Бакыт Шаршембиев кызматынан кетти

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кызматынан кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.