Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: «Манас» эпопеясын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мезгил келип жетти»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Топчубек аба, кыргызда “…баарын коюп  Манасты  айт”  деген  кеп  бар. Анысы кандай, сөздү Манастан баштасак,   Манас  академиясын  түзүү тууралуу идея сизге таандык болсо керек эле.

– Ооба, Манас академиясын түзүү идеясын убагында мен көтөрүп келгем. Бирок, ал идеяга учурунда көңүл бурулбады. Мурдагы президенттин тушунда кайрылгам, аларга Манастын кереги жок экен, айткан сөзүм муздак дубалга тийип, кайра артка кайткан. Анан ушул эле сунуш менен Президент С.Жээнбековго кайрылдым. Ал менин оюмду туура кабыл алды. Болгону мен Манас академиясы түзүлсө деген гана ойдо болгом. Президенттин аппараты “Манаска” Айтматовду кошуп академияга улуттук деген улуу макамды берүүнү туура деп табышты, Президенттин жарлыгы чыкты, жакында Өкмөттүн да токтомуна кол коюлганы турат, анда  “Манас”  жана  Чыңгыз  Айтматов улуттук академиясынын улуттук статусу мамлекеттик мекеме катары аныкталыптыр.

– Мамлекет башчынын жарлыгы “Манас” эпосу баштаган кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөөгө багытталган эмеспи.

– Баарыбызга белгилүү болгондой, “Манас” эпосу БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык Кыргызстан элинин гана эмес, бүткүл адамзаттын да руханий жана тарыхый-маданий дөөлөтүнүн бир бөлүгү болуп таанылган. “Манас. Семетей. Сейтек” эпикалык үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдүү тизмесине кирген. Жөнөкөй тил менен айтканда, “Манас” эпосу бул учу-кыйырсыз океан, миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды камтыган эпопея. Бирок, ал канчалык көз жеткис болбосун, адам акылынын кайталангыс кубулушу катары бааланбасын, дүйнөлүк деңгээлге чыкпай келет.

Гректердин “Илиада” менен “Одиссеясын” бириктиргенде көлөмү жагынан “Манастын” бир гана Саякбай гений айткан вариантынан 20 эсе кичине. Ошондой эле андагы окуялар

жана мезгил анчалык көп эмес убакытты камтыйт, тематикасы да өтө кенен эмес. Анда бир баатырдын аялына башка бир баатырдын бир тууганынын көзү түшүп, ансыз өз жашоосун элестете албай, ал аялды уурдап кетип, согуш оту ошондон тутанат. Бир эси жоктун айынан, бир аялдын айынан цивилизациянын бийик деңгээлине чыккан Троя шаары кыйрайт. Бир сөз менен айтканда бул эпос эрдик менен эси жоктуктун кармашы тууралуу. Анда андан башка адамзатын ойго сала турган масштабдуу көп деле нерсе жок. Индоарийлердин “Махабхаратасында” бхарата уруусуна кирген падышалык эки уруктун – каурава менен пандаванын ортосундагы бийлик үчүн күрөш баяндалган. Бул кан төгүлгөн майданга түндүк Индия мамлекети жана калган дээрлик бардык уруулар катышкан. Албетте, анда башка да окуялар айтылат, бирок негизинен эки уруунун ортосундагы бийлик жана байлык талашуу кыргын согушу чыгарманын өзөгүн түзөт.

Дүйнөнүн мына ушул улуу делген эпосторуна салыштырмалуу “Манас” эпопеясы көлөмү жагынан гана чоң болбостон, андагы окуялар да узак мезгилди жана бир нече муунду, ондогон элдерди камтыйт, эпосто айтылган идея-тематика да бараандуу. “Манаста” – улуттар ортосундагы мамиле тууралуу маселе козголот. Кошуна элдер ынтымакта жашамайын, бүлүнүп, башкалардын таландысында кала турганы, ынтымак, тынчтыктан бийик эч нерсе жок деген идея айтылат. Кыргыз урууларынын гана эмес, бүтүндөй элдердин башын бир туунун алдында бириктирүү, атамекендин – же тагыраагы мамлекеттин территориясынын кол тийгистиги жана бүтүндүгү, элдердин укугу жана эркиндиги сыяктуу глобалдуу маселелер көтөрүлгөн. Олуя Бакайдын ар кандай мамлекеттин, мамлекеттик идеологиясынын чордонун түзгөн: “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө, Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп кетти кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет”, – деген көөнөрбөс сөздөрү биримдик тууралуу идеянын өзөгүн түзөт жана кээде ынтымагы жок кыргыз уруу хандыктарынын ынтымагын, биримдигин даңазалайт. Мына “Манас” эпосу пайда болгондон жүз жылдардан кийин да мамлекеттер ортосунда мамиле, жылуу алака, тынчтыкта жашоо сыяктуу маселелер күн тартибинде турат. Дүйнө элдери бир туунун алдында биригүү үчүн жандалбастап аракет жасап, андан майнап чыгара албай жатат. Ал идеялардын баары мындан миңдеген жылдар мурда “Манаста” айтылган. “Манас” эпосунун кайталангыстыгы ушунда.

