Замирбек Аскаров: Ачык өкмөт сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт

Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтар» конференциясынын ишине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка лыайык, аталган иш чарада Вице-премьер-министр, «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн алкагында кабыл алынган милдеттемелерди ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 16-октябрында 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөт куруу боюнча Иш-аракеттердин улуттук планы бекитилгенин белгилеген.

«Сиздер билгендей, санариптештирүү саясаты аркылуу биз маалыматтарды жүгүртүүнү тездетип, аларды Республиканын ар бир аймагында жеткиликтүүлүгүн камсыздоого ниеттенүүдөбүз. Ал гана эмес биз жаштарды мектеп жашынан баштап тарбиялап, алардын технологияга кызыгуусун калыптандырып жатабыз. Учурда өлкөнүн бардык мектептерин интернетке кошуп жатканыбыз жалпыга белгилүү», — деди вице-премьер-министр.