Садыр Жапаровдун соту 12-июнга жылдырылды

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ишин кароо 12-июнга калды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген отурумда адвокаттар иштин материалдары менен таанышууга дагы убакыт сурады. Натыйжада сот бүгүнкү отурумду жыйынтыктоо чечимин кабыл алды.

Тактай кетсек, судья соттук процессттин жүрүшүндө журналисттердин катышуусуна уруксат берген.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кармалып, УКМК тергөө алынып келген. Ал барымтага алуу, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык кылуу, мамлекеттик кызматкерге зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айыпталууда.

2017-жылдын 26-мартында ага айып тагылган.