Милиция кызматкери үч жаштагы баланы жолбун иттен сактап калды

Милиция кызматкери жаш баланы куткаруу үчүн табелдик куралды колдонууга туура келди. ИИМдин Басма сөз кызматы

Бул окуя 16-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук күзөт кызматынын кызматкери Адилет Бекжанов, “Дордой” базарынын жанында жайгашкан күзөт постунда кызматын өтөп жаткан кезде көчөдөн кичинекей баланын кыйкырган үнүн угуп, чуркап чыкса баланы жолбун ит тиштеп кое бербей жатканын көргөн. Топтолгон адамдар баланы иттен бошото албай убара тартышкан. Ошол убакта, жолбун ит баланы тиштеп алып, башка тарапка сүйрөй баштаган. Муну көргөн милиция кызматкери, табелдик куралды колдонууга туура келген. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген итке ок чыгарган. Натыйжасында, иттен баланы бошотууга мүмкүн болгон.

Окуядан кийин, милиция кызматкери тез жардам кызматын чакырып, баланы ооруканага алып кетишкен.

Өз кезегинде, баланын ата-энеси ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук күзөт кызматынын кызматкери, милициянын кенже сержанты Адилет Бекжановго баланы куткаргандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Кээ бир адамдар милиция кызматкеринин иш-аракетин туура эмес деп эсептөө мүмкүн, бирок баланы куткаруу үчүн ар бир секунда маанилүү. “Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктуна ылайык милиция, кызматкери жаныбардын кол салуусунан коргоо үчүн табелдик куралды колдонууга укугу бар.