Өкмөт Кыргыз-орус фонду аркылуу Чехиядан инвестиция тартат

Өкмөт Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу Чехия мамлекетинен инвестиция тартат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анда депутат Алмаз Эргешов өкмөт отчет берип жаткан учурда Чехия жана Кытай менен Кыргыз-Орус фонду сыяктуу фонд түзүү тууралуу сөз болгондугун эске салды.

Олег Панкратовдун айтымында, учурда Кыргыз-Орус фонду менен Чехия ортосунда меморандумга кол коюлду. Ал эми Кытай тарап менен фонд түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жыйында депутаттар аталган фонддун каражаты көбүнчө Чүй облусу менен Бишкек шаарына гана багытталып, аймактарга жетпей жаткандыгын белгилешти.

Вице-премьер-министр болсо фонддун толук кандуу иштеши үчүн кепилдик фонду түзүлгөндүгүн билдирди.