Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Өлкө калкынын активдүү экономикалык бөлүгүнүн 68 пайызы – аялдар»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


2018-жылы Пекинде ШКУга – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аялдарынын биринчи форуму өткөн. Форум КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылууда. Алдыда уюмдун саммити өтөрү күтүлүп жатат. Мына ушул эл аралык ири иш чаранын алкагында 15-16-май күндөрү Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин айымдарынын экинчи форуму болуп өттү. Форумда КРнын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөбүзгө алгачкы жолу келишкен чет элдик айымдардын делегациясы менен ой бөлүштү.

Дүйнө экономикасынын өсүү тенденциясына карабай аалам алкагында 800 млн. адам азык-түлүктүн тартыштыгына катуу кабылды. 200 млн. адамдын туруктуу жумушу жок, 700 млн. адам жакшы турмушту издеп өз мекенин таштап кетишти. Булардын баары ааламдашуунун алкагындагы чоң социалдык көйгөйгө айланууда. Ошону менен катар ааламдашуу калктын абалкы каада-салтын, маданиятын жана тилин жоготуп коюу коркунучун туудуруп жатканы өтө олуттуу маселе. Бул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүдө ШКУ сыяктуу эл аралык жана регионалдык уюмдардын консолидациялык аракетине таянуу керек. Өкмөт башчы аялдардын форумунда ушул маселелерге токтолду.

– Саясат бул – биргелешип жашоонун искусствосу. Ушул пландан алып караганда ШКУ коопсуздук, экономика, маданий жана гуманитардык байланыштардын, туруктуу өнүгүүнүн фактору катары уюмга мүчө мамлекеттердин гана эмес бүтүндөй Евразия континентине үлгү болууда. ШКУга Индия менен Пакистандын кошулуусу менен уюмдун территориясы Евразия континентинин үчтөн бир бөлүгүн түзүп калды. Аталган уюмдун аймагында дүйнө калкынын 43 пайызынан ашыгы же болбосо 3 млрд. калк жашап жатат. ШКУга мүчө мамлекеттердин ИДПсы дүйнөнүн ИДПсынын 20 пайызын түзүп, 15 триллион долларга жетти. Ал эми уюмдун жалпы экономикасы жылына 5 пайызга өсүп жатат, – деп айтты М.Абылгазиев. Уюмдун ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты – калктын бакубаттуулугуна кам көрүү. Мында жашаган элдердин тарыхы миңдеген жылдарды өзүнө камтыйт. “Улуу Жибек жолу” программасы уюмдун мүчөлөрүнүн өз ара алака-катышынын концепциясына айлануусу керек.

Өкмөт  башчы  ШКУ  мамлекеттеринин ичиндеги  адамзат  тарыхында  аты  өчпөс болуп калган аялдарды атап өттү. Индиянын  премьер-министри  Индира  Ганди өз  өлкөсүнүн  көз  карандысыздыгы  үчүн күрөшкөн мекенчилдиги менен үлгү болуп адамзат тарыхында аты калды. Алай ханышасы атанган Курманжан датка энебиз элибиздин биримдүүлүгүн жана эркиндигин жеке кызыкчылыгынан жогору койгондугу менен аялзатынын улуулугун тастыктаган инсан болгон. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болуп, эрдиги өчпөс болуп жазылып калган Алия Молдокулова Казакстандан чыккан СССРдин Баатыры эле. Беназир Бухутто алгачкы жолу Пакистандын өкмөтүн башкарган айым. Ал эми Валентина Терешкова дүйнөдө аялзатынын ичинен алгачкы жолу космоско учкан россиялык айым. Албетте бул тизмени узарта берсе болот. Бирок М.Абылгазиев көлдүк Токтогон Алтыбасарованын энелик нарктуулуктун, чексиз гумандуулуктун, кайратмандыктын туу чокусуна жеткен ишин айтпай кетмек эмес. Токтогон апа Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ленинград блокадасынан куткарылып келген 160тан ашык баланы багып өстүргөнүн өзгөчө белгиледи. Адамзат башына мүшкүл түшкөндө кайраты таш жарган аялдар гана ушундай эрдикти жасай алмак. Кыргызстан 2010-жылы кандуу окуялар коштолгон  кыйын  кырдаалга  туш  келди. Ошондо өзүнө мамлекеттин бүтүндөй жоопкерчилигин алып, аялдардан чыккан алгачкы Президент Роза Отунбаеванын форумда отурганы айтылганда форумдун делегациясы кол чабуулар менен коштоду.

Кыргызстанда 2020-жылга чейинки гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча улуттук стратегия кабыл алынган. Өткөн жылы Өкмөт 2018-2020-жылдарга карата гендердик теңчиликке жетишүүнүн улуттук планын бекиткен. Өлкөдө калктын экономикалык активдүүлүгү боюнча 68 пайызын аялдар түзүп келе жатат. Учурда аялдар парламентте 16, жергиликтүү кеңештерде 10, муниципалдык кызматтарда 37, мамлекеттик кызматтарда 42 пайызды түзүп турат.

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун ШКУ мамлекеттеринин аялдарынын экинчи форумуна карата жиберген катын Президенттин аппаратынын Жарандык өнүктүрүү жана диний этникалык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Н.Ташбаева окуп берди.

– Гендердик маселеге келгенде аталган уюмдун ишинде айрым мүчүлүштүктөр бар. ШКУнун хартиясы кабыл алынгандан бери 17 жыл өттү. Бирок, эми гана аталган уюм аялдардын маселесин өзүнүн күн тартибине коюп жатат. Жакшы жери, 2018-жылы ШКУнун алкагында алгачкы жолу аялдардын 1-форумун өткөрүп, алгылыктуу ишти баштап бергендиги үчүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге чоң ыраазычылык билдирүүбүз керек. Учурда аялдарды ШКУнун ишине катыштырууга жол ачылып жатат. Айтып койчу жагдай, Швейцариянын Давос шаарында өткөн форумдун экономикалык бөлүгү маанилүү маселени көтөрдү. Ал жерде 2020-жылы дүйнө рыногунда адамга эң керектүү он көндүм сапаттар талап кылына турганы сөз болду. Мисалы, адамдарда көйгөйлөрдү четтетүү, чечим кабыл ала билүү, креативдүүлүк, өз ара алака түзө билүү, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жөндөмү сыяктуу сапаттар жетишпей жатыптыр. Мындай шык-жөндөмдөр адамга гана эмес, бүтүндөй бир чоң уюм болгон ШКУнун ишине дагы керек. Мисалы, ШКУнун структураларында аялдар аз. Анын ишкерлер кеңешинде, банк секторунда аялдар жокко эсе. ШКУнун Өкмөттөр аралык кеңешинде бул жагдайлар эске алынарына ишеним артып туралы. Ал эми парламенттеги аялдардын саны боюнча биз Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн артта калып жатабыз деди, – форумда экс-президент Роза Отунбаева.

Форумдун экинчи күнү Кыргызстандагы энелер күнүнө арналган “Бабалардын мурасы” аттуу элдик кол өнөрчүлүк искусствосунун жарманкеси өткөрүлдү. Белгилүү модельер Дилбар Ашимбаеванын “Алай ханышасы” аталыштагы мода коллекциясы көрсөтүлүп, андан кийин концерттик программа менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *