Толкунбек АБДЫГУЛОВ: «Сом валюта рыногунда туруктуу валюталардын катарында»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы Толкунбек АБДЫГУЛОВ менен маек.

– Президент Сооронбай Жээнбековдун быйылкы жылдагы «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында кандай иштер аткарылууда?

– Президентибиздин 2019-жылдагы жарлыгынын негизинде Улуттук Банк Кыргызстанда  накталай  эмес  төлөмдөрдүн  жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын алкагында банктык кызматтын калкка жеткиликтүү болушун камсыздоо багытында жана региондордо банктык инфраструктураны кеңейтүү боюнча ишмердигин жүргүзүүдө. 2019-жылдын 1-апрелине карата өлкөбүздө 1 617 банкомат, анын ичинен 903 банкомат региондордо орнотулган, жалпы 10 419 POS терминал болсо, анын 3 437си региондордо иштеп жатат. Мындан сырткары, учурда 1 783 төлөм терминалы иштесе, анын 1 236сы региондордо колдонууга берилген. Ошондой эле коммерциялык банктар тарабынан 2022-жылга чейин 672 банкомат, 5373 POS терминал, 2033 төлөм терминалы алынышы жана бул банктык жабдуулардын көбү аймактарда орнотулушу мерчемделген.

Аймактарда банктык төлөм картынан нак акча чыгаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана төлөм кызматтарынын жеткиликтүү болуусун кеңейтүү үчүн коммерциялык банктардын бири жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен алыскы аймактарда төлөм картынан нак акча каражаттарын алуу боюнча сынамык долбоор ишке ашырылып жатат. Бул долбоордун алкагында бүгүнкү күндө 188 POS терминал менен алыскы 532 айыл камсыз болгон.

2019-жылдын башынан тарта ушундай эле долбоор ”Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте коммерциялык банктардын бири аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, Нарын облусунда долбоор аркылуу 10 банкомат орнотулган, ал эми 150 POS терминал өлкөнүн облустарында жайгаштырылат. Ошондой эле өлкөнүн региондорунда калктын төлөм кызматтарынан пайдалануусун камсыз кылуу үчүн Улуттук Банк тарабынан укуктук ченемдик актылар кабыл алынып, аларга ылайык коммерциялык банктар төлөм карт аркылуу нак акчаны чыгарып алуу  мүмкүнчүлүгүн  сунуштаган  чекене агенттерди (дүкөндөр, автоунааларга май куючу станциялар ж.б.) ишке тарта алат. Азыркы учурда коммерциялык банктар тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн чекене агенттер менен бул багытта иштерди жүргүзүүдө.

Мындан сырткары Россия төлөм системасы «МИР» жана улуттук төлөм системасы «ЭЛКАРТ» интеграция долбоорун  жүргүзүп,  Кыргызстандын банктары пилоттук тестке катышууда.

– «Түндүк» системасына коммерциялык банктардын  жана  башка  жеке тараптардын кошулуусу үчүн кандай шарттар каралган?

–  Быйылкы  жылдагы жарлыкты  жүзөгө  ашыруу  максатында  Улуттук Банк тарабынан атайы иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Ага ылайык Мамлекеттик электрондук кызмат порталы менен мамлекеттик электрондук төлөм системасынын ортосунда маалыматтык алака түзүү каралган. Мамлекеттик  электрондук  кызмат  порталында  мамлекеттик кызматтан пайдалануу-чуларга  кызматтарды колдонгондугу үчүн акыны  электрондук  түрдө төлөөдө бир катар инструменттер  каралган. 2019  жылдын  1-апрелине карата «Түндүк» ведомстволор  аралык электрондук  өз  ара аракеттенүү  тутумуна жергиликтүү 5 коммерциялык  банк  кошулду.

–  Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкинг кызматтарын аймактарда камсыз кылуу  боюнча  жүргүзүлгөн  иштер тууралуу айтып берсеңиз?

– «Элкарт» улуттук төлөм картынын ээлери үчүн «Элкарт Мобайл» тиркемеси иштелип чыккан. Анын жардамы аркылуу үйдөн чыкпастан, банктын бөлүмүнө барып, банкомат издеп убара болбостон эле төлөмдөрдү («Коопсуз шаар» долбоору боюнча айыптык төлөмдөрдү, коммуналдык кызматтар, интернет, телефон байланышы үчүн төлөөлөр, электрондук патентке төлөө ж.б.) дароо төлөө ыңгайы жөнгө салынган. «Элкарт» системасынын ичинде карттан картка которууларды да ишке ашырууга болот. Пайдалануучу банктык эсепти 24/7/365 режиминде төлөмдөрдү ыңгайлуу жүргүзүү үчүн аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр аркылуу колдонсо болот (Уюлдук банкинг, Интернет-банкинг, Үй банкинг). Бул кызматты бардык банктык эсеби бар жана төлөм карттардын ээлери колдоно алат. Азыркы мезгилде Уюлдук банкинг кызматын 25 банктын ичинен 9 коммерциялык банк сунуштайт, алардын тарифы 0-5 сомго чейин каралган.