– Андагы айтылган идеялар түбөлүктүү деңизчи?

–Албетте, түбөлүктүү. “Манасты” дүйнө элдеринин тилине которуу жана дүйнөлүк желеге  салуу  менен  бирге,  Кыргызстандагы 2400 мектепке, 60 жогорку окуу жайына, жүздөгөн китепканаларга таратуу керек. Мектеп программасына Манастаануу сабагын өз алдынча киргизүүнүн зарылдыгы да мына ушунда.

– Уркаш Мамбеталиевден кийин манасчылар чыкпай калабы, баары жаттап айтып калышабы деген чочуулоо бар эле. Акыркы жылдарда манасчылардын катары көбөйүп баратат?..

– Уркаш абам 2012-жылдын күзүндө бир жыйында: “Мен манасчылардын акыркы могиканымын го”, – дегенде, мен каяша айтып: “Аба, бүгүн да кыргыздын уучу жаш манасчылардан куру эмес, манасчылардын 5 мууну бар. Буюрса, бул улуу өнөр келечекте да уланат деп ойлойм”, – дегем. Адамзаты, анын ичинде кыргыздар илимий-техникалык ачылыштардын туу чокусуна жетсе да, манасчылык өнөрү улана берет деген ишеничим бар. Заманга жараша манасчылардын айтуучулары, аткаруучулары гана эмес, жазма манасчылары да уланып жатат. С.Касмамбетов, Ш.Дүйшеев, Д.Сыдыков баштаган муунду айтсак болот. “Манасты” театрда коюп жатышат. Манас көркөм полотного түшүп жатат. Былтыр Кытайда Жүсүп Мамайдын варианты боюнча опера жазылып, Пекинде жана Нанкинде коюлду. Президент С.Жээнбеков Пекинге барганда операны көрүп, абдан ыраазы болуп, аларды Кыргызстанга чакырды. Буюрса, жакында келет. Ушунун баары “Манастын” чексиздигин далилдөө менен катар, Манас ааламын түзөт. Мурда “Манасты” жалаң кыргыздар айтса, кийин башка улут өкүлдөрүнүн арасынан манасчылар чыкты. Сүрөтчү Теодор Герцен манасчы эмей эмине? Же Асанкан Жуманалиевди алалы. Бул да белгилүү манасчылардын бири катары тарых бетинде калды. Биринин улуту немец болсо, биринин улуту орус болгон. Мына “Манастын” керемети кайда.

“Манасты” башка улуттагылар котормочусуз, эле түшүнүшөт. 1939-жылы Карелияда элдик эпостордун эл аралык фестивалы болуп, Саякбай “Манас” айткан экен. Сакеңе 5 мүнөт бөлүнсө, ал эч шашпай, 17 мүнөт айтыптыр. Кыргызчаны Кыргызстандан барган делегация эле түшүнбөсө, башка элдер кайдан түшүнмөк, бирок Сакеңин “Манасын” залдагылар муюп угуптур. Бирөө туруп басып кетпептир. Зияш Бектенов өзүнүн эскерүүсүндө ошол орошон окуяны жазат эмеспи. 1965-жылы Шекспирдин 500 жылдыгы болуп, атактуу Муратбек Рыскулов Король Лирдин осуят монологун аткарганда, аны залдагылар өз тилинде түшүнүктүү сүйлөп жаткандай кабыл алган экен. Муну айтканым, “Манаска” тил да, башкасы да чек ара болбойт, тоскоолдук да жаратпайт.

– “Манас” академиясы түзүлгөнү жакшы. Арийне, манастаануучулар маселесин кантебиз?

– Бул маселеден чочулабаса болот. Манас таануучулардын чоң тобу бар.

–  Манасты  жаңыча  көз  карашта изилдөө зарыл дегенге кошуласызбы?

–  Ооба,  академияга  жаңыча  ойлонгон, жаңы муундагы Манастаануучулар керек. Эгер дүйнөлүк масштабдан алсак, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө: Германияда, Францияда, АКШ бул эле кошуна Кытайда Манастаануучулар бар, ошолордун башын бириктирген эл аралык бирикме керек. Манастын өзүн гана изилдебей, Манас аталышындагы жер-суу аттарын, алардын кайдан келип чыккан, кайсы өлкөлөрдүн территориясында кездеше турганын да изилдөө керек. Америкада жүргөн бир мекендешибиз интернетке Сиетлге бараткан жолдогу Манас-тоо деген корук тууралуу жазыптыр. Бутанда Манас дарыясы бар. Манас аталыштары Кавказда, Алтайда, Непалда кездешет. Мындан тышкары, УИАнын тарых институту менен бирдикте археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү абзел. Манастын тарыхыйлуулугу тууралуу жетиштүү далилдер болгон менен, анын өзү жетишсиз болууда. Мына ушул кенемтени “Манас“ академиясы толуктайт деген ой бар. Буюрса, академиянын иштей башташы менен Манастаануу жаңы тепкичке көтөрүлө турганы шексиз.