«Атам аскерде жүрүп кыздуу болгонун, кызы издеп тапканга чейин билбептир»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Чыңгыз Абыкеев

Россиянын Брянск шаарынын тургуну Натальяны мектепте окуп жүргөндө классташтары: «Сен оруссуңбу, кимсиң? Эмнеге чачың кара?» — дешчү экен. Анда кичинеккей кара көз, кара чач кыз кыска гана: “Менин атам кыргызстандык”, — деп жооп берчү. Бирок атасы ким экенин билүүнү, бир көрүүнү канча жылдар зарлап издегенин айтат. Апасы да ал 6-класста окуп жатканда каза болот. Өлөр алдында кичинекей кызын чакырып алып: «Сенин атаң кыргыз, аты-жөнү Абыкеев Ишенбек Шаршеевич. Кийин чоңойгондо аскер бөлүгүнө барып, архивден издеп тап,» — деген керээзин айтат. Баккан таенеси да көп узабай дүйнөдөн өтүп кетип, канчалаган кыйынчылыкты башынан өткөргөн Наталья: “Атамды сөзсүз табам”, — деген ишенимин, үмүтүн өчүргөн эмес. Булар тууралуу Натальянын Нарындагы иниси Чыңгыз Абыкеев бизге кубаныч менен айтат…

– Атам Брянск шаарында 1982-1984-жылдары аскердик кызматын өтөгөн. Наталья болсо, 1985-жылы төрөлүптүр. Апасы айткан боюнча аскер бөлүгүнө барып издетсе: “Абыкеев Шейшенбек Шаршеевич” деген ысым табылат. А чындыгында атамдын паспорттогу аты Шейшенбек, турмуштагы аты Ишенбек. Бирок аскер бөлүгүндө атамдын дареги: “Кыргыз ССРи, Миң айылы” деп гана толук эмес жазылганы эжемди убарага салат. Антсе да: “Атамдын аты Шейшенбек эмес, Ишенбек турбайбы”, – деп издей баштайт. Москвагабарган сайын ал жактагы кыргыздардан сурап, табууга аракет кылганы менен эч ким билбейт. Россиянын Биринчи каналынын «Жди меня» программасына кайрылып да таба албайт.

Наталья

 

Кийин  «Одноклассники»  социалдык түйүнү аркылуу «Кыргызстан, Абыкеев» деп издеп, Абыкеев деген 30га чукул адамдын баарына кат жазып чыгат. Ошентип жүрүп, 2017-жылы октябрь айында “Одноклассник” аркылуу дагы бир Абыкеевди табат. Ал — Нарын шаарында аскер кызматында иштеген Темирбек Абыкеев деген байке болот. Аны менен таанышып, өз тагдырын баяндап берет. Темирбек байке: «Бизде Миң деген айыл жок эле» деп, Миң-Булак айыл өкмөтүндө иштеген карындашына телефон чалып сурайт. Карындашы атамды тааный турганын айтып, телефон номурун алып берет. Темирбек Абыкеев атамды өзүнө чакырып: «Кызың бар экен», – деп сүйүнчүлөсө, атам нес болот.

Наталья атасы жана өмүрлүк жолдошу менен

Андан  кийин  Темирбек  Натальяга сүйүнчүлөйт. Ошентип, атам менен эжекем видео аркылуу көрүшөт. “Мен сизди кандай кыйынчылык менен таптым, ата”, – деп эжем кубанычтан буркурап ыйлап, атамды Россияга – үйүнө келип кетүүсүн суранат…

Тактай кетсек, Натальянын атасы Ишенбек Абыкеев Россиянын Брянск шаарында аскердик кызматын өтөп жүргөндө ошол жерде жашаган кыз менен таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Бирок өз мекенине кайткан жигит, ал кыздын кош бойлуу экенин, жыл айланбай кыздуу болгонун билген эмес. Аскерден кайтып келгенден кийин үй-бүлө куруп, бир уул, үч кыздуу болгон.

Бирок Ишенбек ага кызы табылганы тууралуу үй-бүлөсүнө, жубайына айта албай бир аз убара болгон экен.

–  Атам  үйгө  кирип  эле:   «Жүр  балам, үстүңкү кабатка чыгалы, сөз бар эле», – деди. Чыксам: «Чыке, эми сен үйдүн улуусу болбой калдың, эжең бар экен», – деди. Мен таң калып калдым: “Кандайча?» “Балам, мен аскерде кызмат өтөп жүргөндө бир орус кыз менен сүйлөшчүмүн, боюнда калганын билбепмин. Эжең бар экен», – деди. «Эжем бар болсо кайра жакшы да», – деп сүйүнсөм: “Эми апаңа кантип айтабыз?» – дейт. «Окуя сиздер баш кошконго чейин болуп жатпайбы. Апам түшүнөт», – дедим.

Ал убакта апам Бишкекте болчу. Биринчи карындаштарыма айттык. Алар апама айтса: “Эми эмне кылмак элек, кайра жакшы болгон турбайбы», – деген экен. Ошентип, кызына жолугуп келсин деп атама уруксат да берди. Баарыбыз кубанып жүрөбүз. Апам да: “Кызга ала бар”, – деп эт-чучук камдап, майда-чүйдө салып берип, атамды жөнөттүк. Атам менен кошо аскерде чогу кызмат өтөгөн досу жана карындашым Диана кетти.

Наталья апасы менен

Наталья «атам келет» деп үйүн оңдоп-түзөп, аябай даярданыптыр. Эжем бизге аябай окшош. Мурду чоң атамдын мурдуна куюп койгондой. Беларуссиялык жигитке турмушка чыгып, бир балалуу болуптур. Атамдар ал жакта бир жума жүрүп, 2018-жаңы жылды ошол жактан тосуп келишкен, – дейт Чыңгыз.

Чыңгыз өзү да өткөн жылдын жай айында Москвага футбол боюнча өткөн чемпионатына барып, ошондо эжесине учураша келген. Наталья да ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга келип, Диана сиңдисинин тоюна катышып, ата мекенинде бир жума жүрүп кетиптир.

–  Эжемди  коңшулар  чайга  чакырды. Атамдын он бир тууганы бала-бакырасы менен улам бири коноктоп, сый көрсөтүштү. “Туугандарым  көп  турбайбы»,  –  деп  аябай  сүйүндү.  Карындашымдын  тоюнан кийин кудага да алып бардык. “Аябай сыйчыл экенсиңер”, – деп таң калды. Көрсө, кыргыздарды такыр башкача элестетип келиптир. Ысык-Көлдү көрүп, аябай суктанып, айтып бүтө албай кетти.

Эң кызыгы, атам, чоң атам, бабам соодагер болгон. Наталья да күйөөсү экөө Москвадан кийим алып, аны Брянскиде  сатып  оокат  кылышат экен. Арзаныраак экен деп, бул биздин Бишкектеги «Дордой» базарынан да эки чемодан кийим алып кетти. «Атамды жакшы кара, анын башы ооруйт, дарылансын. Эгер акча керек болсо жөнөтөм», – деп мени да ыйлатты. Кудай буюрса, жайында үй-бүлөсү менен келет деп күтүүдөбүз, – дейт Ч.Абыкеев.