2019-жылдын 1-мартынан тартып «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому тарабынан QR-кодду (эки ченемдүү  штрих-код)  пайдалануу  менен «Элкарт  Мобайл»  уюлдук  тиркемеси  аркылуу төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча долбоор колдонууга киргизилген, бул соода түйүндөрүнө уюлдук телефон аркылуу нак эмес формада төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул продукт эч кандай инвестицияны талап кылбагандыктан, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө өбөлгө болот. QR-код төлөө кызматы менен сүрөткө тарткан камерасы бар бардык телефон аркылуу ийгиликтүү колдонууга болот.

Бирок, мындай технологияларды толук ишке ашыруу үчүн сапаттуу интернет байланышы болуусу шарт. Ал эми иш жүзүндө көрүнүп тургандай, сапаттуу интернет байланышы бардык эле жерде боло бербейт. Анткени бардык аймактар сапаттуу уюлдук телефон байланышына ээ эмес. Ошондой эле, азыркы учурда электрондук капчыктар аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Электрондук акчанын эмитенти болуп тогуз коммерциялык банк саналат, буга байланыштуу электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн тогуз системасы иш алып барат.

– Өлкөбүздүн өнүгүшү экономикадан көз  каранды  эмеспи.  Бүгүнкү  күндө Улуттук Банктын экономикабыздын өсүшүнө кошкон салымы канчалык?

–Албетте, Улуттук Банктын мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө жана туруктуулугуна кошкон салымы зор деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени 2015-2018-жылдары бизде инфляциянын жылдык орточо көлөмү 1,7 пайызды түзгөн. Инфляциянын акыркы жылдардагы көрсөткүчү сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктайт. Эгерде, валюта саясатын карай турган болсок, 2018-жылы сомдун долларга карата курсу 1,5 пайызга эле жогорулап, акыркы жылдары сом валюта рыногунда туруктуу валюталардын катарына кирген. Ал эми улуттук валютанын туруктуу сакталышы Кыргызстанда экономикалык жана фискалдык саясатты ийгиликтүү жүргүзүүгө өбөлгө болгон. Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит  саясаты  өлкөбүздөгү  кредиттердин, депозиттердин көлөмүн жогорулатууга жана кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүүгө багытталган, натыйжада аталган көрсөткүчтөр алгылыктуу динамиканы көрсөтүүдө. 2015-жылдын аягынан тартып 2019-жылдын март айынын акырына чейин банктардын улуттук валютадагы кредиттик портфели 42,2 млрд. сомдон 81,2 млрд сомго чейин көбөйгөн, орточо чен 22,8 пайыздан 17,7 пайызга чейин төмөндөсө, улуттук валютадагы депозиттик база 35,4 млрд. сомдон 76,3 млрд. сомго чейин көбөйгөн. Мындай көрсөткүчтөр Кыргызстандын банк секторунун өнүгүүсүн жана ага болгон ишенимдин жогорулагандыгын айгинелейт. Улуттук банк экономиканын приоритеттүү тармактарынын өнүгүшүнө финансылык колдоо көрсөтүү жана аймактардын өнүгүшүнө салымын кошуу үчүн кредиттик аукциондордун алкагында банк системасына кредиттик ресурстарды сунуштап келет. Эгерде Улуттук Банк тарабынан сунушталган кредиттер боюнча 2017-жылдан берки маалыматка токтолсок, бул жылда сунушталган жалпы кредиттик каражаттын көлөмү 18,9 млрд. сомго барабар болуп, аукциондордун жыйынтыгы боюнча бекитилген сумма 4,8 млрд. сомду түзгөн. 2018-жылда Улуттук Банк кредиттик аукциондордун алкагында сунуштаган каражаттардын жалпы суммасы 12,0 млрд. сомду, ал эми бекитилген көлөм 3,0 млрд. сомду түзгөн.

2019-жылдын 1-январынан 6-майга чейин Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондордо коммерциялык банктарга сунушталган каражаттын жалпы көлөмү 13,5 млрд. сомду, ал эми аукциондордун жыйынтыгы боюнча бекитилген көлөм 1,26 млрд. сомду түзгөн.

Ошондой эле, Улуттук банк көмүскө экономиканын өнүгүшүнө жол бербөө боюнча тынымсыз иш алып барат. Бүгүнкү күндө Улуттук Банк 2018-2022-жылдарга каралган нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын үчүнчү баскычын ишке ашыруу да. Натыйжада, жаңы финансылык кызматтар сунушталып, жарандардын нак эмес төлөмдөр менен  ишке  ашырган  операцияларынын көлөмү да бүгүнкү күндө өсүшкө ээ болууда. Аймактарда социалдык төлөмдөрдү банктык карточкаларга которуу долбоору ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, Улуттук Банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирге калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаны ишке ашырууда көптөгөн окутууларды, семинарларды, тегерек столдо пикир алмашууларды жана башка иш-чараларды өткөргөн. Финансылык сабаттуулук боюнча жаңыртылган www.finsabat.kg интернет сайты жакында ишке кирди. Улуттук банк өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу менен бирге Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды дайыма аткарып келет.