Жээнбеков: Региондорду өнүктүрүү – соцобъектилерди гана куруу эмес, муктаждарга жардам берүү

«Региондорду өнүктүрүү – бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмары – колунда жокторго жана жетим-жесирлерге жардам берүү”, — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, социалдык колдоого муктаждарга мамлекет көңүл бурууда.

«Жөлөкпул былтыр 3000 сом болсо, аны 1000 сомго көбөйттүк. Мамлекет колдон келишинче кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге жардам берип жатат. Облус жетекчилери, акимдерге айтып жатам, жетим, муктаждарга жардам берүү – чоң соопчулук. Кээ бир аймактарда бул багытта демилгелер башталды. Россия, Түркия, Германиядагы мекендештер менен жолугуштум. Баары тең «акимдер, айыл өкмөтү уюштурса — биз жардамыбызды беребиз» дейт. «Көп түкүрсө — көл болот». Ошондуктан колунда жокторго, кыйналып жаткандарга, жетим-жесирлерге жардам берүү маселесин айыл жерлеринде колго алышыбыз керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.