Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Уулунун карааны көрүнөөрү менен эне-атасы аны бакырып келип басып жыгылышты. Ошондон кийин гана Абылай: «Эми аларды эмне кылсаңар өзүңөр билгиле!» – дегендей катын-баласын алып, үйүнө кире качты.

Бир топ киши  Асылбектикинен арылап барып акылдашып, эгерде эртең менен Асылбек айылдан сыйы менен көчүп кетпесе, катын-баласын кошуп, таш бараңга ала турган болуп макулдашты. Анын үстүнө,  айылдыктардын  Асылбектин үйүнөн  ак жыланды дагы да кайталап көрүшү,  жана да Асылбектин үй-бүлөсүнүн  бар туруп эле көздөн кайым болуп кетиши абалды ого бетер курчутуп койду. Ушундан улам олку-солку болууга эч себеп калбай, Кызмончоктун  ажыдаар экенине айылдыктар түгөл ишенип калышты.

Жан элдин жай-жайына тараганына санаасы тынып, жыландарды көздөй кетти. А бирок алар да таптакыр кетип калбай, эртеңки күндү күтүштү.

* * *

Эмнегедир ушул түн бир кызыктай түн болду! Таң атканча эле мал удургуп, үркүп,  кой-эчки маарап, уй мөөрөп, кошкурук аткан жылкылар жер чапчып, иттер кыңшылап-ыңшылашып, айтор, айылдыктар бир алаамат болуучудай үрпөңдөшө улам терезеден сыртты шыкаалап карап, «тырс!» эткенди тыңшап, «Кудайлап» келме келтирип чыгышты. Сайра уулунун төшөгүн өзүнүн жанына жакыныраак салдырып, Абылай экөө тең кирпик какпай, Бектемирди бирөө жула качуучудай комдонуп жатышты. Атургай Абылай жанына айбалтасы менен мылтыгын алып жатты.

Бектемир болсо, калп эле уктаган кишиче түр көрсөткөнү менен, эси-дартынын баары эртеңки күн жөнүндө боло берди. Асылбектин жанагинтип: «Тирүүлөй жанчып өлтүрөм!» – дегенине эч түшүнбөй жатты ал. А бирок кызына карата андан аталык мээрим, аталык сүйүүдөн сырткары эч бир жаман мамилени байкаган жок. «Анда эмнеге «өлтүрөм», – деп айтты? А  балким Кызмончоктун кийип алуучу жылан кеби бардыр?! Балким ошону жанчып таштап, анан элге көрсөтүп: «Кызмончок эми эч качан жыланга айланбайт!» – деп жар салып, убадасын берип, көпчүлүктөн кечирим сураганы жаткандыр? «Элге чындыкты айтып, чоо-жайды түшүндүрөм» , – деди го?!. Эл ансыз деле чындыкты билип калышпадыбы! Дагы кандай чындык?!. Бул жерде дагы кандай сыр бар? Анан да Акбай атам алар менен эмне жөнүндө сүйлөшөт болду экен? Кызык!..» – ушундай табышмактуу ойлорго оролгон жигит ылдам эле таңдын атышын күттү. Кызмончоктун ишенимдүү, эркелей айткан жанагы кеби айланып келип эле улам эсине түшүп, эмнегедир жүрөгү делөөрүп, туйлап кетип жатты. Эртеңки күндөн жакшылык күткөн жигиттин таң ата гана көзү илинди.

* * *

Ал эми жыландар быкпырдай жайнап, айылдан анчалык алыс эмес, Асылбектердин үйүнө жакын эле жерде таң атырышты. Бетеге, куурай, тикенек-чөбү аралаш өскөн аңыз бооруна быкылдаган жыландарды көтөрүп, көкүрөгүн кере, көктү карап чалкалап жаткан…

Таңга маал капысынан эле катуу шамал болуп келди. Улуп-уңшуган бороон айылды өрдөп, ансыз дагы алда неден чочулаган жүрөктөрдүн үшүн, үрпөйгөн үйлөрдүн үрөйүн учуруп, эшик-терезелерин калдыратып… артынан тарсылдаган катуу добул жүрүп кетти. Айылдыктар бул жолу да аны «ажыдаарга» – Кызмончокко жорушту.

Айрыкча Асылбектин үй-бүлөсү да ушул түнү кирпик какпай таң тосту. Айылдыктардан биринчи болуп Акбай ата ошол түнү «ажыдаар-кыздын» ким экендигин укту. Укту да, бет маңдайында отурган үчөөнө же ишенерин, же ишенбесин биле албай, саал бүдөмүктөнө карады. Сынган эшик-терезеден кирип, каршы-терши урган мөндүр аралаш шамал улам ортодогу бир үзүм отту жалпылдата үйлөп, ансайын Сырга чыракты тегерете калканч тосо коюп, убаралана берди. Чоң энесинен калган калтар ичикти жамынган Кызмончок апасына ыктай отурган калыбында отту карап, ойлуу. Асылбек болсо кепти Акбай атадан күткөн өңдүү унчукпай калды. Аларды тегерете карап чыгып:

– Ушул айтылгандар туурабы, балам? – деди Акбай карыя Кызмончокко карап.

– Ийи, – деди Кызмончок ата-энесинин баятан берки айткандарын ырастай. Эмнегедир эсине бир нерсе түшө калгансып, анан оозгу үй жакка бир жалт карап алып, күтүлбөгөн жерден эле:

– Чоң ата, Жан менен таанышасызбы?! – деди кыз.

– ?!. – чоң ата эмне деп жооп айтаарын билбей, алдастай түшкөндө кыз калтар ичиктин ичинен суурулуп чыгып, оозгу үй тарапка умтулду:

– Жан?!

Босогодон ары, караңгы бөлмөгө көз жиберип, Жандын шыбыртын тыңшады.

– Ал көрүнбөй калды го, кызым. Көпчүлүктөн жазганып, кеткен чыгаар, – деди Сырга.

– Жок, апа. Мен анын дем алганын угуп жатам! Жан! Келе бер, атам сени эч нерсе кылбайт, – деди кыз жыландын оюн окугандай. Ошондо оозгу үйдөн Жандын жыбылжый жылган дабышы кызга даана  угулду.

Көп өтпөй эле ызмончок бут алдына келип калган ак жыландын тулкусун жерден көтөрүп ала койду да, экөө баягы, бала кездегидей кучакташып калышты. Кызмончок менен бойлошуп, башын анын ийнине жөлөгөн жыландын калган денеси чубалып, жерде жатты.

– Жан! – деди Кызмончок. Анын көздөрүндөгү каканактаган ысык тамчы «мөлт!» этип  кулап, Жандын денеси ылдый агып кетти. Башка эч нерсе айта албай койду кыз. Жылан да ошентти. Эмнегедир азыр кызды жонуна кондуруп алып, ааламды айланып, жер кезип, ай-жылдыздарды аралап, алыска-алыска алып учуп кетүүчүдөй, айнексиз терезеден тээ закымдарга бир умсунуп карап алды да, анте албастыгына бирок катуу өкүнүп, табийгаттын таш боор мыйзам ченемдерине таарынып кетти Жан! Баятан бери экөөнү үнсүз тиктеген үчөөнүн ушул саам сай-сөөктөрү сыздап кетти.

– Кызмончок! – деди аңгыча Асылбек. Жылан менен кыз таттуу уктап кетип ойгонгондой болушту. Жан Кызмончоктун ийнинен жылмышып түшүп, экөө эми үчөөнүн жанына келишти. Асылбек, Сырга түгүл, ошондо Акбай атанын да береги боору менен сойлогон макулукка ичи жылыды. Айбан да болсо ыйбаа кылып, өзүн алардан алысыраак кармап, көздөрүнө тике тик кароого батына албай, башка жакты баштанып турганына таң берди. Ушунча жыл жашап жүрүп, ушундай укмушту көрбөгөнүн кара!

– Жан! – деди Асылбек адамга айтып жаткандай, бирок ачуулана, өктөм унчугуп, – Айылда эмне алаамат болуп жатканын көрүп жатасыңбы?! Элдин эмне деп, эмне үчүн, ким үчүн дүрбөлөңгө түшкөнүн түшүнөсүңбү?!

– ?.. – жылан көнөөлүү жандай жүзүн ала качып, болбурады.

Кызмончок элтеңдеп бирде атасын, бирде жыланды карап, чочулап турду. Ошону байкаган Асылбек айласы түгөнгөндөй бир азга унчукпай калып, анан:

– Кана, эми эртең эмне болот?! Эл бизди ушул бойдон жайыбызга коёт дейсиңби?! Сага го эчтеке эмес, эртеби, кечпи кетчү жагыңа кете бересиң! А бирок сен алдагы кыздын келечегин күм-жам кылып, тагдырын талкалап, бактысына балта чапканыңды билесиңби?! – деди. Кептин таамайлыгынан, чындыгынан жылан жаткан ордуна батпай, кирип кетерге тешик таппай, кайсалактай түштү. Аны байкап, баамдап отурган Акбай ата таң калганынан жакасын кармап, Сыргадан шыбырап сурады:

– Мунуңар кеп-сөздү түшүнөбү?

Сырга: «Ооба», – дегендей башын ийкеңдетти.

– Э, Асылбек! – деди ошондон кийин Акбай ата, – Андай болсо сурачы, деги анын эл ичинен издегени, сураганы эмне экен? Жылан Акбай атаны бир муңайым карап алды. Анын жансыз көздөрүндөгү: «Мага адамдардан сүйүүдөн башка эч нерсенин кереги жок!» – деген жазууну Кызмончок гана окуп калды. Бирок Жандын Кызмончокко болгон сүйүүсүн эне-бала, жылан үчөөнөн башкалары бу жолу да билбей калышты. Аны таап айтууга азыр эч кимисинин эрки, чечкини да жетмек эмес.

– Мында эмне айып? – деп ортодогу ыңгайсыз абалды адатынча Сырга оңдоп кетти, – Кептин баары менде болуп жатпайбы!.. Баштатан эле башымды алып, тилимди кесип салса дагы элге жаап-жашырбай, болгонун болгондой айта жүрсөм, эл мынчалыкка барбайт беле?!. Акыры түшүнөт эле да!..

– Сырга, өзүңдү эле күнөөлөй бергенди койчу! – деди Асылбек жактырбай.

Добул басаңдап, сырт жак да кулак-мурун кескендей тынчый түштү.

– Сен кетпе! – деди бир убакта ордунан козголуп, терезеден сыртка чыгып кетүүчүдөй беттенген жыланга Акбай карыя. «Эмне үчүн?» – дегендей жылан токтоп, карыядан жооп күтүп калды.

– Эртең эл чындыкты билиши керек! – деди Акбай ата. – Сени көрбөсө, Кызмончоктун жылан эмес экенине эч ким ишенбейт! Макул болгондой жылан кайра бери баштанды эле:

– Ата! – деп ийди Кызмончок, – Алар Жанга кол салып, мерт кылып коюшпайбы?!.

– Антпейт!.. Акыры, адам да алар…