукпай чыгып кеттим. Ыр жаздым.

– “Инжилди” окубасаң, “Куранды” окубасаң!

И.Т.

– “Инжил” менен “Куранды”

Ушу сенден үйрөнгөнү турамбы?!

“Инжил” эмне экендигин коё тур,

“Куран” деген – кудуреттүү ыр алды.

Сына түшүп кайра өзүмө келдим да

Сага ыраазы болуп койдум бир алдын.

(Бай-манаптар окубаса, “Куранды”,

Мен мунара курамбы?!)

Куран окуп, намаз окуп: “Тобо”, – деп,

Киши оңолуп, иш оңолуп калганбы?

Кудайдан бул жиберилген жардамбы?

Тыбыт болуп тагдырымдын таштары,

О, буюрса, жолум жумшай баштады.

Катуу жолдор менен катуу багыттар,

Кагаздарга кол коёордо карышкан

Манаптардын май чууруган манжасы

Калган окшойт катып-сенип тарыхта,

Бүтөт окшойт иш он жылдап зарыккан.

Жашыл жарык, жарык болсоң, жарык жан!

“Инжил” окуп, “Куран” билген даанышман,

(Муну качан, кайдан таап алышкан?)

Ай, шегим бар, анык аалым болгондо

Аңкылдабай аста чыкмак добушу,

Аксай басып акын келсе алдына,

Бираз, бираз аяр сүйлөйт болучу.

Не болсо да “Куран” менен “Инжилди”

Колго, ойго алгандыгын билдирди.

Ак көңүл бейм, аңкылдашы бөлөкчө,

Аңкылдасын жылжыткандан көрөкчө.

Кантсе дагы Кудай жолго түшүптүр,

Бүтпөчүдөй болгон иштер бүтүптүр.

– Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз кантип атат? Оюңуздагы ырларды жаза алдыңызбы?

– Оюмдагыларды жазып бир четтен жарыкка чыгарып жүрөм. Келген ырды келгенде жазып калуу, жарык берүү керегин, коё турууга болбой турганын эки дүйнө чекарасы – реанимация аркалуу түшүнгөмүн. Бул – табиятыңа тартууланган белек. Анын баркына өзүң жетпесең, Кудай жазалайт экен. Жазамды алып баш көтөргөндөн кийин музамдан кечирим сурап, жазып, жарыкка чыгарып жүрөм. “Титаник” кыйрап, океанга чөккөндөр чөгүп, океан бетинде шлюпкаларда тоңгондор тоңуп калганда “Тирүү жан барбыы? Э-эй, тирүү жан барбы?!” – деп караңгы түндө кыйкырып  жүргөн  куткаруучуларга окшойм.

– Кыргыз ырына өзгөрүү керекпи? Эгер керек болсо, формасынабы же мазмунунабы?

– Кыргызга кыргызча эле ыр керек. Өзгөрүүнү атайылап жасалма киргизүүгө болбойт. Мазмунда жаңы бир ой айтылса, формасына маани бербейм. А форманы өзгөртүп көргөн Табылдыча болоор, ал башкача форма менен сонун жазган. Поэзия бар. Ошо эркин ырды көп жазган Т.Мукановдо деле салттуу формадагы ырлар бар. Жасалма өзгөртүүгө учурабай, ыр өз табияты менен жазылсын. Менде кээ бир ыр өзүнөн-өзү эркин формада жазылып калат, тим коём.

–  Көкүрөгүңүздө  бапестеп  багып, ушуну жазсам деп келаткан темаңыз барбы? Кара сөз, сын жазган учурларыңыз болдубу?

– Бар. Жазып атам. Өмүр деген аз экенин, тез экенин түшүнүп, шашып, тытынып иштеп аткан чагым. Мен жазбасам, аларды эч ким жазбайт. Кара сөз дагы, сын дагы жаш чакта бир-экиден жазылып, жарык да көргөн. Ошолорго маани бербей койгон экемин. Прозада ача турган сонун образдарым бар эле… Кол тийбеген канча иштер жатат! Пенде өз мүмкүнчүлүктөрүн өзү ачпай, өз жолун өзү тосуп, өзүнө-өзү ишенбей, тартынып жүрүп өмүрдүн көбүн өткөрүп ийет турбайбы. Жаза турган иштерге Кудай таала калган өмүрдү чоюп жеткирип берсе болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *