Бүгүн Бишкекте «Музейдеги түн» акциясы башталат

Бүгүн, 17-майда Бишкек шаарында «Музейдеги түн» аттуу маданий акция башталат. Бул тууралуу «OYOUM group» чыгармачыл тобунун өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш чара кечки саат 17:00дө башталып, түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Ар бир маданий жайда ар башка программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар тартууланат.

Иш чаранын алкагында бүгүн шаар тургундарына жана конокторго өз эшигин ача турган жайлардын тизмеси:

— Ольга Мануилованын мемориалдык үй музейи, Тыныстанов көчөсү, 108

— С. А. Чуйков мемориалдык үй музейи, Чуйков, 87,

— С. Чокморовдун музей чеберканасы, Токтогул, 170.

Айта кетсек, аталган иш-чараны “OYOUM group” чыгармачыл тобу Маданият жана туризим министрлиги менен биргеликте алтынчы ирет өткөрүп жатат.