Бүгүн Кыргызстанга Россиянын Бажы кызматынын жетекчиси келет

7-8-июнь күндөрү Кыргызстанга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин келет. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдирди.

Иш сапардын алкагында кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери  менен жолугушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле,  кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын ушул жылдын 17-февралында Москвада өткөн 19-отурумунда кабыл алынган токтомдун аткарылышы талкууланат.

Мындан тышкары, Владимир Булавин иш сапары учурунда Орусиялык гранттардын негизинде ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын ЕАЭБдин шарттарына ылайык келтирүү иштери менен таанышат.